КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-сентябры № 1844-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 41-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Касымалиева Аида Камчыбековна Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамына киргизилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 34-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Исаев Тилектеш Каримович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын.
3. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Жылкыбаев Узарбек Казиевич жана Саматов Жыргалбек Алимбаевич Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан жана тиешелүүлүгүнө жараша Парламенттер аралык Ассамблеянын экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Токторов Алмазбек Сатиевич жана Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Ч.Турсунбеков |