Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-сентябры № 509
Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 60, 2025-жылдын 13-майындагы №251 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана 17-беренелерине ылайык, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу, алардын милдеттерин жана функцияларын чектөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 12-июлундагы № 304 «Жерди кайра иштетүү (рекультивация) жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жерди кайра иштетип (рекультивациялап) эл чарбасына пайдаланууга алуунун тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттун биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 10-пункттун бешинчи абзацындагы:
«райондук мамлекеттик жер инспекциясынын» деген сөздөр «жерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо жана кадастр жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
«колхоздордун , совхоздордун» деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 «Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө жободо:
- преамбуладагы «Кыргыз Республикасынын элинин санитардык-эпидемиялык жыргалчылыгы жөнүндө», «Продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жөнүндө», «Табиятты коргоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы ветеринария жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин негизинде иштелип чыкты жана» деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункттагы «(Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш министрлиги, Соода жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги)» деген сөздөр «(саламаттык сактоо, айыл (суу) чарба, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар)» деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 29-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«29. Бул Жобонун талаптарын сактабагандыгы жана аткарбагандыгы үчүн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.».
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартындагы № 154 «Иштин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Утурумдук ыкма менен иштегендиги үчүн кошумча акы төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 1-пункттун үчүнчү абзацындагы «мамлекеттик эмгек инспекциясы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасында эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 30-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы № 34 токтому менен бекитилген Социалдык камсыздандыруу пособиеси менен камсыздоо тартиби жөнүндөгү жобосуна» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы № 64 «Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсебин алуу жөнүндө жободо:
- 6-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги менен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункттагы «Мамлекеттик эмгек инспекциясы» деген сөздөр «эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;»;
- 21-пункттагы «тиешелүү мамлекеттик эмгек инспекцияларына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 22-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«22. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү өлүмгө дуушар кылуучу өндүрүштөгү бөөдө кырсык жөнүндө жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү жиберет.»;
- 27-пунктта «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик эмгек инспекторунун, министрдин, ведомствонун жетекчисинин биргелешкен буйругу менен (мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын контролундагы ишканаларда, объекттерде тиешелүү мамлекеттик көзөмөлдөө органынын жетекчисинин биргелешкен буйругу менен)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 34-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
«- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы региондук бөлүмүнө жана жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;»;
бешинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 36-пункттагы «аймактык мамлекеттик эмгек инспекциясына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 37-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«37. Убакыттын өтүшү менен оор категорияга өткөн же өлүмгө дуушар кылган өндүрүштөгү бөөдө кырсыктар жөнүндө жалдоочу эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө (өлүмгө дуушар болгон учурда - көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы жогору турган мамлекеттик органга), тиешелүү профсоюздук уюмга (же эмгек профсоюздарынын техникалык инспекциясына) билдирүүгө милдеттүү.»;
- 39-пункттагы «аймактар боюнча мамлекеттик эмгек инспекторлору, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик эмгек инспекциясы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын региондук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 225 «Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө жана эмгекти коргоо ишин уюштуруу тууралуу типтүү жобону жана Эмгекти коргоо боюнча уюмдун жумушчуларын окутуу жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимдерин текшерүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эмгекти коргоо боюнча уюмдун жумушчуларын окутуу жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимдерин текшерүү тартиби жөнүндө жободо:
- 1.3-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөргө алмаштырылсын:
- 3.3-пункттун бешинчи абзацындагы «Мамлекеттик эмгек инспекциясынын, башка мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын» деген сөздөргө алмаштырылсын:
- 3.9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«3.9. Эмгекти коргоо талаптары боюнча жумушчулардын билимдерин өз убагында текшерүүнү өткөрүүнү контролдоо эмгекти коргоо-кызматынын ишканаларынын, уюмдарынын жетекчилери, ал эми ишканалардын, уюмдардын жетекчилеринин билимдерин текшерүү - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик, орган тарабынан ишке ашырылат.»;
- аталган жобонун 1-тиркемесиндеги ар түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмгек инспекциясынын» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 60 токтомуна ылайык күчүн жоготту
7. КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 251 токтомуна ылайык күчүн жоготту
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүмүн 1993-жылдын 12-июлундагы № 304 «Жерди кайра иштетүү (рекультивация) жөнүндө» жана 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 «Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө» токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине, «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Ветеринария жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүн талдоодон өткөрсүн жана зарыл учурда тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
|
|