КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 2002-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттагы "Д.Э.Төлөнов", "А.А.Кожомкулов" жана "К.Р.Садыков" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "А.С.Кодуранова", "Т. уулу Курманбек" жана "А.А.Акматова" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Д. Джумабеков
|