ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1959-VI «Депутат Кодуранова Асель Союзбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция01.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 1-ноябры № 1959-VI

Депутат Кодуранова Асель Союзбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча депутат Кодуранова Асель Союзбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" № 16-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

үчүнчү абзацтагы "Төлөнов Данияр Эрмекович" деген сөздөр "Кодуранова Асель Союзбековна" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-январындагы "Депутат Д.Э.Төлөновду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" № 1275-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков