Загрузка документа…
Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсебин алуу жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509, 2020-жылдын 5-июнундагы № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан бардык уюмдар, ошондой эле юридикалык жак түзбөстөн иш жүргүзгөн жана жалданма эмгекти пайдаланышкан (мындан ары - жалдоочулар деп аталышат) адамдар үчүн өндүрүштөгү кырсыктарды текшерүү жана эсебин алуунун милдеттүү тартибин белгилейт. 2. Азыркы Жобого ылайык, эмгек милдеттенмелерин же жалдоочунун тапшырмасы боюнча жумуш аткаруу учурунда жумушчулар же башка адамдар (мындан ары - жумушчулар деп аталышат) кабылган өндүрүштүк кырсыктар, текшерилүүге жана эсепке алынууга тийиш. Аларга төмөнкүлөр кирет: - эмгек келишими (контракты) боюнча жумуш аткарган жумушчулар; - граждандык-укуктук келишим боюнча жумуш аткарган граждандар; - уюмдарда өндүрүштүк практика өтөп жүрүшкөн жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттери, кесиптик орто, башталгыч билим берүү жана негизги орто билим берүү мекемелеринин окуучулары; - эркинен ажыратууга соттолгон жана уюмдун администрациясы тарабынан эмгекке тартылган адамдар; - аскер кызматы менен байланышпаган жумуштарды аткаруу үчүн жалдоочуга жиберилген аскер кызматчылары; - эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан биргелешкен жана чет өлкөлүк уюмдарда иштешкен Кыргыз Республикасынын граждандары, чет өлкөлүк граждандар жана граждандуулугу жок адамдар; - уюмдун же жеке ишкердин өндүрүштүк ишине катышкан башка адамдар. 3. Жумушчуну башка жумушка которуу зарылдыгына, анын убактылуу же биротоло эмгекке жарамдуулугун жоготууга же анын өлүмүнө алып келген өндүрүштөгү бөөдө кырсыктар (жараат, анын ичинде башка адамдардын денеге залал келтирүүсүнөн улам алынган жараат, катуу уулануу, ысык өтүү, күйүк, үшүккө алдыруу, чөгүү, электр тогуна урунуу, чагылган тийүү, нурдануу, курт-кумурска менен сойлоочулардын чаккандары, жаныбарлар келтирген дене жарааттары, жарылуулардын, кырсыктардын, имараттардын, курулуштар менен конструкциялардын кыйрашынын, табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында келтирилген залалдар) төмөнкү учурларда болуп өткөндө, териштирүүгө эсепке алынууга тийиш: а) эмгек милдеттенмелерин аткаруу учурунда (анын ичинде иш сапарында жүргөн убакта), ошондой эле жалдоочу тапшырбаса да, ишкананын кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир иш жасап жаткан учурда; б) иш сапарына бара жаткан же кайтып келе жаткан учурда; в) жалдоочу тарабынан берилген транспортто жумушка бара жатканда же кайтып келе жатканда; г) ишкананын аймагында же ишкананын аймагынан тышкары жумуш убактысынын ичинде (белгиленген дем алышты кошкондо), ошондой эле жумушка чейин же жумуштан кийин өндүрүш куралын, кийимди ж.б. иретке келтирүү, дем алыш жана майрам күндөрүндө белгиленген мөөнөттөн ашык иштөө убактысында; д) жумушчу белгиленген тартипте жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү (катастрофа, кыйроо ж.б.) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышууга жана мамлекеттик жана коомдук милдеттерди аткарууга байланышкан башка жумуштарга жиберилгенде же тартылганда; е) кезмекчи катары кезмек арасындагы дем алыш учурунда транспорттук каражат менен бара жаткан учурда (автомобильдеги айдоочу-кезмекчи, поезддеги рефрижератордук секциянын жолшериги же механиги), утурумдук ыкма жумуштарындагы кезмектер ортосундагы дем алуу, ошондой эле утурумдук жана кеме жумуштарынан бош убакта кемеде болгон учурда; ж) жумуш убактысында, тейлөөчү мекемелер аралыгында кыдырып иштөөчү жумушчу менен же жалдоочунун тапшырмасын аткаруу үчүн жолдо бараткан учурда; з) өзүнүн бардык түрдөгү (суу, жүк ташуучу, араба) менчик транспорт каражатында, аны өндүрүштүк максаттарда пайдалануу укугу боюнча жалдоочунун жазуу же оозеки түрүндөгү буйругу болгон учурда же жалдоочунун тапшырмасы менен бара жаткан жумуш убактысында. 4. Кырсыктар териштирилип, бирок төмөнкү учурларда комиссияиын чечими боюнча өндүрүшкө байланышпаган деп табылышы мүмкүн эгерде: а) жана чегүүчү тарабынан, укук коргоо органдарынын корутундусу боюнча кылмыш жазасына тартуу белгилери бар, кылмыш атайылап жасалган болсо; б) жана чегүүчү тарабынан алкоголду, баңгилик, уулуу жана ушул сыяктуу заттарды пайдалануу; жалдоочунун уруксатысыз жеке максаттарда уюмга тиешелүү транспорттук каражаттарды, жабдууларды, механизмдерди шаймандарды өз алдынча пайдалануу, кандайдыр бир буюмдарды жеке максаттар үчүн даярдоо; материалдык байлыктарды уурдоо себебинен болсо. Өндүрүшкө байланышпаган кырсык статистикалык отчетто жараат алуу боюнча өзүнчө эсепке алынат. 5. Жалпы оорунун же, саламаттык сактоо мекемелери же тергөө органдары тарабынан белгиленген тартипте тастыкталган өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасындагы өлүм учурлары текшерилүүгө тийиш, бирок эсепке алынбайт. 6. Өнөкөт кесиптик уулануулар жана ооруулар, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тартипте териштирилет. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509 токтомунун редакциясына ылайык) 7. Өндүрүштө болгон ар бир кырсык жөнүндө жана чеккен жана көргөн адам түздөн-түз жумуштун жетекчисине билдирет. Ал төмөнкүлөргө милдеттүү: - жана чегүүчүгө тез арада биринчи жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана зарыл учурда аны саламаттык сактоо мекемесине жеткирүү; - болгон кырсык жөнүндө жалдоочуга же ыйгарымдуу өкүлгө билдирүү; - кырсыкты текшергенге чейин, жумушчу орундагы жагдайды жана жабдууларды окуя болгон учурдагы абалындай сактап туруу (эгерде ошол жердеги жумушчулардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келбей турган болсо жана кыйроого алып келбесе). Сактоого мүмкүн болбогондо, түзүлгөн кырдаалды белгилеп калуу (схема, сүрөткө тартуу, текшерүү протоколу ж.б.). 8. Жарааттын оордугу, мертинүүнүн мүнөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген схема боюнча аныкталат (N 1 тиркеме). Жарааттын оордугу жөнүндө корутунду, жалдоочунун же мамлекеттик көзөмөл органдарынын талабы боюнча дарылоо мекемелери тарабынан кечиктирилбестен берилет (N 2 тиркеме). 9. Медициналык корутундуга ылайык жумушчунун эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготууга же аны бир күндөн кем эмес башка жумушка которууга же анын өлүмүнө алып келген өндүрүштөгү кырсык боюнча, текшерүү аяктагандан кийин эки нускада, кыргыз жана орус тилдеринде Н-1 формасындагы акт толтурулат (N 3 тиркеме). 10. Н-1 формасындагы актыда өндүрүштөгү боөдө кырсыктын жагдайлары менен себептери, ошондой эле эмгекти коргоо талаптарын бузууга жол берген адамдар толук көрсөтүлүүгө тийиш. Н-1 формасындагы актыга комиссия мүчөлөрү кол коюшуп, жалдоочу тарабынан бекитилет жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Жалдоочу текшерүүдөн кийин 3 күндөн кечиктирбестен аталган документке кол койдуруу менен актынын бир нускасын өлгөн адамдын туугандарына же алардын ишенимдүү адамына берүүгө милдеттүү. Актынын Экинчи нускасы текшерүү материалдары менен чогуу, жана чегүүчүнүн өндүрүштөгү кырсык болгон учурда негизги иштеген (кызмат өтөгөн, окуган, камалган) жери боюнча уюмда (эки жерде иштеген жумуштан тышкары) 50 жыл сакталат. 11. Н-1 формасындагы акт, жалдоочу тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги бекиткен формадагы өндүрүштүк бөөдө кырсыктарды каттоо журналына катталат (N 3 тиркеме). Н-1 формасындагы акт боюнча таризделген өндүрүштөгү ар бир кырсык статистикалык отчетко киргизилет. II. Жеңил бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсебин алуу 12. Өндүрүштөгү бөөдө кырсыкты териштирүү үчүн жалдоочу буйрук менен курамы үч адамдан кем болбогон комиссия түзөт. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр киришет: - эмгекти коргоо боюнча адис (же бул милдеттерди аткаруучу адам) келишимдик негизде тартылышы мүмкүн; - жалдоочунун, профсоюздар органынын же башка уюмдун өкүлчүлүк органынын өкүлдөрү; - жана чегүүчүнүн ишенимдүү адамы (анын талабы боюнча). Бөөдө кырсык болгон жердеги бөлүмдө эмгек коопсуздугуна түздөн-түз жоопкер жетекчи, комиссиянын курамына киргизилбейт. Комиссияны жалдоочу же анын ыйгарымдуу өкүлү жетектейт. 13. Комиссия үч сутканын ичинде төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү: - бөөдө кырсыктын кырдаалын жана себептерин текшерүү жүргүзүүгө; - бөөдө кырсыкты көргөн жана тиешеси бар адамдарды табууга жана суракка алууга; - эмгек жана эмгекти коргоо боюнча нормативдик укуктук актылардын талаптарын бузууга жол берген адамдарды аныктоого; - бөөдө кырсыктуу себептерди четтетүү чараларын көрүүгө; - жана чегүүчүнүн күнөөсүнүн деңгээлин аныктоого (процент менен); - бөөдө кырсыкты квалификациялоого; - Н-1 формасында акт түзүүгө. Жалдоочуга өз убагында билдирилбеген же анын натыйжасында акырындык менен эмгекке жарабай калууга алып келген өндүрүштөгү бөөдө кырсык, жана чегүүнүн же анын ишенимдүү адамынын арызы боюнча, арыз түшкөндөн тартып бир айлык мөөнөт ичинде текшерилет. 14. Комиссиянын, бөөдө кырсыктын өндүрүшкө байланышпагандыгы жөнүндөгү тыянагы, профсоюз органы же уюмдун жумушчуларынын өкүлчүлүктүү органы, мындай органдар жок болгон учурда эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509 токтомунун редакциясына ылайык) 15. Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды туура жана өз убагында териштирүү Н-1 формасындагы актыларды түзүү, актыда көрсөтүлгөн иш чараларды аткаруу жоопкерчилиги жалдоочуга жүктөлөт. 16. Башка уюмга жиберилген же жумуш аткаруу үчүн тартылган жумушчу менен болгон өндүрүштөгү бөөдө кырсык, бул адамды жиберген же жумушка тарткан уюмдун өкүлүнүн катышуусу менен бөөдө кырсык болгон жердеги уюмдун комиссиясы тарабынан текшерилет. Бөөдө кырсык болуп өткөн уюм, Н-1 формасындагы актынын бир нускасын өзүнө калтырып, калган 2 нускасын жана чеккен жумушчу иштеген уюмга себин алуу, сактоо жана жапа чегүүчүгө тапшыруу үчүн жиберилет. 17. Эки жерде иштеген жумушчу дуушар болгон бөөдө кырсык жумуш боюнча жумуш жүрүп текшерилет жана эсепке алынат. 18. Башка уюмдун бөлүнгөн участогунда жумуш жүрүп жаткан уюмдун жумушчусу дуушар болгон бөөдө кырсык, бул жумушту жүргүзгөн уюм тарабынан текшерилет жана зсепке алынат. III. Бөөдө кырсыктарды атайын териштирүү 19. Төмөнкү бөөдө кырсыктар атайын териштирүүсүнө тийиш: - дененин зыян чегүү оордугуна карабастан бир убакта эки же андан ашык жумушчулар менен болгон топтуу бөөдө кырсык; - оор кесиптүү бөөдө кырсык; - өлүмгө дуушар кылган бөөдө кырсык. 20. Өндүрүштөгү топтуу, оор, өлүмгө дуушар кылган бөөдө кырсыктар жөнүндө жалдоочу же анын ыйгарымдуу өкүлү, схема боюнча (N 5 тиркеме) телефон (факс) же телеграф аркылуу тез аранын ичинде төмөнкүлөргө билдирүүгө тийиш: - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга; - бөөдө кырсык болгон аймактагы прокуратурага; - мамлекеттик аймактык көзөмөлдөө органына, эгерде бөөдө кырсык бул органдын контролдугунда турган уюмда (объектте) болуп өтсө; - уюмдун жогорку органына; - профсоюздардын аймактык бирикмесине; - бөөдө кырсыкка учураган жумушчуну жиберген уюмга. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509 токтомунун редакциясына ылайык) 21. Дарылоо-профилактикалык мекемелеринин, патологоанатомиялык бөлүмдөрдүн жана өлүкканалардын администрациясы, өндүрүштөгү бөөдө кырсыктардын натыйжасында аларга денесинен оор же өлүмгө дуушар кылуучу жаракат менен түшкөн адамдар жөнүндө бир сутканын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509 токтомунун редакциясына ылайык) 22. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү өлүмгө дуушар кылуучу өндүрүштөгү бөөдө кырсык жөнүндө жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү жиберет. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509 токтомунун редакциясына ылайык) 23. Топтуу бөөдө кырсыктар, өлүмгө дуушар кылуучу же оор кырсыктарды атайын териштирүү курамына төмөнкү адамдар кирген комиссия тарабынан 15 күндүн ичинде текшерилет: - мамлекеттик эмгек инспектору-комиссиянын төрагасы; - профсоюздардын техникалык эмгек инспектору; - уюмдун эмгекти коргоо боюнча адиси же жалдоочунун буйругу менен эмгекти коргоо боюнча ишти уюштурууга жооптуу адам; - профсоюздун же уюмдун жумушчуларынын башка өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлү. Жапа чегүүчүнүн (жапа чегүүчү өлгөн учурда анын туугандарынын) талабы боюнча анын ишенимдүү адамы атайын текшерүүгө катышууга акылуу. Эгерде ишенимдүү адам текшерүүгө катышпаса, анда жалдоочу же комиссиянын төрагасы, ишенимдүү адамдын талабы боюнча текшерүүнүн материалдары менен аны тааныштырууга милдеттүү. Өтө катуу уулануу же белгиленген нормадан ашыкча радиациялык таасирленүү учурларында, комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органынын өкүлү киргизилет. 24. Мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын контролундагы уюмдарда (объекттерде) болгон бөөдө кырсыктарды атайын текшерүү учурунда, комиссиянын курамына бул органдын өкүлү кирет жана комиссияга төрагалык кылат. 25. Профосюздук бирикмелерге кирген уюмдарда болгон бөөдө кырсыктарды атайын териштирүү, профсоюздардын техникалык эмгек инспектору жетектеген комиссия тарабынан жүргүзүлөт. 26. Бул Жобонун 16-пунктунда каралган бөөдө кырсыкты текшерүү учурунда, комиссиянын курамына жапа чегүүчүнү башка уюмда жумуш аткарууга жиберген же тарткан умюдун өкүлү киргизилет. 27. 4 же андан ашык адамды өлүмгө дуушар кылган оор натыйжалуу бөөдө кырсыктарды текшерүү, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен дайындалган комиссия жана тиешелүү профсоздук органдын башкы техникалык эмгек инспектору тарабынан текшерилет. Комиссиясынын курамына тиешелүү министрликтердин (ведомстволордун) жооптуу кызматкерлери менен катар, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо органдарынын, тиешелүү тармактык же аймактык профсоюз органынын, камсыздандыруу органынын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509 токтомунун редакциясына ылайык) 28. 7 же андан ашык адамдар курман болгон ири бөөдө кырсыктарды атайын текшерүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дайындалган комиссия тарабынан жүргүзүлөт. 29. Комиссиясынын талабы боюнча атайын текшерүү жүргүзүү учурунда, жалдоочу өэ каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөрдү камсыздоого милдеттүү: - техникалык ресчетторду, лабораториялык изилдөөлөрдү, сыноолорду, башка эскперттик жумуштарды аткаруу жана бул максаттарга адис-эксперттерди тартуу; - кырсык болгон жана зыянга учураган объекттерди сүрөткө (видеого) тартуу, кырсык болгон жердин планын, эскизин, схемасын түзүү; - текшерүү үчүн керектүү транспорт, кызматтык жай, байланыш каражаттарын, ошондой эле атайын кийимдер жана жекече коргонуу каражаттарын берүү; - атайын текшерүүнүн материалдарын басмага басууну, зарыл өлчөмдө көбөйтүүнү камсыздоо. Комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн командировкалык чыгымдары ишке тартылган министрликтердин (ведомстволордун) тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин чектеринде сарпталат. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-июнундагы № 304 токтомунун редакциясына ылайык) 30. Атайын териштирүү материалдарына төмөнкүлөр кириш керек: а) атайын териштирүү комиссиясын түзүү жөнүндө буйрук; б) окуя болгон жерди мүнөздөөчү пландар, схемалар, эскиздер, протоколдор, сүрөттөр (видеоматериалдар) жана башка документтер; в) жапа чегүүчүнүн эмгекти коргоо боюнча окуудан өткөндүгү, нускама алгандыгы жана билимин текшерүү жөнүндөгү документтеринин көчүрмөсү; г) сурак жүргүзүү протоколдору, жапа чегүүчүлөрдүн, кырсыкты өз көзү менен көргөндөрдүн жана кызмат адамдарынын берген түшүнүктөрү; д) адистердин эксперттик корутундулары, лабораториялык изилдөөлөрдүн жана эксперименттердин жыйынтыктары; е) жапа чегүүчүнүн ден соолугуна келтирилген залалдын мүнөзү жана оррдугу же өлүмүнүн себеби, жапа чегүүчүнүн алкоголдук же наркотикалык мас абалында болушу жөнүндө медициналык кортунду; ж) аталган өндүрүштө мамлекеттик эмгек инспекторлорунун, профсоюздардын техникалык эмгек инспекторунун жана мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрүнүн мурда берген көрсөтмөлөрүнөн көчүрмө; з) жапа чегүүчүгө жекече коргонуу каражаттарынын жана коргонуучу жабдуулардын берилгендиги жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; и) ар бир жапа чегүүчүгө түзүлгөн Н-1 формасы боюнча актынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген атайын текшерүү актысы; к) комиссиянын кароосу боюнча алынган башка материалдар. Талаш-тартыш болгон учурда атайын текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө ой-пикирлери тиркелет. 31. Суракка алуу же тергөө органдары өндүрүштөгү кырсыкты, анын ичинде жол-транспорт кырсыгын атайын текшерүү үчүн комиссияга таанышуу жана көчүрмөсүн алууга текшерүү материалдарын берүүгө милдеттүү. Комиссиянын талабы боюнча соттук-медициналык экспертиза, ага жапа чеегүүчүнүн өлүмгө учуроо себептери жөнүндө корутунду берүүго милдетүү. 32. Комиссия атайын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү актысын түзөт (N 6 тиркеме). Н-1 формасындагы актынын мазмуну толугу менен комиссиясынын тыянагына шайкеш келүүгө тийиш. Өндүрүштө топтуу кырсык болгон учурда Н-1 формасындагы акт ар бир жапа чегүүчүгө өзүнчө толтуралат. 33. Атайын териштирүү боюнча комиссия мүчөлөрү жапа чеккендер же алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушуп, материалдык жардам берүү маселелерин жеринде чечишет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын укуктарын түшүндүрүшөт. 34. Атайын териштирүү актысын, Н-1 формасындагы актыны жана текшерүү материалдарын техникалык жактан тариздөө жумуш берүүчүгө, ал эми аларды жөнөтүү-комиссиянын төрагасына жүктөлөт. Ал текшерүү бүткөндөн кийин 5 күндүк мөөнөт ичинде төмөнкүлөргө жөнөтөт: - кырсык болуп өткөн аймактагы прокуратурага; - жалдоочуга; - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы региондук бөлүмүнө жана жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга; - (абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - профсоюздардын аймактык бирикмелерине (атайын текшерүү актысынын жана Н-1 формасындагы актынын көчүрмөлөрү); - жапа чегүүчүгө же анын үй-бүлө мүчөсүнө (атайын текшерүү актысынын жана Н-1 формасындагы актынын көчүрмөлөрү). (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509 токтомунун редакциясына ылайык) 35. Жалдоочу атайын текшерүүнүн материалдарын карап чыгууга, ал боюнча алдын-алуу чараларды көрүүгө, жапа чегүүчүгө же багуучусунун өлгөндүгүнө байланыштуу зыяндын ордун төлөтүүгө укуктуу адамдарга, келтирилген зыяндын ордун төлөп берүү маселелерин чечүүгө милдеттүү. IV. Корутунду жоболор 36. Жумуш берүүчү жапа чегүүчүнүн убактылуу эмгекке жарамсыздыгы бүткөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги тарабынан бекитилген форма боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик opганына, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, тиешелүү учурда, мамлекеттик көзөмөлдөө органдарына өндүрүштөгү кырсыктын натыйжалары жана кырсыктарды алуу максатында аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат берет (N 7 тиркеме). (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509 токтомунун редакциясына ылайык) 37. Убакыттын өтүшү менен оор категорияга өткөн же өлүмгө дуушар кылган өндүрүштөгү бөөдө кырсыктар жөнүндө жалдоочу эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө (өлүмгө дуушар болгон учурда - көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы жогору турган мамлекеттик органга), тиешелүү профсоюздук уюмга (же эмгек профсоюздарынын техникалык инспекциясына) билдирүүгө милдеттүү. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509 токтомунун редакциясына ылайык) 38. Мамлекеттик эмгек инспектору (мамлекеттик көзөмөлдөө органы, профсоюздардын техникалык эмгек инспектору) өндүрүштөгү бөөдө кырсыктын жашырылгандыгын аныктаган, жапа чегүүчүдөн же анын ишенимдүү адамынан же өлгөн адамдын туугандарынан арыз түшкөн, анын катышуусуз жүргүзүлгөн териштирүү боюнча комиссиянын тыянагы менен макул болбогон, азыркы Жобонун 36-пунктунда көрсөтүлгөн же башка себептер менен-маалыматтар түшкөн учурда, өндүрүштөгү бөөдө кырсыктын мөөнөтү өткөндүгүнө карабастан өз алдынча териштирүү жүргүзөт. Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик эмгек инспектору (мамлекеттик көзөмөлдөө органынын инспектору, профсоюздун техникалык эмгек инспектору) жалдоочу үчүн аткарууга милдеттүү болгон корутунду (N 8 тиркеме) түзөт. Мамлекеттик эмгек инспектору (мамлекеттик көзөмөлдөө органынын инспектору, профсоюздун техникалык эмгек инспектору) акт туура эмес түзүлгөн болсо же бөөдө кырсыкты териштирүү материалдарына ылайык келбесе, жалдоочудан Н-1 формасындагы акт түзүүнү талап кылууга укуктуу. 39. Өндүрүштөгү бөөдө кырсыкты териштирүү, тариздөө, эсебин алуу жана квалификациялоо маселелери боюнча талаш-тартыштар, жалдоочунун кырсыкты жана анын өндүрүш менен байланышын тануусу, Н-1 формасындагы акты түзүүдөн баш тартышы, жапа чегүүчүнүн же анын ишенимдүү адамынын актынын мазмуну менен макул эместиги, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын peгиондук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы же сот тарабынан каралат. Бул учурларда арыз берүү жалдоочу тарабынан мамлекеттик эмгек инспекторунун чечимдерин аткарбоо үчүн негиз болуп эсептелбейт. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509 токтомунун редакциясына ылайык) 40. Бул Жобонун талаптарын бузганга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
|