Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-ноябры № 1959-VI
Депутат Кодуранова Асель Союзбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча депутат Кодуранова Асель Союзбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" № 16-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
үчүнчү абзацтагы "Төлөнов Данияр Эрмекович" деген сөздөр "Кодуранова Асель Союзбековна" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-январындагы "Депутат Д.Э.Төлөновду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" № 1275-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Д.Джумабеков |