Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 1107-VI
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" № 215 токтомуна ылайык 2016-жылдын 12-октябрындагы абал боюнча бюджеттик мекемелер тарабынан 87,9 миң тонна (учурдагы пландан 92,8%), калк тарабынан 400,7 миң тонна (учурдагы пландан 112,85%) көмүр даярдоо камсыздалган.
"Кыргызкөмүр" МИси 2016-жылдын январь-сентябрында 943,6 миң тонна көмүр, анын ичинде түндүк регион боюнча - 385,2 миң тонна, түштүк регион боюнча - 558,4 миң тонна көмүр казылган. Бүтүндөй алганда, республика боюнча 2015-жылга салыштырганда көмүр казып алуу 239,8 миң тоннага төмөндөгөн.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 504 отун базасы жана көмүр сатуу пункттары иштейт.
"Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИси тарабынан 2016-жылдын 12-октябрындагы абал боюнча 25,32 миң тонна көмүр (учурдагы пландан 110,04%), жагылуучу мазут - 11,064 миң тонна (97,3%) даярдалып, ведомстволук караштуулуктагы казандарды отундун альтернативдүү түрлөрүнө (көмүргө, жаратылыш газына) которуу боюнча 2015-2018-жылдардын мезгилине карата келечектүү план иштеп чыгылган.
"Бишкекжылуулукэнерго" КИси тарабынан 2016-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 6,093 миң тонна көмүр даярдалып, жылуулук мезгилине карата бардык 60 казандары даяр болгон.
2016-жылдын 1-январынан 1-августуна чейин жаратылыш газын алып келүү 147,2 млн. куб метрди, анын ичинде: "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы тарабынан (GazpromSchwizAG компаниясы) 144,8 млн. куб метрди, "Кыргызмунайгаз" ААКсы тарабынан 2,4 млн. куб метрди түзгөн.
2016-жылдын 11-октябрына карата абал боюнча Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги көмүрдүн калдыгы 284,6 миң тоннаны (2015-жылы - 289,3 миң тонна), жагылуучу мазуттун запасы 4,982 миң тоннаны (2015-жылы - 5,2 миң тонна), Ош шаарынын ЖЭБиндеги жагылуучу мазуттун запасы 7,512 миң тоннаны (2015-жылы - 16,45 миң тонна) түзөт.
"Бишкекжылуулуктармагы" ААКсы боюнча 2016-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча оңдоо иштери 102,06 млн. сомго аткарылган. Үйлөрдүн ичиндеги жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо системасын техникалык тейлөөгө келтирилген чыгымдар 63,652 млн. сомду (110%) түзгөн. Сатылган жылуулук энергиясына акы төлөөлөр 1274,22 млн. сомду түзгөн.
Маданият мекемелери (60,3%), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (43,4%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (21,6%), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (81,1%), Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мекемелери (ММКФ) (57,4%), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу баштапкы орто жана кесиптик билим берүү агенттиги (БОКБ) (24%) боюнча көмүр алып келүү графигинен артта калуу белгиленет.
Ош (56,3%) жана Баткен (77,3%) областтары жана Бишкек (82,4%) шаары боюнча калк үчүн көмүр даярдоонун учурдагы планынан артта калуу өзгөчө белгиленет.
2016-жылдын 1-апрелине карата абал боюнча Токтогул суу сактагычынын гидроресурстарынын көлөмү 8,9 млрд. куб метрди (2015-жылы - 6,4 млрд. куб метр), 2016-жылдын 11-октябрында - 17,582 млрд. куб метрди (2015-жылы - 13,036 млрд. куб метр) түзгөн.
2016-жылдын 9 айынын ичинде электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 8,65 млрд. киловатт саатты, анын ичинде ЖЭБде - 1140,7 млн. киловатт саатты, ГЭСте - 7514,7 млн. киловатт саатты (2015-жылы - 7475,0 млн. киловатт саат) түзгөн.
"Чакан ГЭС" ААКсы тарабынан 2016-жылдын 8 айынын ичинде 123,77 млн. киловатт саат (ыкчам), (2015-жылы - 98,72 млн. киловатт саат) иштелип чыгылган.
2016-жылдын апрель-июнь айларынын мезгилинде Казакстан Республикасынан 133,163 млн. киловатт саат көлөмүндө (киловатт саатына/9 теңге) электр энергиясынын импорту жүзөгө ашырылган.
2016-жылдын 4-августунан 28-августуна чейинки мезгилде Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин алкактарында өз ара алмашуу максаттарында Казакстан Республикасына 197,5 млн. киловатт саат көлөмүндө электр энергиясынын экспорту жүзөгө ашырылган.
2016-жылдын январь-сентябрында бөлүштүрүүчү электрэнергетикалык компаниялардын (мындан ары - БЭК) тармактарына 7175,7 млн. киловатт саат электр энергиясы келген. Берилген электр энергиясы үчүн акы төлөө 8589,8 млн. сомду (104,1%) түзгөн.
2016-жылдын январь-сентябрында авариялык өчүрүүлөрдүн саны 5093 учурду, БЭКтин тармактарындагы электр энергиясынын жоготуулары 2016-жылдын январь-сентябрында 880,3 млн. киловатт саатты (12,3%), 2015-жылы - 1067,8 млн. киловатт саатты) (14%) түзгөн.
Белгиленген ченемден тышкары жоготуулар "Чыгышэлектр" ААКсы боюнча (1,1%) жана "Түндүкэлектр" ААКсы боюнча (0,5%) байкалат.
2016-жылдын 1-октябрына карата электр энергиясын керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 1407,4 млн. сомду, анын ичинде: калк боюнча - 620,7 млн. сомду, бюджеттик уюмдар боюнча - 303,1 млн. сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өз мезгилинде каржылабагандыгынан улам түзүлгөн керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн жана Бишкек шаарынын ЖЭБнин аймагындагы 618,6 тонна көлөмүндөгү радиоактивдүү көмүрдү жок кылуу боюнча бюджеттик уюмдардын жазапул санкцияларын жана туумдарын реструктуризациялоо жаатында 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 56-VI токтомунун аткарылбашы белгиленет.
Ошондой эле Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын, Камбар-Ата-2 ГЭСинин республиканын электр энергиясына болгон керектөөлөрүн жабуу үчүн зарыл жаңы генерациялык кубаттуулуктарын киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун кечигип жатышы да көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2016/2017-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берген маалыматты эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. 2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилине карата отун даярдоо жана "коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр" беренеси боюнча министрликтерди, ведомстволорду отун жана каржылоо маселелерин камсыздоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши канааттандыраарлык деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилинде энергосистеманын туруктуу иштөөсүн жана керектөөчүлөрдү электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылсын;
министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан отун даярдоо графигинин, электр энергиясын жана кубаттуулугун керектөөнүн белгиленген лимиттеринин сакталышын, керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн өз учурунда акы төлөөлөрдүн аткарылышын камсыздасын;
ресурстардын, кирешелердин жана бюджеттик чыгашалардын ар бир ай сайын финансылык планына ылайык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн "2016-жылга республикалык бюджет жана 2017-2018-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган финансы каражаттарынын бөлүнүшүн толук көлөмүндө жүзөгө ашырсын;
ыңгайсыз жаратылыш-климаттык бийик тоолуу шарттарда жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн үстүбүздөгү жылга компенсацияларды өз учурунда берүү боюнча чараларды көрсүн;
энергия менен камсыздоо ишканалары тарабынан туумдардын чегерүүлөрүнө жол бербөө максатында "коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр" беренеси боюнча бюджеттик мекемелерди өз мезгилинде каржылоо боюнча тез арада чараларды көрсүн;
жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүүнү тездетсин.
4. Өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет:
республиканын энергосистемасынын Борбордук Азиянын бириктирилген энергетикалык системасынын курамында туруктуу катарлаш иштөөсүн камсыз кылсын;
электр жана жылуулук энергиясынын керектөөчүлөрүн авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрсүн;
керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн абоненттердин өз мезгилинде акы төлөөлөрүн камсыз кылсын;
2016-жылга уюштуруу - техникалык иш-чаралардын планына ылайык энергияны үнөмдөө жана электр энергиясынын жоготууларын азайтуу боюнча максатка багытталган иштерди туруктуу жүзөгө ашырсын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 215 токтомуна ылайык Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Ош региондоруна көмүр жөнөтүү боюнча чараларды тезинен кабыл алсын;
2015-2018-жылдардын мезгилине карата келечектүү планга ылайык Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИсинин электр казандарын отундун альтернативдүү түрлөрүнө которуу боюнча иштерди туруктуу жүзөгө ашырсын;
Казакстан Республикасынын Кулан көмүр кенинен алынып келинген Бишкек ЖЭБнин аймагындагы радиоактивдүү көмүрдү жок кылуу боюнча чараларды тез арада көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.Алимбеков |