Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели № 241
"Абу-Даби шаарында 2017-жылдын 17-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Абу-Даби шаарында 2017-жылдын 17-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Абу-Даби шаарында 2017-жылдын 17-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Абу-Даби шаарында 2017-жылдын 17-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Абу-Даби шаарында 2017-жылдын 17-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө эмират тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-апрелиндеги № 241 токтому менен жактырылган |
Абу-Даби шаарында 2017-жылдын 17-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Меморандумдун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-декабрындагы № 549-б буйругу менен жактырылган. Аталган Меморандумга 2017-жылдын 17-январында Абу-Даби шаарында кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум жарактуу улуттук дипломатиялык паспорттордун ээлерин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана болуу үчүн токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө виза алуу талаптарынан бошотууну карайт.
Аталган Меморандумду ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын жарандарынын - дипломатиялык улуттук паспорттордун ээлеринин өз ара барып-келүүлөрүн жеңилдетет, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет, саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Меморандумду ишке ашыруу финансылык чыгымдарды, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
"Абу-Даби шаарында 2017-жылдын 17-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза талаптардан өз ара бошотуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Абу-Даби шаарында 2017-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза талаптардан өз ара бошотуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн бул Меморандумга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Б.Абдылдаев, ал эми Бириккен Араб Эмираттары үчүн Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министри Шейх Абдилла бин Зайед Аль-Нахайян кол койгон.
Ошону менен бирге, Өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдун тексти 2014-жылдын 3-декабрындагы № 549-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен "Келишим" деген ат менен жактырылгандыгын белгилейбиз. Аны менен бирге, бекитүү иштерин жүргүзүүдө эмираттык Тарап сунуш кылган Меморандумдун долбоору негиз катары алынган, бирок тексти окуп текшерүү маалында, эмират Тарабынан редакциялык мүнөөздөгү сунуштар пайда болгон. Меморандумдун текстине анын концепциясын өзгөртпөгөн өзгөртүүлөр киргизилген жана ал өзгөртүүлөр кыргыз Тарап үчүн принциптүү эмес мүнөөздө болгондугун белгилеп кетиш керек.
Бул Меморандум анык дипломатиялык паспорт ээлери үчүн башка Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу, өтүү жана болуу үчүн токсон (90) күнгө чейинки мезгилге виза алуу талаптарынан бошотууну караштырат.
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамынын 5-1-беренесинин үчүнчү абзацына ылайык мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан киргизилген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган ушул эл аралык келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Муну менен катар акыркы убакта эки тараптуу кыргыз-эмираттык мамилелеринин деңгээли өскөнүн белгилей кетүү керек. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жанданганы байкалууда.
Ушуга байланыштуу Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргыз Республикасынын паспортторунун белгилүү категориялары үчүн визасыз режим киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.
Жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумду ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын дипломатиялык паспортторго ээ болгон жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетет жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишим-укуктук базаны кеңейтет, ал саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүнү шарттайт.
Ошондой эле белгиленген долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбей турганын билдиребиз.
Мындан тышкары, колдонуудагы улуттук жана эл аралык мыйзамдарга жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгы аныкталды.
Кошумча катары бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай турганын белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри |
| Э.Абдылдаев |