Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-марты № 2292-VI
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы № 1407-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы № 1407-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-пунктта:
- экинчи абзацтагы "комитеттин төрагасынын орун басары" деген сөздөр "комитеттин мүчөсү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- алтынчы абзацтагы "М.Абдылдаев" деген сөздөр "К.С.Дыйканбаев" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацтагы "Ж.Ш.Эгамбердиева" деген сөздөр "Б.У.Салиев" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |