Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-ноябры № 1961-VI
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ж.Исаковдун Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-жылдын 10-майындагы "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" № 262 жана 2017-жылдын 10-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоонун жүрүшү жөнүндө" № 657 токтомдоруна ылайык отун-энергетика комплексинин ишканалары, министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары жана аткаруу бийлигинин башка органдары үчүн Иш чаралар планын кабыл алган.
Үстүбүздөгү жылдын жагымдуу метеошарттары Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн жогорулатууга өбөлгө болуп, 2017-жылдын 12-октябрына карата абал боюнча гидроресурстардын көлөмү 19,452 млрд. куб метрди (2016-ж. - 17,442 млрд. куб.м) түздү.
2017-жылдын январь-сентябрь айларында "Электрстанциялары" ААКсы 10,725 млрд. кВт. саат электр энергиясын (ГЭС-10,034 млрд. кВт. саат, ЖЭБ - 690,6 млн. кВт. саат) жана 1,433 млн. Гкал жылуулук энергиясын (2016-ж. 7,215 млрд. кВт. саат электр энергиясы, 1,132 млн. Гкал жылуулук энергиясы) иштеп чыккан.
"Чакан ГЭС" ААКсы көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде 147,3 млн. кВт. саат электр энергиясын иштеп чыккан.
2017-жылдын 16-октябрындагы абал боюнча Өзбекстан Республикасына электр энергиясынын экспорту кВт. саатына 1,37 сом баасында 1,136 млрд. кВт. саатты түзгөн.
Экспорттолуучу электр энергиясына баанын төмөндөө тенденциясын белгилей кетүү керек (2010-ж. - 1,38 сом/кВт саат, 2011-ж. - 1,31 сом/кВт. саат, 2012-ж. - 1,35 сом/кВт. саат, 2013-ж. - 1,94 сом/кВт. саат, 2017-ж. - 1,37 сом/кВт. саат), ошол эле мезгилде Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн Казакстан Республикасынын көмүрүнүн баасы акыркы жылдары үзгүлтүксүз өсүп жатат (2009-ж., - 32,8, 2010-ж., - 30,2, 2011-ж. - 34,2, 2012-ж. - 40,1, 2013-ж. - 42,4, 2014-ж. - 54,5, 2015-ж. - 56,0 АКШ доллары, 2016-ж. - 3600 сом, 2017-ж. - 3590 сом). Мындан улам "Электр станциялары" ААКсы электр энергиясын экспорттоо жаатындагы иштерди жетишсиз жүргүзүп жаткандыгын көрүүгө болот.
"Кыргызстандын Улуттук электр тармактары" ААКсынын тармактарына 2017-жылдын январь-сентябрында 10,426 млрд. кВт. саат электр энергиясы (97,2%) келип түшкөн. 2017-жылдын сегиз айында электр энергиясынын техникалык жоготуулары 539,756 млн. кВт. саатты (5,67%) түзгөн.
Электр жабдууларынын жана ВЛ 110-500 кВт. электр өткөргүчтөр чубалгыларынын өчүрүүлөрүнөн улам 194,93 миң кВт. саат көлөмүндөгү электр энергиясы кем түшкөн.
2017-жылдын январь-сентябрында бөлүштүрүүчү электр энергетика компанияларынын тармактарына (мындан ары - БЭК) 8,079 млрд. кВт. саат электр энергиясы (2016-ж. - 7,175 млрд. кВт. саат) келип түшкөн. Товардык продукция 9,536 млрд. сомду (2016-ж. - 8,249 млрд. сом) түзгөн. БЭКтин тармактарында электр энергиясынын жоготуулары 990,1 млн. кВт саатты (пландагы 11,9%дын ордуна 12,3%) түзгөн.
2017-жылдын 9 айында "Чыгышэлектро" ААКсы (пландагы 12,9%дын ордуна 1,0%), "Түндүкэлектро" (пландагы 11,8%дын ордуна 0,4%), "Жалалабадэлектро" (пландагы 11,1%дын ордуна 0,2%) электр энергиясынын жоготууларына дуушар болгон.
2017-жылдын 1-октябрына карата электр энергиясын керектөөчүлөрдүн дебитордук карыздары 1,326 млрд. сомду ("Түндүкэлектро" - 446,3 млн. сом, "Чыгышэлектро" - 376,5 млн. сом, "Ошэлектро" - 333,1 млн. сом, "Жалалабадэлектро" - 170,9 млн. сом) жана калк боюнча 544,2 млн. сомду түзгөн. Көрсөтүлгөн сумманын ичинен бюджеттик уюмдардын карызы 309,1 млн. сомду (23,3%), анын ичинде республикалык - 114,3 млн. сомду, жергиликтүү - 72,5 млн. сомду, Ош шаарынын "Жылуулук менен камсыздоо" МИси - 90,9 млн. сомду, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" МИси (мындан ары - "Кыргызжылуулукэнерго" МИси) - 30,7 млн. сомду жана "Бишкекжылуулукэнерго" КИси - 700,0 миң сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) тарабынан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча бюджеттик уюмдарды дайыма кем каржылоо электр жана жылуулук менен камсыздоо уюмдарынын карыздарынын көбөйүшүнө алып келүүдө. Ош шаарынын "Жылуулук менен камсыздоо" МИсин жетишсиз каржылоодон улам 2017-жылдын 1-октябрындагы абал боюнча "Ошэлектро" ААКсынын алдында 225,6 млн. сом суммасындагы карыз чогулган, алардын 134,7 млн. сомун туум түзөт.
2017/2018-жылдары жылуулук берүү мезгили башталганга чейин бюджеттик уюмдардын энергия менен камсыздоочу уюмдардын алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" МИсинде (30,7 млн. сом) жана Ош шаарынын "Жылуулук менен камсыздоо" МИсинде (90,9 млн. сом) карызы пайда болгон. Натыйжада "Ошэлектро" ААКсы 129,7 миллион сом жана "Түндүкэлектро" ААКсы - 75,1 млн. сом дебитордук карызга баткан.
2017-жылдын 9 айында БЭКтин тармактарында 4376 өчүрүү фактысы болгон жана апрель-сентябрь айларында, "Түндүкэлектро" ААКсынан тышкары, БЭКтин керектөөчүлөрүнүн бардык категориялары электр энергиясын керектөөнүн лимиттерий ашыра колдонушкан.
2017-жылдын 19-октябрындагы абал боюнча бюджеттик мекемелер тарабынан 116,7 миң тонна (82,5%), калк үчүн - 622,9 миң тонна (118,6%) көмүр даярдалган.
Айрым бюджеттик мекемелер тарабынан көмүр даярдоо аракеттеринде артта калуу көрүнүштөрүн белгилей кетүү керек. 2017-жылдын 19-октябрына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан - 840,0 тонна (23,4%), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги - 1,3 миң тонна (31,9%), Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги - 800,0 тонна (35,4%), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттиги - 1,6 миң тонна (57%) даярдаган. Ал эми Ысык-Көл регионундагы калк үчүн болгону 21,3 миң тонна (25,4%) даярдалган.
2017-жылдын 27-октябрына карата абал боюнча Бишкек ЖЭБине 261,2 миң т2онна (26%), анын ичинде импорттук - 115,01 миң тонна, ата-мекендик - 146,5 миң тонна ("кара-кече" - 125,8 миң тонна, "таш-көмүр" - 20,3 миң тонна) көмүр жеткирилген. Көмүрдүн калдыгы 256,3 миң тоннаны, жагылуучу мазуттун калдыгы - 4,8 миң тоннаны түзөт.
2017-жылдын 30-августунда Бишкек ЖЭБи модернизациялангандан кийин республиканын түндүгүндө күз-кыш мезгилинде электр кубаттуулугунун резервдерин керектөөгө өбөлгө түзгөн 300 мВт. жалпы кубаттуулуктагы эки жаңы энергоблок ишке киргизилген.
Жаңы энергоблокторун эксплуатацияга киргизүүгө байланыштуу "Электрстанциялары" ААКсы Казакстандан алынып келинген көмүрдөн баш тартуусу керек жана Бишкек ЖЭБи ата-мекендик көмүрдү пайдаланууга толук өтүүгө тийиш, бирок импорттук көмүрлөрдү алып келүү үлүшү (Казакстандан - 450,0 миң тонна, ата-мекендик - 550,0 миң тонна) дагы эле сакталып турат. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2011-жылдын 13-январындагы № 98-V) токтому менен 2013-жылга карата Бишкек шаарынын ЖЭБин ата-мекендик көмүрдү пайдаланууга толук өткөрүү милдети коюлган.
Ош шаарынын ЖЭБине 10,8 миң тонна жагылуучу мазут (75%) жиберилген жана 2017-жылдын 27-октябрына карата алардын калдыгы 14,8 миң тоннаны түзгөн. Ошону менен катар эле Ош шаарынын ЖЭБин отундун альтернативдүү түрүнө (көмүргө) которуу боюнча чаралардын көрүлбөй жаткандыгын баса белгилөөгө болот.
2017-жылдын 16-октябрына карата абал боюнча "Кыргызжылуулукэнерго" МИсине 21,2 миң тонна (учурдагы пландагыдан 60,5%) көмүр, 14,9 миң тонна (учурдагы пландагыдан 139,2%) жагылуучу мазут жөнөтүлгөн. Ал эми 2017-жылын 1-октябрына карата дебитордук карыз - 142,4 млн. сомду, кредитордук карыз - 81,6 млн. сомду түзгөн. Жылуулук энергиясынын керектөөчүлөрүнөн - дебиторлорунан карыздарды төлөтүп алууда мамлекеттик алым төлөтүү боюнча көйгөйлөрдүн бар экендигин белгилей кетүү керек ("Кыргызжылуулукэнерго" МИсинин 2017-жылдын 24-октябрындагы № 6-20526/17 кайрылуусу).
"Бишкекжылуулукэнерго" КИсине 2017-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 5,76 миң тонна (учурдагы пландагыдан 144%) көмүр жөнөтүлүп, дебитордук карыз 27,131 млн. сомду түзгөн.
2017-жылдын 9 айында "Бишкекжылуулук тармагы" ААКсынын тармактарына 1,318 млн. Гкал жылуулук энергия келип түшкөн. 2017-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 177,26 млн. сомду, жылуулук жана ысык суу менен жабдуунун үй ичиндеги тутумдарын техникалык тейлөөгө чыгымдар 65,799 млн. сомду (66,5%) түзгөн.
2017-жылдын январь-сентябрында "Кыргызкөмүр" МИсинин көмүр казып алуу көлөмү 998,3 миң тоннаны (Түндүк - 395,0 миң тонна, Түштүк - 600,3 миң тонна) түздү. Көмүр казып алуу тармагы боюнча өнөржай продукцияларынын көлөмү 1217,7 млн. сомду түзгөн. Бүтүндөй алганда республика боюнча көмүр казып алуу өткөн жылга салыштырганда 44,5 миң тоннага көбөйгөн. Бирок, Жалал-Абад областында көмүр казып алуу көлөмүнүн азайганына (2,6 миң тонна) көңүл буруу керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомдоруна ылайык, отун-энергетика комплексинин ишканалары электр жабдууларын пландык оңдоп-түзөө иштерин аякташты жана 2017/2018-жылдардын жылуулук сезонун өз учурунда башташты.
2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берген маалыматты эске алып жана республиканын отун-энергетикалык комплексинин ишенимдүү иштөөсү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилинде энерготутумдун туруктуу иштөөсүн жана керектөөчүлөрдү электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылсын;
- министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан отун даярдоо графигинин аткарылышын, электр энергиясынын жана кубаттуулук керектөөлөрүнүн белгиленген лимиттеринин сакталышын жана керектелген электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы жана жагылуучу мазут үчүн карыздардын ордунун өз учурунда жабылышын камсыздоо боюнча чараларды көрсүн;
- 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилинде отун даярдоо жана энергия менен жабдуу уюмдарынын алдында түзүлгөн дебитордук карыздарынын ордунун толук жабылышы үчүн бюджеттик уюмдарды каржылоо маселесин 2017-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө чечсин;
- 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилинде ата-мекендик көмүр кендеринен Бишкек ЖЭБин катуу отун менен толук камсыздоо боюнча чараларды тезинен көрсүн;
- "Кыргызжылуулукэнерго" МИсин мамлекеттик алым төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн карасын (2017-жылдын 15-августундагы № 153 "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы);
- республиканын экономикасын жана калкын катуу отун менен толук камсыздоо максатында ата-мекендик көмүр кендеринен көмүр казып алуу көлөмүн көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;
- энергетика ресурстарына чыгымдарды төмөндөтүү максатында энергиянын натыйжалуулугун жана энергияны үнөмдөөнү жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын;
- экспорттолуучу электр энергиясынын наркын көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети:
- 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилинде республиканын энерготутумунун Борбордук Азиядагы бириктирилген энергетика тутумунун курамында туруктуу параллелдүү иштөөсүн камсыз кылсын;
- 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүү учурунда электр жана жылуулук энергиясынын керектөөчүлөрүн авариялык өчүрүүлөрүнө жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 262 токтомуна ылайык Ысык-Көл регионунун калкын көмүр менен камсыздоо боюнча шашылыш чараларды көрсүн;
- бюджеттик уюмдар жана калк тарабынан керектелген электр жана жылуулук энергиясы үчүн акылардын толук көлөмүндө төлөнүшүн камсыз кылсын;
- "Кыргызжылуулукэнерго" МИсинин электр казандарын отундун альтернативдүү түрүнө (көмүргө, жаратылыш газына) которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтомуна ылайык чараларды көрсүн;
- Ош шаарынын ЖЭБин отундун альтернативдүү түрүнө (көмүргө) которуу боюнча чараларды иштеп чыксын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |