Редакцияот 31.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 31-майы № 1635-VI

"Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевге карата кылмыш ишин козгогондугу жөнүндө маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-майындагы № 1591-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевге карата кылмыш ишин козгогондугу жөнүндө маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-майындагы № 1591-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көрсөтүлгөн токтомунун аталышында жана 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаев" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаев, А.Ү.Жапаров жана И.В.Чудинов" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Ч.Турсунбеков