Редакцияот 01.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 1-ноябры № 1947-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевге карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жазык ишин козгоо жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Массалык башаламандыкты уюштурууга жана бийликти күч колдонуп басып алууга багытталган кылмыштардын белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Канатбек Исаевге карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон жазык иши жөнүндөгү маселени иликтөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-майындагы № 1591-VI токтому менен түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков