Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 743 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №97 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын токойлорунда жыгачтарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн ЭРЕЖЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Бул Эрежеде колдонулчу түшүнүктөр жана аныктамалар
III. Жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн тартиби
IV. Жыгач камдоонун жана мөөнөтү кийинкиге жылдыруунун мөөнөттөрү
жана тартиби
V. Бул Эрежени бузгандык үчүн жоопкерчилик
VI. Эреженин аткарылышына мамлекеттик контролду ишке ашыруу
Бул, Кыргыз Республикасынын токойлорунда жыгачтарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежеси (мындан ары - Эреже) Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык иштелип чыккан жана токой аянттарын бөлүп берүүнүн, жыгач камдоонун жана берүүнүн, багуу үчүн кыюуда (жакшыртып кыюу, суюлтуу, жаңыртуу), санитардык, токойду калыбына келтирүүчү жана башка кыюуларда, аз баалуу өсүмдүктөрдү реконструкциялоого жана токойду черден тазалоого байланыштуу кыюуларда Кыргыз Республикасынын токой фондунун аймагындагы токой аянттарын пайдалануучуларга өткөрүп берүүнүн тартибин аныктайт.
1. Мамлекеттик токой фондуна кирбеген, айыл чарба багытындагы жерлерде, коммуналдык токойлордо, анын ичинде жеке менчик токой жерлерде, эрозияга каршы өсүмдүктөр, темир жол, автомобиль жолдорду, каналдарды, магистралдык өткөргүч түтүктөрдү жана башка линиялык курулмаларды чектөө тилкелеринде жайгашкан токой өсүмдүктөрү жана жыгач-бадал өсүмдүктөр үчүн, шаарларда жана башка калктуу конуштарда ал объекттерди жагымсыз табигый кубулуштардан коргоо, айлана-чөйрөнүн булганышын болтурбоо, ызы-чуунун таасирин азайтуу үчүн арналган жашылдандыруучу өсүмдүктөр үчүн бул Эреже ал өсүмдүктөр аткаруучу коргоочу функциялардын арналышын эске алуу менен колдонулат.
2. Мамлекеттик коруктардын, мамлекеттик улуттук жаратылыш парктарынын жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын токойлорунда бул Эреже ал аймактардын режимине, токой чарбасын жүргүзүүнүн жана "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген токой пайдалануунун тартибине каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
3. Бул Эреже төмөнкүлөр үчүн милдеттүү болот, алар:
- токой чарбасын жүргүзүүнү пландоо жана контролдоо тапшырылган ишканалар, мекемелер жана уюмдар;
- токой чарбасын жүргүзүүгө жана жыгач жана экинчи даражадагы жыгач материалдарды камдоо жана ташып чыгуу боюнча токой пайдаланууларды ишке ашырууга байланыштуу иш-чараларды аткарууда иштеген токой пайдалануучулар;
- токой аянттарын мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлеринин курамынан чыгарганда өндүрүштүк объекттерди куруу үчүн токой аянттарын тазалоодо, ошондой эле токойлордо токой чарбасын жүргүзүүгө жана башка токой пайдаланууларды ишке ашырууга байланышкан да, байланышпаган да башка жумуштарды аткарууда иштеген ишканалар жана уюмдар.
жогорку кампа - жыгачтар жана сортименттер үчүн ылдыйкы кампага же керектөөчүгө ташып чыгуу үчүн жүктөөчү аянт;
экинчи даражадагы жыгач материалдар - дүмүр, тамыр, чамынды, чегедек түрүндө пайдаланылчу жыгач материалдар;
жыгач сортименттери жана шыргыйлар - стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарына жооп берүүчү, иштетиле элек (жумуру) жана иштетилген (тилинген), белгиленген арналыштагы жыгач материалдар;
жыгач кыюу фонду - багуу үчүн, санитардык жана токойду калыбына келтирүүчү кыюулардын жана токойду кыюунун башка түрлөрүнүн пландаштырылган көлөмүнөн түзүлөт;
кыйылчу жер - токойдун кыюуга арналган участогу;
жыгач кыюу белети - токой пайдалануучунун жыгач камдоого (токой кыюуга), экинчи даражадагы жыгач материалдарды камдоого укугун күбөлөндүрүүчү документ;
токой жайгаштыруу - токой чарба ишинин, токойлорду корууга, сактоого, көбөйтүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга, токой чарбасын жүргүзүү маданиятын жогорулатууга арналган адистештирилген түрү;
токой таксалары - түп акысы, тамыр акысы - жыгач ресурстардын ар кыл түрлөрүн пайдалангандык үчүн ал ресурстарды коргоого жана кайра калыбына келтирүүгө чыгымдардын ордун толтурулушун камсыздоочу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген акы;
токой чарба же өз алдынча баланстуу токойчулук (мындан ары - токой чарбалар) - токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдардын курамдык бөлүгү болгон жана токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын жана токой чарбалык ишкананын функцияларын аткаруучу өзүнчө өндүрүштүк-чарбалык бирдик;
кыйыла электер - кыюуга арналган, бирок жыгач кыюу белетинде каралган мөөнөттө кыйылбаган жыгачтар же токойдун участогу;
ылдыйкы кампа - жыгач сортименттерин сактачу база же пункт;
жыгач берүүгө наряд - кыюуларды жүргүзүү үчүн токой чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берчү катуу отчеттуулуктагы уруксат документ;
ордер - токойду черден пландан тышкаркы тазалоодо жыгачты аз-аздан берүүгө укук берүүчү документ;
кыйылган жерлерди текшерүү - токойду кыюунун, экинчи даражадагы жыгач материалдарды камдоонун толуктугун жана тууралыгын, ошондой эле кыйылбай калгандарды, ташылып кетпеген жыгачтарды жана токой пайдалануудагы башка эреже бузууларды аныктоо;
плюстук (үрөндүк) дарак - токой жерлерде үрөнчүлүк максатта жана андан аркы селекция үчүн чарбалык-баалуулук белгилеринин бири же комплекси боюнча тандалчу мыкты дарак;
кыйыр токой пайдалануу - токойдун жыгач эмес продукциясын азыктануу жана калктын башка керектөөлөрүн канааттандыруу (чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу, жапайы өскөн мөмөлөрдү жана жемиштерди, жаңгактарды, козукарындарды, дары өсүмдүктөрдү жана техникалык сырьену жыйноо жана камдоо) үчүн пайдалануу;
технологиялык карта - токой кыюу жумуштарын жүргүзүүнүн кабыл алынган технологиясы жана мөөнөттөрү, кыюунун жана кыйгандагы чамындылардан тазалоонун ыкмалары, сүйрөп өтүүчү жолдорду, жүктөөчү аянттарды, жеткирүүчү жана ташып чыгуучу жерлерди жайгаштыруу схемасы, жаш дарактарды жана өнүмдөрдү сактоо аянты жана алардын сакталуу проценти, токойду калыбына келтирүүнүн ыкмалары жана эрозиялык процесстерди болтурбоо боюнча иш-чаралар.
4. Мамлекеттик токой фондунун аймагында кыюуларды жүргүзүүдө (башка кыюулардан бөлөгүндө) жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүү ушул Эрежеге жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.
5. Өзгөчө экологиялык кырдаал жана экологиялык кырсык болгон зоналарда, анын ичинде химиялык жана радиоактивдүү заттар менен булганган токойлордо жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүү ушул Эрежеге жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.
6. Чегара зонасында жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленчү тартипте ишке ашырылат.
7. Жыгачты токой чарбаларга токой чарбасынын керектөөлөрү үчүн өсүп турган жеринде баалап өткөрүү Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 50-статьясына ылайык ишке ашырылат.
8. Башка кыюуларда жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүү токой жайгаштыруу жумуштарын жүргүзүүдө, айрым дарактарды илимий максатта кыюуда, гидротүйүндөрдү, өткөргүч түтүктөрдү, жолдорду курууга байланыштуу токой аянттарды тазалоодо, ошондой эле токой ичиндеги чыйырларды салууда жана өрткө каршы ачыктарды жасоодо Кыргыз Республикасынын Токой кодексинде каралган кыюуга чек коюлгандан башка учурларда ушул Эрежеге ылайык ишке ашырылат.
9. Мамлекеттик токой фондунун участокторунда жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн ар жылдык өлчөмү кыюулардын Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 84-статьясына ылайык аныкталчу ар жылдык көлөмүн (токой кыюу фондун) жана санитардык-тазалоочу иш-чараларды камтыйт.
10. Мамлекеттик токой фондунун участокторунда жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн ар жылдык өлчөмүн аныктоонун, токой кыйылчу жерлерди даярдоо үчүн жумуштарды жүргүзүүнүн, кыйылчу жерлерди жана камдалган жыгачтарды текшерүүнүн тартиби токой чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитүү менен аныкталат. Токой чарбалар жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүдө ишке жарактуу жыгачтын чыгышын эске алуу менен таксаларга карата коэффициенттерди колдоно алышат.
11. Токой чарбалар токойду узак мөөнөттүү пайдаланууга укугу бар токой пайдалануучулардын арыздарынын негизинде аларды кыюунун өздүк өтүнмөлөрүнө киргизишип, жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүгө жыйынтыктоочу материалдарды түзүшөт.
12. Токой чарбалар токой чарбасын жүргүзүү тармагындагы нормативдик укуктук актыларга жана токой жайгаштыруу материалдарына ылайык кыюуларды жүргүзүү үчүн жерлерди чектешет жана кыйылчу жерлерге материалдык-акчалай баалоо жүргүзүшүп, анан токой чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга жыгач кыюуга наряд алуу үчүн материалдарды токой кыюу башталаардан бир ай мурдатан беришет.
13. Мамлекеттик токой фондуна кирбеген өсүмдүктөрдү кыюу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же жергиликтүү мамлекеттик администрациялар айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык органдары менен макулдашуу боюнча аныкташчу тартипте ишке ашырылат.
14. Мамлекеттик токой фондунун участогунда жыгач камдоо жыгач кыюу белети жана жыгачты аз-аздан берүүгө ордерлер боюнча, ал эми экинчи даражадагы жыгач материалдарды камдоо жана кыйыр пайдалануу - токой белеттери боюнча ишке ашырылат.
Жыгач кыюу белетин токой чарбалар жыл сайын конкреттүү токой кыюучу жерге карата беришет жана токой пайдалануучуга жыгач камдоого жана ташып чыгууга укук берүүчү документ болуп эсептелет.
Токой кыюунун бардык түрлөрүндө токой кыйылчу жерлерди даярдоо токой пайдалануучу иштеп чыгуучу технологиялык карталар боюнча ишке ашырылат, алар токой чарбалар менен макулдашылат жана ансыз жыгач кыюуга белеттер берилбейт.
Жыгачты аз-аздан берүүгө ордерди токойчулук токойду черден арылтууда (токойду чапкындан жана шамалдан сынган жыгачтардан тазалоодо) жыгач кыюуга белеттин негизинде берилет.
15. Жыгач кыюуга белет (ордер) берилгенге чейин кыюу үчүн өзгөчө тартипте, кыюу башталганга чейин бир ай мурдатан төмөнкүдөй уруксат берилет:
- авариялык кырдаал түзгөн дарактарды (байланыш, электр өткөрүү линияларына, автотрассаларга, имараттарга жана курулмаларга, турак үйлөргө жыгылуу коркунучу болгон дарактарды же аварияларды жоюуда) кыюуга;
- токой кыйылчу жерлерди бөлүүдө, токой жайгаштыруу жүргүзүүдө, изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн чыйырларды салууда жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө, токой өрттөрүн өчүрүүдө, токойду кургатуу тармагын оңдоодо жана тазалоодо, авариялык-сактоо жумуштарын жүргүзүүдө кыюуга.
16. Токой кыюучу жерлер токой пайдалануучуларга токой чарбасы өткөргөн конкурстун жыйынтыгында, токой кыйылчу жерлерди иштетүүгө келишимди тариздөө менен, тараптардын жоопкерчиликтерин, укуктарын жана милдеттерин көрсөтүү менен берилет.
Токой кыйылчу фондду пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү тартибин токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик орган аныктайт.
17. Токой пайдалануучулар жыгач камдоодо Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 16, 27, 28 жана 39-статьяларында каралган талаптарды аткарууга, ошондой эле төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
- айлана-чөйрөнү коргоонун талаптары аткарылышын камсыздоо боюнча бардык чараларды көрүүгө;
- дарыялардын нуктарын жыгач агызуу жана жыгач ташуучу жол катары пайдаланууга жол бербөөгө;
- токой кыйылчу жерлерди токойдо өрт коркунучунун мезгили башталганга чейин тазалоого;
- токой кыюуда жана жолдорду тазалоодо, токой кампаларын түзүүдө жана курулмаларды курууда мамлекеттик токой фондунун участоктору калдыктар менен толушуна жол бербөөгө;
- плюстук (үрөндүк) жана кыйылбачу башка дарактардын, өнүмдөрдүн, токой өсүмдүктөрүнүн, ошондой эле токой жайгаштыруу жана токой чарбалык белгилердин, дарактардагы жана дүмүрлөрдөгү тамгалардын сакталышын камсыздоого;
- жолдордун, көпүрөлөрдүн, чыйырлардын, ошондой эле жолдук жана гидромелиорациялык курулмалардын, нуктардын бузулушуна жол бербөөгө.
18. Мыйзамсыз камдалган жыгач, ошондой эле токой пайдалануучулар токой пайдаланууга укугу токтотулгандан жана жыгач кыюу белетинин жарактуулугу бүткөндөн кийин камдаган жыгачтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатуу үчүн алып коюуга жатат.
19. Жыгач камдоо мөөнөтү өтүп жаткан жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин, токой кыюучу жер дайындалган мөөнөткө, ал эми ташып чыгуу кийинки жылдын 1-майына чейин белгиленет. Жыгач камдоонун жана ташып чыгуунун мөөнөттөрү жыгач кыюу белетинде көрсөтүлөт.
20. Токой пайдалануучулар жыл сайын, кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен токой чарбага аянт жана камдалган жыгачтын, анын ичинде ишке жарактуу жыгачтын көлөмү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле кийинки жылдын январынын 15инен кечиктирбестен аянт жана токой кыйылчу жердеги калган жыгачтар жөнүндө маалыматтарды беришет.
21. Кыюу белгиленген жердеги камдалган жыгачты эске алуу менен жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүдө жыгачты токой чарбасы аны камдоо менен бирге эле алып чыгышына уруксат берилет.
Жыгачты өрттөн бузулган, ошондой эле чапкындан жана шамалдан бузулган дарак өсүмдүктөрдүн санын эске алуу менен өсүп турган жеринде баалап өткөрүүдө аны ошол жыгачтын санын эсепке алуу уюштурулган шартта ташып чыгууга уруксат берилет.
Эгер жыгач жыгач кыюу белеттеринде (ордерлеринде) көрсөтүлгөн жерлерге жайгаштырылган орто аралыктагы кампаларга (жогорку кампа) алынып келсе, анда кыйган жеринен ташылып кетти деп эсептелет. Таксалардын разряды жыгачты кыйчу жер менен ылдыйкы кампанын ортосундагы аралыкты эсепке алуу менен аныкталат.
22. Башка кыюуларды жүргүзүүдө тазалануучу аянттардагы жыгачтарды берүү долбоордук документтерде бул иштерди жүргүзүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырылат. Мында жыгач кыюу белеттери өткөн жылы иштетүү каралган жыгачтын көлөмүнө жараша жазып берилет.
23. Жыгач камдоочулар өтүп жаткан жылга карата бөлүп берилген токой кыюу фондун толук пайдаланышкан шартта аларга токой чарбасын башкаруу боюнча республикалык мамлекеттик органдын уруксаты менен, тийиштүү документтер таризделгенден кийин токой кыюучу жерлерде токой кыюу фондунун 30 процентинин өлчөмүндө мөөнөтүнөн мурда кыюуга уруксат берилет.
24. Токой чарбанын карамагына түшүүчү (ээсиз, жыгач камдоочулар белгиленген мөөнөттө алып кетишпеген жана мыйзамсыз кыйылган) жыгачты ташып чыгуу мөөнөтүн токой чарбасы андай жыгачтын көлөмүнө, ташып чыгуу мезгилине, ташуу жолдоруна жана башка шарттарга жараша аныктайт.
25. Башталган жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлбөгөн жыгач кыюучу жерлер бар болсо токой пайдалануучу ал жумуштарды жүргүзүүнү 5 айдан ашпаган мөөнөткө узарттыра алат. Мөөнөттү узартууну токой чарбасын башкаруу боюнча мамлекеттик орган токой пайдалануучунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берет, арыз камдоону аяктоонун белгиленген мөөнөтүнөн кечиктирбестен тапшырылууга тийиш.
26. Камдалган, бирок мөөнөтүндө ташылып кетпеген жыгач токойдо калган учурда токой пайдалануучу ал жумуштарды жүргүзүүнү 5 айдан ашпаган мөөнөткө узарттыра алат. Мөөнөттү узартууну токой чарбасы токой пайдалануучунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берет, арыз камдоону аяктоонун белгиленген мөөнөтүнөн кечиктирбестен тапшырылууга тийиш.
27. Кийинки жылдагы токой кыюу фондуна кыйылчу жерде кыйып бүтпөй калган, мөөнөтү кийинкиге жылдырылган кыйыла электер жана келерки жылдагы кыйылчу жана баштала электер киргизилет.
28. Токой чарбалар кыйылчу жерлерде кыюу туура жүргүзүлгөнүн контролдоп текшерет жана кыйылган жерлерди (кыйылбай калгандардын жана ташылып кетпей калгандардын жыгач кыюу белетинде көрсөтүлгөн санга ылайыктыгын) текшерип карайт.
29. Токой пайдалануучулардын мамлекеттик токой фондунун аймагында, ошондой эле мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо (жеке менчик токой жерлерден башкаларда) бул Эреженин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
30. Бул Эрежеде Токой пайдалануу, коруу, сактоо жана көбөйтүү, ошондой эле пайдалануу укугун токтотуу жагында каралган талаштар соттук тартипте чечилет.
31. Бул Эреженин сакталышын мамлекеттик контролдоо токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органга жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
|
|