ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 5-апрелиндеги № 1477-VI «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция05.04.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 5-апрели № 1477-VI

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мурдагы депутат Жылкыбаев Узарбек Казиевич - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.

2. КСДП парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Керезбеков Канат Керезбекович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

  

Төрага

Ч. Турсунбеков