Редакцияот 01.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 1-ноябры № 1954-VI

"Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 14-июнундагы № 372 токтому) "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков