Редакцияот 29.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 29-июну № 1801-VI

Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын узак мөөнөттүү багыттарын, стратегиялык максаттарын, милдеттерин жана чараларын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2018-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө төмөнкүдөй чараларды көрүү тапшырылсын:

- региондордогу өкүлчүлүктөрү менен туризм боюнча өз алдынча мамлекеттик органды түзүү;

- таламдаш тараптардын катышуусу менен 2027-жылга чейин Кыргыз Республикасынын туристтик тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын туризмин жыл бою камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- бизнес-жамааттардын сунуштарын эске алуу менен туризмдин медициналык, тоо-лыжа жана башка түрлөрүн өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги "Ачык асман" саясатын ишке ашырсын, республикалык маанидеги трассаларды туристтик инфраструктураны жакшыртуу боюнча толук чараларды көрсүн, "Манас" эл аралык аэропортунун потенциалын жогорулатсын, анын ичинде аны концессияга берүү мүмкүнчүлүгүн карасын;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги негизги салттуу жана потенциалдуу туристтик рыноктордо туризм өлкөсү катары Кыргыз Республикасынын таанымал болушун арттыруу максатында айрым алыскы чет өлкөлөрдүн тиешелүү министрликтери менен иштөөнү оптималдаштырсын, чет өлкөлүк жарандар үчүн "электрондук визаны" киргизүү жол-жобосун тездетсин;

- "Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана 2016-жылдын жайкы туристтик сезонуна даярдык көрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-июнундагы № 653-VI токтомун аткарууну камсыз кылуу;

- Дүйнөлүк туристтик уюмдун (ЮНВТО) сунуштамаларына ылайык республикага кирген туристтердин эсебин жүргүзүү механизмин жана методологиясын киргизүү;

- туристтик тармакта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин киргизүү;

- туризм боюнча ыйгарым укуктуу органга тармакты өнүктүрүүгө акча каражаттарынын суратылган суммасын бөлүү.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Ч.Турсунбеков