КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-декабры № 1192-VI
"2016-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 25-октябрындагы № 561 токтому) "2016-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | А.Өмүрбекова |