Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-майы № 1593-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:
- 1 жана 8-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- тизмек төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголь жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контролдоо боюнча башкармалыгы.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Д.Төлөнов |