Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 1640-VI
"2017-жылдын 17-январында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 25-апрелиндеги № 241 токтому) "2017-жылдын 17-январында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Өмүрбекова |