Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-майы № 1591-VI
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевге карата кылмыш ишин козгогондугу жөнүндө маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 31-майындагы № 1635-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата кылмыш ишин козгогондугу жөнүндө маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Т.З.Зулпукаров
М.Г.Мадеминов
А.С.Кодуранова
М.А.Айнакулов - КСДП парламенттик фракциясынан;
Т.Т.Мамытов
К.Т.Зулушев
Б.К.Райымкулов - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан;
Д.А.Жумабеков
А.С.Токторов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Т.У.Шайназаров - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
У.З.Ормонов - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
А.Н.Шыкмаматов - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 31-майындагы № 1635-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссия иштин натыйжалары жөнүндө маалыматты эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|