Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-майы № 1585-VI
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 30-мартындагы № 192 токтом) "Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|