КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-июну № 1757-VI
"2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдик автожолун) реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 12-июнундагы № 359 токтому) "2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдик автожолун) реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|