КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-сентябры № 1857-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Иманалиев Каныбек Капашевич Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан жана ага ылайык көрсөтүлгөн Парламенттер аралык Ассамблеясынын илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
2. "Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 37-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Текебаев Өмүрбек Чиркешович Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
- Иманалиев Каныбек Капашевич Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары | А.Өмүрбекова |