Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 342-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-ноябры № 29-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 1142-VI, 2017-жылдын 16-февралындагы № 1352-VI, 2017-жылдын 25-майындагы № 1619-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 2002-VI, 2018-жылдын 7-мартындагы № 2293-VI, 2018-жылдын 28-июнундагы № 2533-VI, 2018-жылдын 27-декабрындагы № 2800-VI, 2021-жылдын 24-мартындагы № 4477-VI токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдары кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
А.К.Касымалиева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары; Комиссиянын төрагасы;
Н.О. Сыдыгалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары; Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
А.А. Сабырбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси;
Т.Т.Шаболотов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары;
Э.М. Сыдыков- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусу;
Б.М. Мамытов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Юридикалык бөлүмүнүн башчысы;
Э.И.Исакова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Мамлекеттик кызмат жана кадр иштери бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын катчысы.
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 1142-VI, 2017-жылдын 16-февралындагы № 1352-VI, 2017-жылдын 25-майындагы № 1619-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 2002-VI, 2018-жылдын 7-мартындагы № 2293-VI, 2018-жылдын 28-июнундагы № 2533-VI, 2021-жылдын 24-мартындагы № 4477-VI токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Мамлекеттик кызмат жана кадр иштери бөлүмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө келип түшкөн документтерди комиссиянын кароосуна киргизсин жана андан аркы иштерди белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча Комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы № 650-V токтому;
"2011-жылдын 16-июнундагы № 650-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча Комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-мартындагы № 1747-V токтому.
Төрага | А. Жээнбеков |