Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-ноябры № 1134-VI
"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 24-августундагы № 457 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) төмөндөгү чараларды кабыл алсын:
"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин, фракцияларынын жана депутаттарынын сунуштарын аткаруу боюнча жана аларды Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетине карата өзгөртүүлөрдүн долбоорунда карасын (№ 1, 2-тиркемелер);
"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштарын аткаруу боюнча;
таза суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүүгө каралган каражаттардын көлөмүн көбөйтүү боюнча;
саламаттык сактоону каржылоого (трансплантацияланган органдары бар адамдарды колдоого, гемодиализди, онкологиялык дарылоону, ВИЧ жана туберкулёзду) каралган каражаттардын көлөмүн көбөйтүү боюнча;
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна төмөндөгүдөй айрым тиркемелерди киргизүү боюнча:
- мамлекеттик сатып алуулардын тизмегин;
- аталган аймактардагы курулуштардын зарылдыгын негиздөө, социалдык объектилердин (билим берүүнүн, саламаттык сактоонун, спорт объектилеринин жана ж.б.) стандарттарынын талаптарына ылайык калктын керектөөлөрүн камсыздоо зарылдыгын негиздөө менен "капиталдык салым" беренеси боюнча каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин тизмегин;
2012-2016-жылдары толук көлөмүндө каржыланбай калган социалдык объектилердин курулушун акыр-аягына чейин бүткөрүү үчүн 8,7 млрд. сом суммасында кошумча каражаттарды издеп табуу боюнча;
аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, эмгекке жарамсыз жарандарга, кош бойлуу жана төрөгөн аялдарга мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө 2016-жылы пайдаланылбай калган 115,0 млн. сом өлчөмүндөгү суммаларды калыбына келтирүү боюнча;
аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү жана ведомстволук караштуулуктагы уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине (тизмегине) аларды каржылоонун стандарттарын иштеп чыгуу менен республикалык бюджеттен каржылануучу жарым стационардык мекемелердин жана уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн киргизүү боюнча;
аныктоо жана пайдалануу усулдарынын (формуласынын) ачык-айкындуулугун камсыздоонун эсебинен теңдештирүүчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоону өркүндөтүү боюнча;
республиканын укук коргоо органдарынын бюджеттеринин жашыруундуулук режимин жокко чыгаруу боюнча;
аткаруу бийлигинин бардык органдарын программалык бюджеттөөгө өткөрүү боюнча;
республиканын бюджетинин ачык-айкындуулук индексин жогорулатуу боюнча мамлекеттик чараларды иштеп чыгуу боюнча;
2) төмөндөгү маселелерди карасын:
укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан азык-түлүк пайкасынын өлчөмүн жогорулатуу;
уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн көбөйтүү;
- эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн тышкы мигранттар тарабынан - жылына 50,0 миң сомго чейин, бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 400,0 млн. сомдон кем эмес көбөйтүүгө өбөлгө түзөт;
- алкоголдук продукцияларды сатуу үчүн;
Кыргыз Республикасына келген жарандарды чек арадан контролдоо үчүн жабдууларды сатып алуу;
саламаттык сактоо объектилеринин (бейтапканалардын, клиникалардын, стационардык мекемелердин) аймактарында аларды ижарага алгандыгы үчүн акы төлөө өлчөмдөрүн, дары-дармек каражаттарынын баасын оптималдаштыруу максаттарында сатылуучу дары-дармек каражаттарынын баасын башка жерлерде жайгашкан ушуга окшош субъектилерге салыштыруу менен анализдөө аркылуу аптекаларды инвентаризациялоону жүргүзүү;
- формалдуу эмес эмгек рыногун өнүктүрүүнү, ЕАЭБге кирүүнү, эмгек миграциясын жана калктын картаюу тенденциясын эске алуу менен пенсиялык камсыздандырууну реформалоо;
- республикалык бюджетте каралган пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка төлөмдөрдү ал мамлекеттик органдардын каражаттарынан төлөөдө бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу жана аларды маанилүү иш-чараларга пайдалануу максаттарында киреше салыгын жана социалдык төгүмдөрдү төлөөгө өткөрүүнү камсыздоо менен мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин "аскер кызматчысы" статусун жокко чыгаруу;
- эмгекке акы төлөөнүн бирдиктүү ставкаларын кызмат орундарынын квалификациясынын жана иерархиясынын деңгээлине жараша ылайык келтирүүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын кошуп алганда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөлөрдү оптималдаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында "башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" беренеси боюнча бюджеттик каражаттардан жүргүзүлгөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды 20 пайыздан кем эмес жүзөгө ашыруу;
3) төмөндөгүлөрдү иштеп чыксын:
- 2017-жылдан тартып 2019-жылды кошуп алгандагы мезгилге карата укук коргоо органдарынын кызматкерлерине эмгек акыларын жогорулатуунун концепциясын;
- "капиталдык салым" беренеси боюнча каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо тизмегине киргизүү үчүн объектилерди тандоо критерийлерин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага |
| Ч.Турсунбеков |
|
| "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 1134-V токтомуна № 1 тиркеме |
Комитеттердин аталыштары | Сын-пикирлердин жана сунуштардын мазмуну | Сумма, млн. сом |
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментине төмөнкүдөй кошумча каражаттар каралсын: |
|
- ичүүчү суу менен камсыздоо системасына; | 500,0 | |
- канализация системасын реабилитациялоого жана курууга; | 1185,0 | |
ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегине киргизилсин, бул кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган каражаттарды республикалык бюджетке чегерүү жөнүндө маселе иликтелсин жана чечилсин; Сосновка жана Талды-Булак айылдык округдарында ичүүчү суу менен камсыздоо объекттеринин долбоордук-сметапык документтерин даярдоо жана куруу үчүн каражаттар каралсын; Сосновка жана Талды-Булак айылдык округдарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүлсүн; - ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишкананы түзүүдө; - ичүүчү суу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүүдө жана аларды баланска коюуда; - жергиликтүү коомдоштукка ичүүчү суунун эсептегичтерин орнотууда; ичүүчү суунун насостук станциялары үчүн электр энергиясына тарифтерди төмөндөтүү маселесин карасын; Кара-Балта өзөнүн айланасында экологиялык жана санитардык шарттарды текшерсин; Кара-Балта шаарына жакын жерден мүрзө жайгашкан участоктун ордуна мусулман мүрзөсү үчүн 15 га өлчөмүндө башка участок бөлүп берүү маселесин карасын; Талды-Булак айыл округундагы Самудин атындагы орто мектептин спорттук комплексин куруу боюнча чараларды көрсүн; |
| |
Кардиология жана хирургия бөлүмдөрүнө лифт орнотуу үчүн 5,0 млн. сом Жайыл округунун бириктирилген ооруканасынын реанимация бөлүмүн оңдоо үчүн - 3,7 млн. сом бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин | 8,7 | |
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мыйзам долбооруна карата сын-пикирлерди четтетүү боюнча чараларды көрсүн; төмөнкүдөй каражаттар бөлүнсүн: - кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын эмгегине акы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине; |
|
- нормалдуу лабораториялык шарттарды түзүү жана соттук далилдерди изилдөө, химиялык реактивдерди, материалдарды сатып алуу үчүн (материалдарды, заттарды жана буюмдарды, көрмө жана укма жазууларды, компьютердик-техникалык, автоматтык, жарылуучу-техникалык, баллистикалык, кол тамгалык экспертизаларды криминалисттик экспертизалар үчүн) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борборуна; | 6,8 | |
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын функцияларын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине; | 270,0 | |
жетекчилердин жана кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмүн айрым ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) кошума каражаттарды карасын | 26,1 | |
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет | Төмөнкүдөй кошумча каражаттар бөлүнсүн: |
|
- Башкы прокуратурага; | 574,4 | |
- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына; |
| |
- Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына; | 2007,7 | |
- Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына; | 13,1 | |
укук коргоо органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк пайынын өлчөмүн жогорулатсын; |
| |
төмөнкүлөр үчүн каражаттар каралсын: | 6,8 | |
- Баткен жана Талас областтарындагы тергөө изоляторлорун курууга; - эркиндигинен өмүр боюу ажыратылып соттолгон адамдарды кармоо үчүн Жаңы-Жер айылындагы № 19 өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясынын курулушун бүткөрүүгө; |
| |
-диний экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон адамдарды бөлүп кармоо үчүн локалдык участкалардын курулушун бүткөрүүгө; |
| |
- Талас шаарында Талас ИИБине бөлүнгөн участкада Талас областы боюнча ИИБ, МУККБ жана МПКБ кызматкерлери үчүн турак үйдүн курулушуна | 15,0 | |
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет | Төмөнкү каражаттар кошумча бөлүнсүн: |
|
- "Эмгек акы" жана "Соцфондго чегерүү" беренелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына; | 43,5 | |
- "Эмгек акы", "Соцфондго чегерүү", "Ижара акы", "Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу", "Чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу" беренелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына; |
| |
-"Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине; | 0,4 | |
Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайынын жаңы имаратын курууга каражаттар каралсын; | 10,0 | |
"Машиналар жана жабдуулар" беренеси боюнча каралган каражаттардан ден соолугу чектелген балдар үчүн окуу китептерин сатып алууга 3,0 млн. сом Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бөлүнсүн; | 100,0 | |
линиялык тездеткичти сатып алуу үчүн Онкология улуттук борборуна; |
| |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына 2017-жылга бюджеттик каражаттардын эсебинен 118329,3 миң сом суммасында, атайын каражаттардын эсебинен 70370,0 миң сом суммасында чыгашалар белгиленсин | 238,0 | |
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет | Курулуш жана реконструкциялоо тизмегине киргизүү үчүн "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча финансылануучу объекттерин тандап алуу критерийлерин иштеп чыксын; отчеттук жылдагы мамлекеттик органдардын бюджеттик каражаттарынын пайдаланылбаган калдыктарын 2017-жылга бюджетте карасын; бюджеттин аткарылышынын жүрүшүндө чыгашаларды финансылоодо кварталдар аралык бюджеттик ассигнованиелерди кайра бөлүштүрлөрдү кыскартуу боюнча чараларды көрсүн; Евробирликтин "кара тизмесинен" чыгуу боюнча маселелерди чечүүнү тездетүү үчүн жарандык авиация агенттигине кошумча финансылык каражаттарды карасын; "Манас" авиабазасынын Коалициялык күчтөрүнүн аба кемелерин тейлөө үчүн "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына компенсацияларды төлөөнү тездетүү боюнча чараларды көрсүн; төмөнкү каражаттарды кошумча карасын: Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине; МТМК жана СКР караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигине; |
|
МТМК жана СКР караштуу Мамлекеттик фельдьегердик кызматына; | 270,9 | |
жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине, анын ичинде: | 93,0 | |
КРТжЖМ борбордук аппаратына; КРТжЖМ караштуу Жол чарба департаментине (аппарат); |
| |
КРТжЖМ караштуу Жол чарба департаментине (ведомстволук караштуулуктагы мекеме); | 145,5 | |
КРТжЖМ караштуу Автомобиль жана суу транспорту мамлекеттик агенттигине (ведомстволук караштуулуктагы уюм); | 32,4 | |
Жарандык авиация агенттигине; | 255,5 | |
Шаар куруу документтерин камсыз кылуу үчүн "Ижаралык акы" жана "Машиналар жана жабдуулар" беренелери боюнча КРӨ караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык мамлекеттик агенттигине; | 3,1 1,7 | |
дамбаларды куруу жана Куршаб өзөнүнүн каптап кетүүсүн болтурбоо максатында Ош областынын Сузак районунун Жаңы-Арык айылында кошумча каналды бекемдөө иштерин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине; | 188,1 1,5 | |
Үчбай - Акчабуу; Төө-Моюн - Осор - Жаңы-Арча автожолдорунун участкаларын; Өзгөн - Заргер; Көк-Жар - Кызыл-Кыя; Додон - Салиева - Абширсай 4 км автожолдорун реконструкциялоону; 5300 км аралыктагы Үч-Коргон - Саувай; Ош - Кызыл-Суу жана 350 метр аралыктагы Жаңы-Арык - Правда автожолдорун (Ош жана Баткен областтары), ошондой эле Чүй областынын Токмок шаарындагы 2,2 км аралыктагы Сарбагышев көчөсүн асфальттоого финансылоону карасын | 6,1 55,0 2,0 | |
Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет | 01.01.2017-жылдын абалы боюнча Кыргыз Республикасынын минералдык сырьелук базасын өнүктүрүүгө арналган атайын эсептеги акча каражаттарынын алдыгын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тескөөсүндө калтырсын; |
|
калкка жылуулук энергиясы боюнча сарптоолорду компенсациялоого 2017-жылга 1536,9 млн. сом суммасында субсидиялар "Кыргызжилкоммунсоюз" МИ карасын жана 99,9 млн. сом суммасындагы кайтарымсыз карыздарды реструктуризациялоо жөнүндө маселени карасын | 199,2 | |
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет | Өкмөт Кыргыз Республикасына жана Кыргыз Республикасынан темир жолу боюнча жүктөрдү ташууда Казакстан тарабынан каттамдардын (ички республикалык, экспорттук, импорттук) түрлөрү боюнча тарифтерди колдонууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карасын жана материалдарды МУКК ККК өткөрүп берсин; 2015-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн сунуштамалардын аткарылышын камсыз кылсын; бюджетке салык, бажы жана башка түшүүлөрдү администрациялоо боюнча иштерди күчөтсүн; Кыргыз Республикасынын 2017-2019-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун салык саясатында көрсөтүлгөндөй салык төлөөчүлөрдүн жеңилдетилген категорияларынын туруктуу негизде салык отчетун берүү милдеттерин белгилөө жолу менен салык преференциясын кыскартуу жана алардын натыйжалуулугунун мониторингинин системасын түзсүн; Эсептөө палатасынын корутундусунда баяндалган сын-пикирлерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекстин колдонууга киргизүүгө ылайык алынуучу атайын каражаттардын түшүү бөлүгүндө кирешелер боюнча бюджеттин долбоорунун суммаларын карасын |
|
"КСДП" фракциясы | Төмөнкүлөргө каражаттарды бөлсүн: "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК МКК тарабынан иштелип чыккан чакан жана орто бизнести колдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү фондуна кайра түзүү боюнча концепцияны финансылоого; коопсуз шаар долбоорун ишке ашырууга; Талас районунун Кара-Суу айылдык аймагындагы балдар бакчасынын курулушун бүткөрүүгө 900,0 миң сом; Арал айылындагы балдар бакчасына 400 миң сом, Бекмолдо айылындагы балдар бакчасына 2,0 млн. сом; Жалал-Абад областынын Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын дем берүүчү (үлүштүк) гранттарына квоталарды көбөйтсүн; чек араларды делимитациялоого 39,0 млн. сом өлчөмүндө каражаттардын натыйжалуу пайдалануусу жөнүндө маселени карасын; төмөнкү маселелерди чечсин: А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет академиялык театрынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү көбөйтүү; |
|
Жумгал районунун Чаек айылы аркылуу 5 км борбордук жолду реконструкциялоо; | 35,0 | |
Жумгал районунун Чаек айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу; | 24,0 | |
Жумгал районунун Таш-Дөбө айылдык аймагынын Түгөл-Суу өзөнүндө сыйымдуулугу 12 млн. куб метр суу сактагычты куруу; | 73,0 400,0 | |
Баш-Кууганды айылдык аймагындагы суткалык жөнгө салуу бассейни (мындан ары - СЖБ) боюнча курулуш иштерин бүткөрүү; | 55,0 | |
Кызыл-Жылдыз айылдык аймагындагы Кара-Дөбө участкасында көлөмү 120 млн. куб метр СЖБ куруу; | 90,0 | |
Көк-Ой айыл аймагындагы Таргыл участкасында көлөмү 130 миң куб метр СЖБ куруу; | 90,0 | |
Жумгал районунун Кабак айылдык аймагындагы авариялык абалды турган Орозалиев атындагы орто мектеп үчүн жаңы имаратты куруу; Жумгал районунун Түгөл-Сай айылдык аймагынын Эпкин айылындагы Акун Садырбаев атындагы мектеп үчүн 120 орундуу жаңы имаратты куруу; |
| |
Жумгал районунун Кен-Суу айылын электрлештирүү; | 0,5 |
Жумгал районунун Чаек айылындагы К.Акыев атындагы Жумгал музыкалык драм театрынын жаңы имаратынын курулушу үчүн смета даярдоо |
|
|
| "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 1134-V токтомуна № 2 тиркеме |
КР ЖКнын депутаттары | Сын-пикирлердин жана сунуштардын мазмуну | Сумма, млн. сом |
Д.Д.Бекешев | Бишкек жана Ош шаарларынын көзү көрбөгөн жана начар көргөн балдар окуган эки мектебинин китепкана фондун жаңылоо максатында окуу куралдарын сатып алуу чыгымдарына 3,0 млн. сом өлчөмүндө каражаттарды көбөйтүү; | 3,0 |
Кыргыз Республикасынын сокурлар жана дүлөйлөр коому үчүн тифло-сурдо - приборлорду сатып алуу максаттарында бөлүнгөн каражаттарды алып салсын жана спорттук залдардын жана объектилердин, спорттук-ден соолукту чыңдоочу курулушуна 15,0 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттарды багыттасын; | 15,0 | |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборундагы медициналык жабдууларды жаңылоого 2,0 млн. сом бөлүү | 2,0 | |
Ж.А.Бакчиев | Төмөнкүлөргө каражаттарды бөлүү: |
|
- Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл аймагындагы Тилекмат аймагына тиешелүү спорттук комплексти курууга; | 49,1 | |
- Ысык-Кол областынын Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл аймагынын Ак-терек аймагындагы кичи футбол менен алектенүү үчүн спорттук аянтча курууга | 3,8 | |
Б.Ж.Жетигенов | Төмөнкүлөргө каражаттарды бөлүү: - Чүй районунун Искра айылындагы 180 орунга эсептелген бала-бакчанын эки кабаттуу имаратын сатып алууга; - Токмок шаарындагы Сарбагышев атындагы көчөнүн 2,2 км жолун капиталдык оңдоого | 5,5 |
К.М.Жумалиев | Төмөнкүлөргө каражаттарды бөлүү: |
|
- Жалал-Абад областынын Аксы районунун Тегене айылындагы жаңы спорттук залдын курулушуп аяктоого; | 1,4 | |
- Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Райкомол айылында жаңы спорттук залды жана чечинүүчү бөлмөлөрдү курууга; | - | |
- Жалал-Абад областынын Аксы районунун Шынаа айылында жаңы спорт залы үчүн чечинүүчү бөлмөлөрдү курууга; | 1,4 | |
- Жалал-Абад областынын Аксы районунун Ак-Жол айылында 50 орундук бала-бакча курууга | 15,5 | |
Т.З.Зулпукаров | Төмөнкүлөргө каражаттарды бөлүү: - Ош областынын Араван районунун Октябрь айылы аркылуу өтүүчү Араван-Маңгыт жолунун 8 километрдик кесиндисин (3 километрден 11-километрине чейин) асфальт төшөөгө; - Ош областынын Ноокат районунун мамлекеттик администрациясы үчүн кызматтык автомобиль сатып алууга; |
|
- 2014-жылы бүткөрүлгөн иштер үчүн "Бабур-Курулуш" ЖЧКсынын алдында Ош областтык курулуш башкармалыгынын карызын төлөөгө | 2,77 | |
М.Э.Мавлянова | Ош областынын Ноокат районунун Беш-Буркан айылынын ортосунан өтүүчү суу аркылуу көпүрөнүн курулушуна каражат бөлүү |
|
А.Т.Мамашова | Улуттук онкология борбору үчүн линиялык тездетүү жабдуусун сатып алууга каражат бөлүү | 241,5 |
М.Ж.Мискенбаев | Талас областынын Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылындагы орто мектептин курулушун аяктоого каражат бөлүү | 26,6 |
А.Э.Самигуллина | Нейонаталдык скринингдик тубаса гипотериозду киргизүү үчүн реактивдерди сатып алууга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине кошумча каражаттарды бөлүү; | 40,0 |
Төмөнкүлөргө каражат бөлүү: |
| |
- кант диабети менен ооругандар үчүн диабетке каршы дары-дармек препараттарын жана каражаттарды сатып алууга; | 100,0 | |
- КТФ менен финансылык кызматташуу программасынын алкактарында Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы шаардык оорукананын курулушун аяктоого | 59,3 | |
Ч.А.Султанбекова | Баткен областынын Кадамжай районунун Лангар жана Кызыл-Булак айылдарындагы суу ташкындарынын кесепеттерин жоюунун биринчи кезектеги маселелерин чечүүгө каражат берүү | 23,0 |
А.Л.Юсуров | Чүй областынын Москва районунун Александровка айылындагы 50 орундуу бала-бакчанын курулушун аяктоого каражат бөлүү жана республикалык бюджеттен каржыланууга жаткан объектилердин тизмесине киргизүү |
|
Б.К.Райымкулов | Чүй областынын Панфилов районунун ЦОВПсынын төрт кабаттуу имаратындагы лифтини калыбына келтирүү үчүн каражат бөлүү | 5,0 |
У.Б.Примов | 2017-жылы республикалык бюджеттен каржыланууга жаткан объектилердин тизмегине төмөнкүлөрдү киргизүү: Ош областынын Алай району боюнча: - Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Арпа-Тектир айылындагы 250 орундуу Арпа-Тектир атындагы орто мектепти; - Жошолуу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылындагы 150 орундуу С.Төрөшев атындагы орто мектепти; - Алай айыл өкмөтүнүн Аскалы айылындагы 200 орундуу Ленин атындагы орто мектепти; - Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы 100 орундуу бала-бакчаны; - Сары-Таш айыл өкмөтүнүн Нура айылындагы 100 орундуу И.Монуев атындагы орто мектеп үчүн кошумча окуу корпусун; төмөндөгү объектилердин курулушун аяктоого каражаттарды бөлүү: - Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылындагы спорттук комплекске; - Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 2 бала-бакчага; - Ленин айыл өкмөтүнө караштуу С.Карыев атындагы орто мектепке; - Алай региондук оорукананын 45 орундуу балдар бөлүмүнө; Чоң-Алай району боюнча: - Жекенди айыл аймагындагы Жекенди-Шибе каналына; - Жекенди айыл аймагындагы Ташпек уулу Гапар атындагы орто мектепке; - Кашка-Суу айыл аймагындагы Эсенгелди уулу Максатбек атындагы орто мектепке; - Кашка-Суу айыл аймагындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепке; - Чоң-Алай айыл аймагындагы Дароот-Коргон айылындагы бала-бакчага; - Чоң-Алай айыл аймагындагы Дароот-Коргон айылындагы 50 орундуу ооруканага |
|
М.А.Аманкулов | Подряддык уюмдардын алдындагы кредиттик карыздарды жоюуга жана Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин Чүй көчөсү боюнча башталган жол иштерин аяктоого Бишкек шаарына каражат бөлүү | 118,0 |
А.Т.Алтыбаева | Ош шаарынын Кара-Суу районунун төмөнкү объектилерине каражат бөлүү: |
|
- Кашгар-Кыштак айыл округунун Жарооз айылындагы мектептин курулушун аяктоого; | 25,0 | |
- Шарк айыл округундагы 5,5 км жолго асфальт төшөөгө; | 22,0 | |
- Катта-Талдык айыл округунун Орто-Мечит айылындагы 320 орундуу мектептин курулушун аяктоого; | 16,0 | |
З.И.Жамалдинов | Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүндөгү Жаш толук эмес орто мектептин имаратын курууга каражат бөлүү; 2017-жылга "Капиталдык салым" беренеси боюнча курулуш объектилеринин тизмегине төмөнкүлөрдү киргизүү: - Ош областынын Ноокат районундагы Кулатов айылынан Абшыр-Ата эс алуучу жерине чейин узундугу 2 км жол курууга; - Ынтымак айыл өкмөтүндөгү Ынтымак айылынан Беш-Буркан айылына чейинки узундугу 3 км жолдун жана 12 Бел айыл өкмөтүнүн Нарай айылындагы 1 км жолдун, узундугу 1,2 км болгон Додон-Салиева-Абширсай жолун куруну аяктоодо |
|
С.К.Нышанов | Жалал-Абад областындагы Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн Көк-Алма айылындагы Р.Чойбеков атындагы № 27 орто мектеп үчүн жаңы имарат курууну 2017-жылга "капиталдык салым" беренеси боюнча курулуш объектилеринин тизмесине киргизүү |
|
Д.Э.Төлөнов | "Медиа Холдинг "Пирамида" ЖЧКсы телеканалынын операциялык ишин колдоо үчүн каражат бөлүү | 20,0 |
Т.Т.Мамытов | 2017-жылга "капиталдык салым" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин курулушунун тизмегине төмөнкүлөрдү киргизүү: - Кыпчак - Талаа - Майлуу-Суу автожолунун 7 км асфальт төшөөгө; - Жалал-Абад областы боюнча: Ношкен айылындагы Матмуса атындагы орто мектептеги 60 орундуу бала бакчаны; Бүргөндү айыл өкмөтүндөгү М.Молдалиев атындагы № 18 орто мектептин жабык спорт залын; Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылындагы 225 орундуу Азамат уулу Калдыбай атындагы № 10 орто мектептин имаратынын курулушун аяктоону |
|
А.Ш.Жээнбеков | Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүнүн мамлекеттик театрын оңдоо-калыбына келтирүү иштерине каражат бөлүү | 12,0 |
А.Т.Абжалиев | 2017-жылга "капиталдык салым" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу объектилерди куруу тизмегине төмөнкүлөрдү киргизүү: - Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Орке айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы № 34 орто мектептин имаратын курууну; - Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы суу менен камсыздоону жана кошумча сактоочу жайларды курууну жакшыртууну; - Бишкек шаарынын "Алтын-Ордо" жана "Кара-Жыгач" турак жай массивдеринде канализация курууну | 50.0 150.0 50.0 |
О.М.Артыкбаев | Калктын аз камсыз болгон жана социалдык аярлуу топтору үчүн контрацептик каражаттарды сатып алууну 2017-жылдын республикалык бюджетине киргизүү; Жалал-Абад областындагы Токтогул району боюнча 2017-жылга "капиталдык салым" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу объектилерди куруу тизмегине төмөнкүлөрдү киргизүү: - Ичке-Сай айылында Ичке суусу аркылуу эки чоң көпүрө курууну; - Кызыл-Ураан айылынан Боз-Тектир айылына чейин Кара-Суу суусу аркылуу көпүрө курууну жана Үч-Терек айылындагы Абдылдабеков жама Саргата айылындагы Кодиков жана Кызыл-Ураан айылындагы Сатымбүбү апа көчөлөрүндө селден сактоочу каналдардын курулушун; - Чоргочу айылында спорт залы, актовый залы, китепкана жана ашканасы бар жаңы типтүү мектепти курууну; - Токтогул районунун Үч-Терек жана Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн узундугу 4,7 км жолду оңдоону; Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин райондук суу чарба башкармалыгынын балансына Токтогул районунун "Ак-Терек", "Саргата" насостук станцияларын жана Үч-Терек айылындагы Сары-Таш суу түтүкчөлөрүн Жаңы-Жол жана Үч-Терек айыл өкмөттөрүнүн балансына өткөрүп берүүнү |
|
А.Ж.Жамангулов | Чүй областындагы Кемин району боюнча төмөнкү объектилерди 2017-жылга "капиталдык салым" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу курулуштардын жана объектилердин тизмегине киргизүү: - Орловка шаарындагы Г.П.Кудряшев атындагы № 1 орто мектептин спорт залын капиталдык оңдоону; - Кемин аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык оңдоону; - Кемин аймактык ооруканасын капиталдык оңдоону; - Боролдой айылындагы таза суу менен камсыздоо тутумун капиталдык оңдоону |
|
А.Токторов | 2017-жылы ГМД жана ЕПСМ өлчөмдөрүн, кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн 50% жана 10% 2017-жылдын 1-июлунан тартып жогорулатуу максаттарында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 115,0 млн. сомго чыгымдарын көбөйтүүнү |
|
Р.М.Туманбаева | Жалал-Абад областындагы Аксы районунун Семет жана Чие - Кош-Дөбө айыл өкмөттөрүндөгү башпааналарды, жылуулук берүүлөрдү, канализациялык тутумду оңдоого жана эки бала бакчасына эмерек сатып алууга каржы бөлүүнү |
|
Н.Баяхунов | Чүй областындагы Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушун 2017-жылдын бюджетине киргизүү | 27,0 |
Т.А.Масабиров | Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Сейди-Кум айыл өкмөтүнүн Жаш-Ленин айылындагы бала бакчанын курулушун 2017-жылга капиталдык объектилердин тизмесине киргизүү | 26,0 |
Д.Ш.Исаена | Чүй областынын Жайыл районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнө төмөндөгүдөй кошумча каражат бөлүү: | 0,3 |
- бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү жана балдардын аянтчаларын, чатырларын жана тышка даараткана куруу үчүн; | 0,25 | |
- фельдшердик-акушердик пункт үчүн эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу үчүн; - 2 орто мектепти, 2 бала бакчаны жана айыл өкмөтүнүн имаратын жылытуу боюнча электр менен камсыздоо кызмат көрсөтүүлөрүн акы төлөөгө | 1,03 | |
М.Эгембердиев | Жалал-Абад шаарынын төмөндөгү объектилерин "капиталдык салым" беренеси боюнча тизмеге киргизүү: |
|
- № 18 орто мектепти; |
| |
- Тайгараев атындагы а/б спорттук залын |
| |
- ички жолдорду |
| |
А.Н.Шыкмаматов | Нарын областындагы Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы Ш.Садыбакасов атындагы орто мектептин жаңы имаратын курууга каражат бөлүү | 49,0 |
А.Ж.Исмаилова | 2017-жылы ГМД жана ЕПСМ өлчөмдөрүн, кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн 50% жана 10% 2017-жылдын 1-июлунан тартып жогорулатуу максаттарында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 115,0 млн. сомго чыгымдарын көбөйтүү |
|
У.Т.Кыдыралиев | Республикалык бюджеттен төмөндөгүлөргө каражат бөлүү: - Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кызыл-Жар айылында 250 орундуу жаңы орто мектепти жана Нарын айылындагы 120 орундуу жаңы бала бакчасын курууга; - муниципалдык баланстан мамлекеттик баланска өткөрүлүп берилген Аксы районунун Ак-Суу - Тегене автожолун оңдоого; - Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы Кичи - Ак-Жол - Пионер лагерь автожолунун 3 км оңдоого; |
|
- Жалал-Абад областындагы Аксы районунун Ак-Жол айыл округуна караштуу Ак-Жол айылында жаңы бала бакчаны курууга; | 14,0 | |
- Жалал-Абад областынын Аксы районунун Райкомол айылында жаңы спорттук зал курууга | 12,0 | |
К.С.Бокоев | Республикалык бюджеттен төмөнкүлөргө каражат бөлүү: - Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы "Шах-Фазил" тарыхый мемориалдык комплексинин жанындагы Падексафет-Булан автожолунун 3,5 км оңдоого; - Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын мамлекеттик баланста турган ОУТ-Сай - Көк-Таш автожолун жана ички жолдорду оңдоого; - Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагындагы 1 км автожолуна асфальт төшөөгө; - Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунун Ак-Там айыл аймагы аркылуу өтүүчү автотрассанын 1 км асфальт төшөөгө; - Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагы аркылуу өтүүчү Ала-Бука - Көк-Таш автожолунун 3 км участкасына асфальт төшөөгө; Талас областындагы Кара-Буура районунун төмөнкү объектилерине каражат бөлүү: - Аманбаев атындагы бала бакчаны капиталдык оңдоого; - Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылында бала бакча курууга; - Кара-Буура районундагы Чолпонбай айыл аймагынын Б.Мырзабаев атындагы орто мектепке спорт зал курууга; - Талас мамлекеттик университетинде спорт зал курууга; - Аманбаев айылындагы тургундарды таза суу менен камсыз кылууга; - Манас районунун Май айылындагы Кочкорбаев атындагы орто мектептин курулушун аяктоого; - Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл аймагынын Молдо-Асан айылындагы Шамыратбек атындагы орто мектептин курулушун аяктоого; - Кара-Буура районундагы Аманбаев айыл аймагынын Ак-Жар айылында А.Калыбаев атындагы мектептин курулушун аяктоого; - Чолпонбай айыл аймагынын Көк-Дөбө айылындагы Шыйкымбаев атындагы мектептин курулушун аяктоого |
|
А.А.Турсунбаев | Ала-Бука району боюнча төмөндөгү объектилердин курулушуна жана аяктоого каражат бөлүү: - Кызыл-Ата айылындагы Ө.Чаңгылов атындагы орто мектептин жана Нарпаша бала бакчасынын жаңы имараттарын курууга; - Падек айылындагы мектептин курулушун аяктоого; - Ак-Коргон айыл аймагынын Күчүкмаала жаңы конушунда мектеп курууга; - Чаткал районунун Акташ айылындагы К.Усупбеков атындагы мектептин жана Коргон-Сай айылындагы К.Акназаров атындагы мектептин курулушуп аяктоого; - Чанач-Сай суткалык жөнгө салуу бассейнин куруунун экинчи этабына; - Акташ - Ала-Бука жана Шекафтар - Ала-Бука жолдоруна асфальт төшөөгө |
|
К.Зулушев | Ош областындагы Өзгөн району боюнча төмөнкү объектилердин курулушуна каражат бөлүү: - Көлдүк айыл аймагындагы Шамалды-Терек айылында Ө.Коңкошев атындагы № 12 орто мектепке; - Алтын-Булак айылындагы Моңолов атындагы орто мектепке; - Мырза-Аке жана Кызыл-Дыйкан айылдарынын ортосундагы көпүрөгө; Төмөндөгү жаңы имараттардын курулушун аяктоого: - Алтын-Булак айыл аймагындагы Алтын-Булак айылында 220 орундук мектепти; - Красный Маяк айылындагы 640 орундуу А.Төрөгелдиев атындагы № 42 мектепти; Төмөнкүлөрдү таза суу менен камсыздоого: - Мырза-Аке айыл аймагынын Адыр айылын; - Алтын-Булак айыл аймагынын Чечебай айылын |
|
Р.Казакбаев | Чүй областындагы Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүндөгү С.Самсалиев атындагы мектепти дем берүүчү гранттар боюнча капиталдык-курулуш иштеринин тизмесине киргизүү |
|
Н.Алимбеков | Ош областындагы Кара-Суу районунун Учар айылындагы бала бакчанын курулушуна каражат бөлүү | 25,8 |
Н.Нышанов | Жалал-Абад шаарындагы юстиция башкармалыгы ээлеген бала бакчанын мурдагы имаратын бошотуү же жаңы бала бакчанын имаратын куруу |
|
А.Сулайманов | Ош областындагы Ноокат районунун Арбын айылындагы авариялык абалда болгон "Жеткинчек Кеңеш" бала бакчасы үчүн имарат курууга каражат бөлүү | 47,6 |
Д.Аттокуров | Каракол шаарынын көчөлөрүн, гүлбакчаларын жана сейил бактарын жарыктандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш-чараларга каражат бөлүү | 15,0 |
У.Жылкыбаев | Каракол шаарынын көчөлөрүн, гүлбакчаларын жана сейил бактарын жарыктандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш-чараларга каражат бөлүү | 15,0 |
А.Шадиев | Төмөнкүлөргө каражат бөлүү: - Исфана шаарындагы № 48 кесиптик лицейдин имаратын курууну аяктоого; - Кулунду айыл аймагындагы Кулунду-Раззаков магистралдык каналын кеңейтүүгө; - Баткен областындагы Исфана шаарынын Голбо айылында бала бакча курууга жана спорт залды оңдоого |
|
Т.Тиллаев | Республикалык бюджеттен төмөндөгүлөргө каражат бөлүү: - Исфана шаарындагы Исфана аэропортун реконструкциялоого; - Интернационал айылындагы Кулунду-Максат жолунун 2,83 км участкасына асфальт төшөөгө; - Исфана шаарынын узундугу 6,2 км айланма автожолун курууга; - Лейлек районунун "Баластан" балдар чыгармачылыгынын борбордук имаратын капиталдык оңдоого; Төмөндөгү айылдардагы мектептер үчүн жаңы имараттарды курууга: - Сумбул айыл өкмөтүнүн Сары-Дөбө айылындагы 220 орундуу; - Лейлек айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылындагы 220 орундуу; - Маргун айылындагы М.Баетов атындагы мектептин; - Тогуз-Булак айыл аймагынын Миң-Жыгач айылындагы "Жаш-Тилек" орто мектебинин; - Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык айылындагы № 3 гимназиясынын |
|