ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1965-VI «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Керезбеков Канат Керезбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция02.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 2-ноябры № 1965-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Керезбеков Канат Керезбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын; Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Керезбеков Канат Керезбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп шайлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" № 19-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктун экинчи абзацындагы "А.С.Кодуранова" деген сөздөр "К.К.Керезбеков" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Кодуранованы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" № 889-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков