Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 561
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 22-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 22-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 22-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 22-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2016-жылдын 22-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамоталарды алмашсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 561 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2016-жылдын 22-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 22-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 274-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашууга Эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча аралаш кыргыз-австрия комиссиясынын 6-жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри тарабынан 2016-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган.
Бул Макулдашуунун негизги максаты болуп инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга жана капиталдык салымдарга байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтууга багытталган чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө укуктук базаны түзүү саналат.
Бул Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү элемент болуп саналат жана биздин өлкөнүн экономикасына чет элдик түз инвестициялардын агымын көбөйтүүгө көмөк көрсөтөт.
Бул Макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерди алып келбейт.