Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 1057-VI
Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI, 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 2023-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" № 553-IV токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага |
| Ч.Турсунбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтомуна тиркеме |
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI, 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 2023-VI токтомунун редакциясына ылайык)
1. (КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган камсыздандыруу төгүмдөрүн администрлөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги;
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
8. (КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 1593-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти;
10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаменти;
11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти;
12. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголь жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контролдоо боюнча башкармалыгы.