Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 7-июнундагы № 1660-VI «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, «Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу тууралуу» токтому
Бул документ орус тилинде да барОрусча
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 1660-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө", "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 19-июлундагы № 405 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө", "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору четке кагылсын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Ч.Турсунбеков |