Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-4-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/4 токтомуна карата тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 29-февралындагы № 11/3, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" ушул убактылуу жободо (мындан ары - Убактылуу жобо) Улуттук банктын лицензиясын алышкан коммерциялык банкка (мындан ары - банк) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысында аныкталган шарттарда жана тартипте жеке адамдарга чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) улуттук валютада кредит берүүсүнүн жалпы шарттары жана тартиби аныкталат.
2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кредит кредиттөөнүн мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана камсыздалгандык сыяктуу жалпы принциптерин сактоо менен улуттук валютада берилет.
4. Кредит банкка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысында аныкталган шарттарда жана тартипте, жеке адамдарга чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында берилет.
5. Ушул Убактылуу жобонун 4 жана 13-пункттарынын талаптарына жооп берген банктар катышуучулар болуп саналышат.
6. Кредит берүү шарттары, ал боюнча пайыздык чен жана кредиттин көлөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.
7. Улуттук банк кредитти мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен алты айга чейинки мөөнөттө берет.
8. Банктын кредитти кайтарып берүү милдеттенмеси күрөө менен камсыз болот. Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган акча каражаттарына карата талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы гана (АКШ доллары) күрөө предмети болуп саналат. Күрөөнүн жеткиликтүүлүк көлөмүнө (пайыздык мааниде) жана башка параметрлерине карата талаптар Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.
9. Банктын Улуттук банк менен кредит боюнча өз ара мамилеси ушул Убактылуу жобо жана тиешелүү эки тараптуу Кредиттик келишим менен ушул Убактылуу жобого карата 1-тиркемеге жана Күрөө жөнүндө келишимге ылайык, ошондой эле ушул Убактылуу жобого карата 2-тиркемеге ылайык жөнгө салынат. Ислам каржылоо принциптеринде иш жүргүзгөн коммерциялык банктын Улуттук банк менен өз ара мамилеси ушул Убактылуу жобо жана тиешелүү эки тараптуу келишим, ушул Убактылуу жобого карата 5-тиркемеге, жана Күрөө жөнүндө келишим менен, ушул Убактылуу жобого карата 6-тиркемеге ылайык, жөнгө салынат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 29-февралындагы № 11/3 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Атоолор жана аныктамалар
10. Күрөө жөнүндө келишим - бул Улуттук банк менен банктын ортосунда Убактылуу жобонун алкагында түзүлгөн келишим, анын негизинде банктын кредиттик каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Келишимде күрөөнү сунуштоо шарттары жана тартиби аныкталат жана ал Убактылуу жобонун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
11. Кредиттик келишим - бул, Улуттук банк менен банктын ортосунда Убактылуу жобонун алкагында түзүлгөн келишим, анын негизинде Улуттук банк банкка кредит берет. Келишимде кредит берүү шарттары жана анын ордун жабуу тартиби аныкталат жана ал Убактылуу жобонун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
12. Улуттук банктын операциялык күн боюнча регламентине ылайык ар бир иш күнүнүн саат 8.30дан 16.30га чейинки убакыт аралыгы операциялык күн болуп саналат.
3. Кредит алуу шарттары жана тартиби
13. Улуттук банктан кредит алуу үчүн банк, төмөнкү шарттарга жооп берүү менен төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш:
- улуттук жана чет өлкө валюталарында банк операцияларын жүргүзүүгө Улуттук банктын лицензиясынын болушу;
- Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында күрөөлүк камсыздоо үчүн чет өлкө валютасында депозиттик эсептерди ачуу жана аларды тейлөө жөнүндө кол коюлган келишимдин болушу;
- ушул Убактылуу жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген, жеткиликтүү күрөөлүк камсыздоону сунуштоого тийиш;
- банктын тиешелүү башкаруу органдарынын кредит алуу жана суралып жаткан кредитти камсыздоого активдерди сунуштоо жөнүндө чечими (банктын уставына ылайык) жана банктын ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлган, кредиттин жана күрөөлүк камсыздоонун көлөмү, кредит алуу максаты көрсөтүлгөн, кредит берүү жөнүндө өтүнүч катты берүүгө тийиш;
- банктын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо (ушул Убактылуу жобого карета 3-тиркеме) боюнча планын берүүгө тийиш;
- банктын кредиттерди конвертациялоо банктын карыз алуучусунун каалоосу боюнча ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырыла тургандыгы (ушул Убактылуу жобого карата 4-тиркеме) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык келээри тууралуу милдеттенмесин берүүгө тийиш;
- убактылуу администрация, жоюу режими киргизилбеген;
- банктын көчүрмөлөрүн, банктын төлөм тапшырмаларын жана башка документтерди алуу үчүн жоопкерчиликтүү адамга банктын атынан жазылган Улуттук банкка бериле турган ишеним катты берүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/2 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Банк чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоону банктын чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо боюнча планына, ошондой эле ушул Убактылуу жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысына ылайык жүргүзүүгө милдеттенет.
15. Банктын ушул Убактылуу жобонун 4, 13 жана 14-пункттарынын талаптарына ылайык келбеши, ага кредиттин суралып жаткан суммасын берүүдөн баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.
16. Контролдук кылуу максатында, Улуттук банк банк тарабынан жүргүзүлгөн конвертациянын ушул Убактылуу жобонун 13 жана 14-пункттарында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
17. Коммерциялык банктарга бериле турган кредиттердин максималдуу көлөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.
18. Банк ушул Убактылуу жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн Улуттук банк Башкармасынын чечими күчүнө кирген кийин кредит алуу үчүн Улуттук банкка кайрылууга укуктуу.
4. Кредит боюнча пайыздарды эсептөө
19. Улуттук банк тарабынан банкка кредит берүү учурунда банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы эсебине акча каражаттарынын чегерилиши, Улуттук банк менен банктын ортосунда тиешелүү Кредиттик келишим жана Күрөө жөнүндө келишим тариздетилип, кол коюлгандан кийинки жана Күрөө жөнүндө келишим ыйгарым укуктуу органда катталган күндөн кийинки иш күнүнөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.
20. Улуттук банк менен банктын ортосундагы Кредиттик келишимди жана Күрөө жөнүндө келишимди тариздөө банктын ушул Убактылуу жобонун 18-пунктуна ылайык Улуттук банкка кайрылуусунан кийин 3 жумуш күнү ичинде, ал эми Күрөө жөнүндө келишимди ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өткөртүү - 1 жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат. Күрөө катары каралган чет өлкө валютасы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү шарттары жана мөөнөттөрү, күрөөлүк камсыздоо алдында чет өлкө валютасындагы депозиттик эсептерди ачуу жана тейлөө жөнүндө келишим менен жөнгө салынат.
21. Кредит боюнча пайыздык чендин өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. Кредиттин ар бир траншынын суммасына пайыздар берилген траншты айкын пайдаланган мезгил ичиндеги жөнөкөй пайыздар формуласы боюнча, жылдагы 360 календардык күндүн санына жараша, төмөнкү формула боюнча чегерилет:
Р = (С х I х Т) / 360 / 100, мында
Р - транш боюнча пайыздардын суммасы;
С - транштын суммасы (сом);
I - пайыздык чен (жылдык %);
Т - траншты пайдалануу мөөнөтү.
22. Банк берилген кредитти колдонгон календардык күндөрдү айкын эсептөөгө мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөр да кошулат.
5. Кредитти камсыздоо
23. Күрөө сунушталган шартта гана банкка кредит берилет. Банктын Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсебиндеги акча каражаттарын талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары) гана банктын кредит боюнча күрөөсү катары колдонулат.
24. Кредитти камсыздоого сунушталган күрөө Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жакка күрөөгө берилбейт жана кайра күрөөгө коюлбайт. Банктын Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсебиндеги күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган акча каражаттарын талап кылуу укугу, Күрөө жөнүндө келишимде башкасы каралбаса, менчик укугунда банкка таандык болууга тийиш.
25. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиз деңгээлде сунушталышы, Улуттук банктын банкка кредит берүүдөн баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.
26. Банк тарабынан Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелери аткарылбаган же талапка ылайыксыз аткарылган шартта, ошондой эле Кредиттик келишим жана Күрөө жөнүндө келишимде каралган башка учурларда Улуттук банк өз талаптарын соттон тышкары күрөөдөн өндүрүүнү жүргүзүү же аны күрөө жөнүндө келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарга жана талаптарга ылайык соттон тышкаркы тартипте сатып өткөрүү аркылуу, күрөөнүн эсебинен толук көлөмдө канааттандырууга укуктуу.
27. Банк кредит жана ага кошуп эсептелген пайыздар боюнча өз милдеттенмелерин өз убагында жана толугу менен аткарган шартта Улуттук банк күрөөнү 5 жумуш күнү ичинде бошотот.
6. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төлөө мөөнөтүн узартуу
28. Банк тарабынан ушул Убактылуу жобонун жана Кредиттик келишимдин талаптары, ошондой эле Улуттук банктын башка талаптары аткарылган шартта, анын ичинде кредит боюнча милдеттенмелери өз убагында жана толугу менен аткарылган, ошондой эле банктын өтүнүч катынын негизинде алынган кредиттер боюнча кандайдыр бир бузууларга жол берилбеген болсо, Улуттук банк банктын кредиттик ресурстарды төлөө мөөнөтүн 6 айдан ашпаган мөөнөткө узартууга укуктуу.
29. Пролонгациялоо шарттары, анын ичинде пролонгациялоолордун саны, ошондой эле пролонгациялоодо пайдаланылган пайыздык чен Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.
30. Кредиттик ресурстарды төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн банк кредитти төлөө мөөнөтү бүткөнгө чейинки кеминде 1 ай ичинде кредитти пролонгациялоо жөнүндө өтүнүч катты, жаңы Кредиттик келишимди жана Күрөө жөнүндө келишимди же болбосо Кредитти пролонгациялоо жөнүндө кошумча келишимди түзүү үчүн Улуттук банкка жөнөтөт.
7. Кредиттин ордун жабуу тартиби
31. Кредиттин негизги суммасынын ордун жабуу кредиттин мөөнөтү бүткөн күнү, операциялык күндүн акырына чейин акча каражаттарынын суммасын улуттук валютадагы өз корреспонденттик эсебинен Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү аркылуу ишке ашырылат. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөө Кредиттик келишимге ылайык, банк тарабынан ай сайын жүргүзүлөт.
32. Кредиттин негизги суммасынын ордун жабуу жана/же ал боюнча кошуп эсептелинген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алуу күнүнө туура келип калса, кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча кошуп эсептелген пайыздарды ордун жабуу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.
33. Кредиттин орду жабылчу күнү анын негизги суммасынын жана/же ал боюнча кошуп эсептелген пайыздардын орду толук көлөмдө жабылууга тийиш, бөлүп-бөлүп төлөөгө жол берилбейт.
34. Банк негизги карызды жана ал боюнча пайыздарды Кредиттик каралган тартипте мөөнөтүнөн мурда жарым жартылай же толугу менен төлөөгө укуктуу, мында ла бул тууралуу Улуттук банкка ордун жабуу пландаштырылган күнгө чейинки 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен алдын-ала маалымдоого тийиш.
35. Банк кредит жана ал боюнча кошуп эсептелген пайыздар боюнча өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук көлөмдө аткарган шартта, күрөөнү бошотуу ушул Убактылуу жобонун 27-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
36. Эгерде кредитти төлөө мөөнөтү өткөрүлүп жиберилсе, анда төлөөнү ишке ашыруу кийинкиге жылдырылбайт. Банктын кредит боюнча жоопкерчилиги Кредит келишиминде каралган.
37. Улуттук банк банкка ушул Убактылуу жобого ылайык сунушталган кредиттин төлөө мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген шартта:
- кредиттин негизги суммасына, кошуп эсептелген пайыздарга жана айып санкцияларына барабар өлчөмдө акча каражаттарды кредиттин ордун жабуу эсебине банктын улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте алып сала алат;
- кредиттин, ал боюнча кошуп эсептелген пайыздардын, туумдардын жана айыптын ордун ушул Убактылуу жобого, Кредиттик келишимге жана Күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен жаба алат.
8. Жоопкерчилик жана укукка жатпаган аракеттер
38. Банк күрөөнүн болушуна жана өз убагында сунушталышына, Кредиттик келишимдин жана Күрөө жөнүндө келишимдин таризделишине жана берилишине жана анын ушул Убактылуу жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө каттоодон өткөртүлүшүнө жооп берет.
39. Банк ушул Убактылуу жобонун жана кол коюлган келишимдердин, макулдашуулардын, ошондой эле аларга карата кошумча келишимдердин бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы үчүн жооп берет. Банк тарабынан ушул Убактылуу жобонун 14-пунктундагы шарттар аткарылбаган учурда Улуттук банк банктын корреспонденттик эсебинен кредиттин негизги суммасынын 1% өлчөмүндөгү бир жолку айыпты акцептсиз тартипте эсептеп алып салат жана ал берилген кредиттин негизги суммасын же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда талап кылууга укуктуу. Банктын аткаруу органынын жетекчиси чет өлкө валютасындагы кредиттердин улуттук валютага, кредиттерди конвертациялоо планына ылайык конвертацияланышы үчүн жекече жооп берет. Улуттук банк банктын аткаруу органынын жетекчисине карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
40. Банк кредиттин негизги суммасынын жана ал боюнча кошуп эсептелген пайыздардын суммасынын өз убагында жана толук төлөнүп берилишине жооп берет.
41. Банк тарабынан кредит боюнча карыз жана ал боюнча пайыздар белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн шартта, өндүрүү банктын корреспонденттик эсебинен каражаттардын Улуттук банк тарабынан акцептсиз алынып салынышы аркылуу, кошумча билдирүүсүз жүргүзүлөт.
42. Кредиттин негизги суммасынын жана ал боюнча пайыздардын жана Кредиттик келишимде каралган башка төлөмдөрдүн ордун жабууга кайсы болбосун төлөм толук көлөмдө жана/же тиешелүү мөөнөт ичинде ишке ашырылбаса, бул карыз мөөнөтү өткөрүлгөн катары саналат жана банкка карата Кредиттик келишимде каралган айып санкциялары колдонулат.
43. Банк кредиттерди конвертациялоо боюнча сунушталуучу маалыматтын аныктыгына жооп берет. Эгерде, 13 жана 14-пункттардын банк тарабынан бузууга жол берилиши аныкталса, Улуттук банк андан кредиттик ресурстарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү, кредитти жана Улуттук банкка таандык болгон башка суммаларды пайдаланган айкын убакыт үчүн кошуп эсептелген пайыздардын төлөнүшүн талап кылууга укуктуу.
44. Улуттук банктын талап кылуусу боюнча банк, кредиттик каражаттарды пайдалангандыгы тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунуштайт.
|
| "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" убактылуу жобого карата 1-тиркеме |
20__-жылдын "__" _________ № ___ КРЕДИТТИК КЕЛИШИМ
Бишкек шаары |
| 20__-ж."__" __________ |
Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ____________________ негизинде иш алып барган _________________________ бир тараптан, жана мындан ары "Банк" деп аталуучу _________________________ атынан ____________________ негизинде иш алып барган _______________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди (мындан ары - келишим) түзүштү.
1. Кредиттик келишим предмети
1.1. Улуттук банк, Улуттук банк Башкармасынын ___-жылдын "__" __________ № ____ "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" убактылуу жобонун негизинде (мындан ары - убактылуу жобо) жана ушул кредиттик келишимге ылайык Банкка ушул кредиттик келишимде жана убактылуу жободо каралган шарттар да ______ сом суммасында (суммасы жазуу жүзүндө) кредит сунуштайт.
1.2. Кредит чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында сунушталат.
2. Кредитти сунуштоо шарттары
2.1. Кредит алуу үчүн Банк, кредит берилген күнгө карата Убактылуу жобонун 13-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
2.2. Кредит ___-жылдын "__" ________ тартып "__" _________ чейин, _______ мөөнөткө сунушталат.
2.3. Кредит берилген күн катары кредит боюнча акча каражаттары Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилген күн саналат.
2.4. Улуттук банк кредит боюнча акча каражаттарды, ушул келишимге кол коюлгандан кийинки жана Банктын ушул Кредиттик келишимге ылайык Улуттук банктан талап кылган кредит боюнча күрөө келишими Күрөөнү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүлгөндөн кийинки жумуш күнү чегерет.
2.5. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык чен ушул Кредиттик келишимдин 2.2-пунктунда белгиленген бүтүндөй мөөнөт ичинде жылдык _______ (жазуу жүзүндө) пайыз өлчөмүндө белгиленет. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүүнү жана төлөөнү Банк ай сайын, ушул Кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине ылайык (ушул кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) жүзөгө ашырат. Пайыздар ушул келишимдин 2.7-пунктуна ылайык эсептелинет.
2.6. Пайыздар, кредит сунушталган күндөн тартып (ошол күн кошо эсептелет) кредиттин орду жабылган күнгө чейин (ошол күн эсептелинбейт) жыл ичиндеги 360 күнгө жана ай ичинде айкын күндөрдүн санына жараша кредит боюнча айкын карыз калдыгына эсептелет.
2.7. Кредит суммасына пайыздарды эсептөө, төмөнкүдөй жөнөкөй пайыздар формуласы боюнча кредитти айкын пайдалануу мезгили үчүн жыл ичиндеги 360 күнгө жана ай ичинде айкын күндөрдүн санына жараша жүзөгө ашырылат:
Р = (С х I х Т) / 360 / 100, мында:
Р - транш боюнча пайыздар суммасы;
С - транш суммасы (сом);
I - пайыздык чен (жылдык % менен);
Т - траншты пайдалануу мөөнөтү.
2.8. Кредит боюнча карыздын негизги суммасын жана кредитти пайдалануу үчүн чегерилген пайыздарды төлөө, ушул Кредиттик келишимге жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине ылайык (ушул Кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) ишке ашырылат.
2.9. Эгерде, кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.
2.10. Кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздар үчүн төлөмдөрдү Банк Улуттук банктагы тиешелүү эсепке чегерет (негизги карыз боюнча сумманы № _______________ эсепке, пайыздык төлөмдөрдү № _______________ эсепке).
2.11. Банк чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоону Банктын кредиттерди конвертациялоо планына ылайык гана жүзөгө ашырууга милдеттенет.
2.12. Тараптар убактылуу жобонун жана ушул Кредиттик келишимдин бардык талаптарынын аткарылышын гарантиялайт.
3. Кредитти төлөө шарттары
3.1. Кредиттин негизги суммасын төлөөнү Банк кредиттин мөөнөтү бүткөн күн ичинде операциялык күндүн акырына чейин улуттук валютадагы акча каражаттар суммасын өз корреспонденттик эсебинен Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү аркылуу жүзөгө ашырат. Кредитти пайдалангандык үчүн пайыздарды чегерүүнү жана төлөөнү Банк ар айлык негизде ушул кредиттик келишимдин 2.5, 2.8, 2.9 жана 2.10-пункттарына ылайык жүргүзөт.
3.2. Кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздар толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш, анын бир бөлүгүн гана төлөөгө жол берилбейт.
3.3. Банк, Убактылуу жободо жана Кредиттик келишимде каралган негизги карыздын жана пайыздардын бир бөлүгүн же толугу менен мөөнөтүнөн мурда төлөөнү, төлөө пландаштырылган күнгө чейинки 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка ал тууралуу алдан ала маалымдоо менен ишке ашырууга укуктуу.
3.4. Банк кредиттин негизги суммасы жана/же чегерилген пайыздар боюнча милдеттенмелерин өз убагында жана толугу менен аткарган шартта, Улуттук банк күрөөлүк камсыздоону 5 жумуш күнү ичинде бошотот.
3.5. 3.4-пунктту аткарууда, Банктын Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсебинде турган акча каражаттарын талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы формасындагы күрөөлүк каражаттарын бошотууда Банк милдеттүү түрдө төлөм негиздемесин жана багытын так жана туура көрсөтүү менен SWIFT системасы боюнча төлөм нускоосун (МТ 202 форматында) SWIFT эл аралык стандарттарына ылайык Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү. Мында Улуттук банкка саат 12.00 чейин келип түшкөн төлөм нускоолору учурдагы валюталоо күнү аткарылат, ал эми Улуттук банкка саат 12.00дөн кийин келип түшкөн төлөм нускоолору кийинки валюталоо күнүнөн кечиктирилбестен аткарылат. Мында, эгерде валюталоо күнү Кыргыз Республикасында жана/же Улуттук банктын банк-корреспондентинин өлкөсүндө жумуш эмес күнгө туш келип калса, күрөөлүк каражаттарды бошотуу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.
3.6. Эгерде Банк Кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттөрдө кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса, Банк өз милдеттенмелерин аткарбаган учурдан тартып Улуттук банктагы өзүнүн улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды, туумдарды, айыптык төлөмдөрдү төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттар суммасын акцептсиз тартипте алууга Улуттук банкка укук чегерет.
3.7. Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинде акча каражаттарынын жетишсиздигинен улам, кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды жана туумдарды төлөө милдеттенмелери аткарылбаган шартта. Банк кредит боюнча аткарылбаган милдеттенмелерди кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө предметинин эсебинен, кийинкиге калтыруусуз соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу ордун жабууну жүзөгө ашырууга Улуттук банкка укук чегерет. Мында Улуттук банк, белгиленген мөөнөттө кредит боюнча милдеттенмелер аткарылбагандыгы жана күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы тууралуу Банкка жазуу жүзүндө маалымдайт.
3.8. Анын менчик укугу Улуттук банкка Банктын кредит боюнча аткарылбаган милдеттенмелеринин ордун жабуунун эсебинен өткөн күрөө, акча каражаттары алынып салынган/алынган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык Улуттук банктын балансына кабыл алынат.
3.9. Банктын Улуттук банк алдындагы кредитинин негизги суммасы, ал боюнча чегерилген пайыздар жана туумдар жана боюнча карызынын орду өндүрүлгөн күрөөнүн эсебинен жабылууга тийиш.
3.10. Улуттук банктын Банкка карата тиешелүү талаптарын эсепке алуу аркылуу алынган сумма жетишсиз болгон учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, Банктын кайсыл болбосун башка мүлкүнүн эсебинен жетпеген сумманы алууга укуктуу.
3.11. Улуттук банктын бардык талаптары канааттандырылгандан кийин калган сумма Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебине чегерилет.
4. Күрөө
4.1. Банктын ушул кредиттик келишим боюнча негизги карыз суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды, айыптык төлөмдөр, туумдар жана башка төлөөлөр түрүндөгү кошумча айыптык төлөмдөрдү кайтаруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруунун камсыздалышы катары Банкка таандык болгон анын Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсебинде жайгашкан акча каражаттарын талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары) саналат.
4.2. Банктын ушул Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелеринин камсыздоосу катары Улуттук банкка өткөрүлүп берилип жаткан күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шарттары жана тартиби Банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлүп жаткан тиешелүү күрөө келишиминде белгиленет.
5. Тараптардын укуктары жана жоопкерчилиги
5.1. Банк Убактылуу жобого жана ушул Кредиттик келишимге ылайык кредит боюнча өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчилик тартат.
5.2. Банк Убактылуу жобонун бардык шарттарынын жана талаптарынын так аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү. Эгерде Банк ушул Кредиттик келишимдин 2.11-пунктунун жана Убактылуу жобонун 14-пунктунун шарттарын аткарбаса, Улуттук банк кредиттин баштапкы суммасынын 1% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү акцептсиз тартипте банктын корреспонденттик эсебинен алууга жана сунушталган кредиттин негизги суммасын же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга укуктуу.
5.3. Эгерде ушул Кредиттик келишимде каралган, кредит боюнча негизги сумманын жана/же чегерилген пайыздардын ордун жабуу каралган кайсыл болбосун төлөм толук көлөмдө жана тиешелүү мөөнөттө төлөнбөсө, мындай карыз мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз болуп саналат жана ага мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз суммасынын 0,1% өлчөмүндө туум эсептелинет. Туум, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыккан күндөн тартып ал толук төлөнгөнгө чейин, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын ар бир күнү үчүн төлөнбөгөн суммага кошуп эсептелинет.
5.4. Улуттук банк Убактылуу жобонун жана ушул Кредиттик келишимдин талаптарын бузууга жол бергендигинен улам Банкка карата келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.
5.5. Банк кредиттерди конвертациялоо боюнча сунушталган маалыматтардын аныктыгы үчүн жооптуу болуп саналат. Банк тарабынан Убактылуу жобонун 13 жана 14-пункттарынын талаптарын бузууга жол бергендиги аныкталган шартта, Улуттук банк Банктан кредиттик ресурстардын мөөнөтүнөн мурда кайтарылышын, кредитти пайдаланган айкын мезгил үчүн эсептелинген пайыздарды жана Улуттук банкка төлөнүүгө тийиш болгон башка суммаларды төлөөнү талап кылууга укуктуу.
5.6. Улуттук банктын талабы боюнча Банк кредитти пайдалангандыгы жөнүндө отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттөрдө сунуштайт.
6. Өзгөчө шарттар
6.1. Ушул Кредиттик келишим Тараптарынын контролдугунда болбогон жана ал боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдук кылган, анын ичинде жердин силкинишин жана башка жаратылыш кырсыктарын, мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин жана чечимдерин, согуш аракеттерин жана массалык баш аламандыктарды кошо алганда, тике же кыйыр түрдө күтүүсүз жагдайлар келип жеткен шартта (форс-мажордук жагдайлар), бул милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү мындай форс-мажордук жагдайлар орун алган мезгилге жараша, бирок бүтүндөй ушул Кредиттик келишимдин же форс-мажордук жагдайлар дан кийин аткарылууга тийиш болгон бөлүгүн аткарууга олуттуу таасирин тийгизген чекте гана кийинкиге жылдырылышы мүмкүн.
6.2. Ушул Кредиттик келишим боюнча Тараптар Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдуктарды жараткан форс-мажордук жагдайлардын башталгандыгы жана алардын аяктагандыгы тууралуу 2 (эки) жумуш күн ичинде токтоосуз бири-бирине оозеки түрүндө жана жазуу жүзүндө маалымдоого тийиш.
6.3. Эгерде форс-мажордук жагдайларга туш болгон Тарап мындай жагдайларды четтетүү үчүн бардык зарыл чараларды өз убагында керген болсо жана мамлекеттик органдын тиешелүү актысын сунуштаган шартта, Тараптардын биринин ушул Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбашы Кредиттик келишимди бузууга жол берген катары каралбайт.
7. Талаш маселелерди чечүү
7.1. Ушул Кредиттик келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер жана пикир келишпестиктер өз ара алгылыктуу болгон чечимдерди кабыл алуу максатында Тараптардын сүйлөшүүсү аркылуу жөнгө салынууга тийиш.
7.2. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарында белгиленген тартипте жөнгө салынат.
8. Башка шарттар
8.1. Ушул Кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, Тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери Убактылуу жобо аркылуу жөнгө салынат.
8.2. Ушул Кредиттик келишимге карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча келишимди түзүү аркылуу киргизилет.
8.3. Кредиттик келишим бирдей юридикалык күчкө ээ орус тилинде 3 (үч) түп нускада жана кыргыз тилинде 3 (үч) анык нускада, Тараптардын ар бири үчүн экиден түзүлөт, анын эки нускасы - күрөөнү каттоодон өткөрткөн ыйгарым укуктуу органга берилет.
9. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары
Улуттук банк: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101 |
| Банк: "Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК Бишкек шаары, ___________ көчөсү. Улуттук банктагы корэсеп № 1010126 ________ Улуттук банктын БИК № _____ ИНН № ______________ ОКПО № _____________ |
|
| Мамлекеттик салык кызматынын коду: _________ |
Кызмат орду ________________ (кол тамгасы) ________________ М.О. |
| Кызмат орду _________________ (кол тамгасы) ______________ М.О. |
|
| Кредиттик келишимге карата 1-тиркеме 20__-жылдын "__" __________ № ____ |
Кредиттин ордун жабуу ГРАФИГИ
Кредиттин суммасы: ____________________ сом
Пайыздык чен (жылдык): _____%
Пайыздардын ордун жабуу: ай сайын
Эсептешүү жылы: 360 күн
Кредиттик мөөнөтү: _____ күн
Кредит берилген күн: "__" __________ 20__-ж.
Кредиттин орду жабылган күн: "__" __________ 20__-ж.
Айлар | Ордун жабуу күнү | Пайыздардын ордун жабуу(*) | Негизги сумманын ордун жабуу | Бардыгы болуп, ордун жабууга |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгында |
|
|
|
(*) пайыздарды эсептөөдө кредитти пайдалануу күндөрүнүн айкын саны колдонулат.
Улуттук банк: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
| Банк: "Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК |
Кызматы _____________________ (кол тамгасы) _______________ М.О. |
| Кызматы _____________________ (кол тамгасы) _______________ М.О. |
|
| "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" убактылуу жобого карата 2-тиркеме |
20__-ж "__" __________ № ____
Күрөө жөнүндө КЕЛИШИМ № ______
20__-ж "__" __________ № ______ кредиттик келишимге карата
Бишкек ш. |
| 20__-ж "__" ___________ |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мындан ары "Улуттук банк" же "Күрөө кармоочу" деп аталуучунун атынан ______________________ негизинде иш алып барган ____________________ бир тараптан, жана мындан ары "Банк" же "Күрөө коюучу" деп аталуучунун атынан _____________________ негизинде иш алып барган ____________________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар, банктык аманат келишими боюнча талап кылуу укугу каралган, төмөнкүлөр тууралуу ушул күрөө келишимин (мындан ары - Келишим) түзүштү.
1. Келишим предмети
1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга ________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу менен) кредит берди. Кредиттин жана ал боюнча кошуп эсептелген пайыздардын ордун жабуунун акыркы мөөнөтү, Улуттук банк Башкармасынын ____-жылдын "__" _________ № _____ токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредит сунуштоосу жөнүндө" Убактылуу жобонун алкагында бекитилген, ____-жылдын "__" ________ № ____ Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимде (мындан ары - Кредиттик келишим) көрсөтүлгөн мөөнөттө келип жетет.
1.2. Күрөө коюучунун Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоого, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга Күрөө коюучу менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн ___-жылдын "__" _________ № ____ Банктык аманат келишими (мындан ары "күрөө предмети" же "Банктык аманат келишими") боюнча акча каражаттарын талап кылуу укугун толук көлөмдө өткөрүп берет.
1.3. Банктык аманат келишими боюнча акча каражаттары Улуттук банкта Күрөө кармоочунун атына ачылган _________ эсепте (мындан ары - депозиттик эсеби) жайгаштырылган, анын өлчөмү __________ (суммасы жазуу жүзүндө) АКШ долларын түзөт. Банктык (депозиттик) аманатты кайтарып берүү мөөнөтү Кредиттик келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин келип жетет.
1.4. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметин Күрөө кармоочунун уруксатысыз аны кийинки күрөөгө коюуну, каражаттарды эсептен алуу/чегерүүнү кошо алганда, аны пайдаланууга укугу жок.
1.5. Күрөө коюучу күрөө предмети мурда эч жерде күрөөгө коюлбагандыгын жана үчүнчү жактардын карызынан жана укуктарынан эркин экендигин гарантиялайт.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Күрөө кармоочунун укуктары жана милдеттери:
2.1.1. Банктык аманат (депозит) жайгаштырылган валютанын расмий курсунун төмөндөөсүнүн натыйжасында күрөө предметинин наркы төмөндөгөн шартта, Күрөө коюучудан аны алмаштырууну же кошумча камсыздоону сунуштоосун талап кылууга.
2.1.2. Күрөө коюучудан Кредиттик келишимде жана ушул Келишимдин 1.1-пунктунда берилген милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, ал эми эгерде анын талабы канааттандырылбаса төмөнкү учурларда күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө:
1) Күрөө коюучу тарабынан Кредиттик келишимдин шарттары, талаптары жана жоболору бузууга жол берилсе;
2) Күрөө коюучу кредиттин негизги суммасы, ал боюнча кошуп эсептелген пайыздар, кошумча айыптар (айыптар жана туумдар) жана башка төлөөлөр боюнча карызын кошо алганда, Кредиттик келишим боюнча карызын төлөбөсө же төлөө мөөнөтүн бузууга жол берсе;
3) Күрөө коюучу тарабынан ушул келишимдин талаптарын же жоболорун бузууга жол берилсе;
4) Күрөө коюучу Убактылуу жобонун талаптарын бузууга жол берсе;
5) ушул келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
2.1.3. Күрөө предметин сатып өткөрүүдөн алынган сумма Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, жетпеген сумманы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Күрөө коюучунун өндүрүүнү жүргүзүүгө боло турган башка мүлкүнөн алууга.
2.1.4. Күрөө коюучу же үчүнчү тарап күрөө предметинин Күрөө кармоочуга берилишине тоскоолдук жаратса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алуу үчүн зарыл болгон мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө.
2.1.5. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жактарга (кайтарымдуу жана кайтарымсыз) өткөрүп берүүгө.
2.1.6. Күрөө кармоочу ушул келишимдин аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырууга жана контролдук функцияларды ишке ашыруу үчүн ага зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга, күрөө предметинин бар экендигин жана абалын текшерүүгө укуктуу.
2.1.7. Ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга да ээ.
2.2. Күрөө коюучунун укуктары жана милдеттери:
2.2.1. Банктык аманат келишими боюнча акча каражаттарын кандай түрдө болбосун Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз өткөрүп бербөөгө, күрөөгө койбоого жана пайдаланбоого.
2.2.2. Күрөө кармоочунун макулдугусуз күрөө предметинин кемишине, түрүнүн өзгөрүшүнө, токтотулушуна, жоголушуна алып келген аракеттердин жасалышына жол бербөө.
2.2.3. Күрөө менен болгон өзгөрүүлөр, үчүнчү жактар тарабынан жол берилиши мүмкүн болгон бузуулар же алардын мындай аракеттерге катыштыгы бар экендиги Күрөө коюучуга маалым болгондон тартып үч күндүк мөөнөт ичинде бул тууралуу Күрөө кармоочуга маалымдоого.
2.2.4. Күрөө кармоочунун талап кылуусу боюнча ага үч күндүк мөөнөт ичинде күрөө предметине тиешелүү кайсы болбосун документти таанышуу үчүн сунуштоого жана күрөө предмети тууралуу Күрөө кармоочуга зарыл болгон кайсы болбосун маалыматты берүүгө.
2.2.5. Банктык аманат келишимине Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугун албай туруп, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбөө.
2.2.6. Ушул Келишимде каралган башка милдеттенмелерди мойнуна алат.
2.2.7. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү соттон тышкаркы тартипте ушул келишим шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Күрөө коюучу күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүү жүргүзүлүшүн жана Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишим жана ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаган жана талапка ылайыксыз аткарган шартта, күрөө предметинин мүнөздөмөсүнө жана курамына көз карандысыз, аны соттон тышкаркы тартипте сатып өткөрүүнү гарантиялайт жана буга өзүнүн толук макулдугун берет.
2.2.8. Күрөө коюучу күрөө предмети ушул келишимге ылайык сатып өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун мезгилде, ушул күрөө менен камсыздалган милдеттенмесин же анын мөөнөтүндө аткарылбаган бөлүгүн аткарууга укуктуу
3. Күрөө шарттары
3.1. Тараптар, Күрөө коюучунун Банктык аманат (депозит) келишими боюнча Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде кайра баалоо күнүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча АКШ долларына эквиваленттүү сом түрүндө (сом түрүндө эсептелген) жайгаштырылган учурдагы акча каражаттарынын калдыгы, Күрөө кармоочунун тиешелүү ордун жабуу коэффициентин (күрөө коэффициенти) эске алуу менен кредитти сунуштоо жөнүндө Кредиттик келишимдин негизинде алынган кредит боюнча Күрөө коюучунун Күрөө кармоочу алдындагы учурдагы карыз калдыгынан төмөн болбоого тийиш экендигин макулдашышты.
Күрөө кармоочу Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын калдыктарына алардын ушул пункттун биринчи абзацында каралган жоболорго ылайык келүүсүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча АКШ доллары боюнча кайра баалоону мезгил-мезгили менен жүргүзүп турат жана Күрөө коюучуга кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарылчылыгы же болбосо, Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча кредиттик каражаттар боюнча карыздын тиешелүү бөлүгүн төлөө зарылчылыгы тууралуу талап-билдирүүнү жөнөтөт.
Ушул Келишимдин колдонуудагы мөөнөтү бүткөнгө чейин Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде жайгаштырылган сомго эквиваленттүү акча каражаттарынын күндөлүк калдыгы ушул пункттун биринчи абзацына ылайык эсептелген суммага караганда 5 (беш) пайыздан көбүрөөккө азайган шартта, Күрөө коюучу ага Күрөө кармоочунун тиешелүү талап-билдирүүсү келип түшкөн күндөн кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде жайгаштырылган АКШ долларындагы акча каражаттарынын суммасын Күрөө кармоочунун талап-билдирүүсүндө көрсөтүлгөн суммага чейин жеткирүүгө, же болбосо Күрөө коюучунун Күрөө кармоочудан Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык алган кредиттин тиешелүү бөлүгүн кайра баалоо күнүнө карата АКШ долларынын Улуттук банктын расмий курсу боюнча сомго эквиваленттүү күрөөнүн суммасы Күрөө коюучунун Күрөө кармоочу алдындагы Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча карызынын күндөлүк калдыгын жапкыдай тартипте тиешелүү күрөөлүк коэффициентти эске алуу менен жабууга милдеттенет.
Мында АКШ долларынын Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курсу жогорулаган шартта, күрөөнүн кандайдыр бир бөлүгү бошотулбайт жана Күрөө коюучуга кайтарылбайт.
3.2. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 3.1-пунктунда каралган шарттар сакталган учурда, Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык Күрөө коюучудан алган кредити боюнча өз милдеттенмелерин толугу менен же жарым-жартылай аткарган шартта.
Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугу менен анын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебине жайгаштырылган акча каражаттарын толугу менен же бөлүп-бөлүп алууга укуктуу.
4. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жана аны сатып өткөрүү тартиби
4.1. Кредиттик келишимге ылайык күрөө менен камсыздалган милдеттенме аткарылбай калган учур орун алган, ошондой эле ушул келишимдин 2.1.2-пунктунда каралган шарттар келип жеткен жана күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталган учурда, Күрөө коюучу анын банктык аманат (депозит) келишими боюнча Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинен акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) тартипте алып салууга жана аларды Күрөө кармоочунун эсебине которуу укугун Улуттук банкка берет.
4.2. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары акцептсиз (талашсыз) тартипте чегерилген/алынып салынган учурда, алынып салынган/чегерилген акча каражаттарын Күрөө кармоочу тарабынан Күрөө коюучуга берилген валютага конвертациялоо (которуу) акча каражаттарын чегерилген/алып салынган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык жүргүзүлөт.
4.3. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдө Күрөө коюучу да ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн жана күрөө предмети болуп саналган, Банктык аманат (депозит) келишими боюнча талап кылуу укугун ыйгарып өткөрүп берүүгө милдеттенет.
4.4. Күрөө предмети болуп саналган, Банктык аманат келишими боюнча талап кылуу укугун ыйгарып өткөрүп берүү боюнча, ушул Келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 18-главасынын 173-беренесине ылайык кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн. Көрсөтүлгөн Банктык аманат келишими боюнча талап кылуу укугу, ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталган күндөн кийинки күнү Күрөө кармоочуга өтөт.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талапка ылайыксыз аткарылган шартта, Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык келтирилген чыгымдарды бири-бирине төлөп беришет.
5.2. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 3.1-пунктунда каралган милдеттенмелерин аткарбаган шартта, ушул келишимдин 1.3-пунктуна ылайык күрөө предметинин жалпы наркынан 0,05 пайыз өлчөмдө, милдеттенмелер аткарылбаган ар бир күн үчүн Күрөө кармоочуга туум төлөп берет.
5.3. Келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана туумдарды төлөө күнөөкөр тарапты ушул Келишимде жана Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.
6. Башка шарттар
6.1. Күрөө кармоочунун ушул Келишим боюнча укуктарын ыйгарып өткөрүп берүү Күрөө коюучунун макулдугусуз эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6.2. Күрөө коюучу ушул Келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттенмелерин Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга ыйгарып өткөрүп берүүгө укугу жок.
6.3. Ушул Келишим талаптарын аткарууга байланыштуу келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилүүгө тийиш.
6.4. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
6.5. Ушул Келишимди тариздөөгө жана каттоого кеткен сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
6.6. Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын күрөөлүк каттоо конторасынан катталууга тийиш.
6.7. Ушул Келишим анын 6.6-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарында катталгандан тартып күчүнө кирет.
6.8. Келишим Күрөө коюучу Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук аткарганга чейин күчүндө болот.
6.9. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ орус тилинде 3 (үч) түп нускада жана кыргыз тилинде 3 (үч) анык нускада түзүлүп, анын 2 (эки) нускасы - Күрөө коюучуга, 2 (эки) нускасы тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга каттоо үчүн берүүгө, 2 (эки) нускасы - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында сактоо үчүн түзүлгөн.
7. Юридикалык даректер, тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
КҮРӨӨ КАРМООЧУ: |
| КҮРӨӨ КАРМООЧУ: |
Улуттук банк: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Бишкек ш. Уметалиев көч., 101 |
| Банк: "Коммерциялык банк" ААК/ЖЧК Бишкек ш., _____________ көч. Улуттук банктагы корр. эсеби № 1010126 _____ Улуттук банктын БИК № _____ ИНН № ______________ ОКПО № ___________ МСИ коду: _____ |
Кызматы _________________ (Кол тамгасы) ____________ М.О. |
| Кызматы ________________ (Кол тамгасы) ___________ М.О. |
|
| "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" убактылуу жобого карата 3-тиркеме |
(коммерциялык банктын фирмалык бланкына чыгарылат)
Банктын чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо планы
Банктын чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо планында кеминде төмөнкү маалымат камтылууга тийиш:
1. Карыз алуучу жөнүндө маалымат:
жеке адам үчүн - аты-жөнү, инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар; мында инсандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү жеке адамдын кредиттик таржымалына тиркелүүгө жана талап келип түшкөн учурда Улуттук банкка сунушталууга тийиш.
2. Карыз алуучу менен түзүлгөн, чет өлкө валютасында алынган кредиттик келишимдин/макулдашуунун номери жана күнү; мында чет өлкө валютасында алынган кредиттик келишимдин/макулдашуунун көчүрмөлөрү жеке адамдын кредиттик таржымалына тиркелүүгө жана талап келип түшкөн учурда Улуттук банкка сунушталууга тийиш.
3. Чет өлкө валютасында алынган кредиттик келишимде/макулдашууда көрсөтүлгөн чет өлкө валютасындагы кредиттин баштапкы суммасы (суммасы АКШ долларында сан менен жана жазуу жүзүндө).
4. Чет өлкө валютасында алынган кредиттик келишимде/макулдашууда көрсөтүлгөн чет өлкө валютасындагы баштапкы пайыздык чен.
5. Кредиттик келишимде/макулдашууда конвертациялоо күнүнө карата көрсөтүлгөн чет өлкө валютасындагы кредиттин негизги карыз калдыгы (суммасы АКШ долларында сан менен жана жазуу жүзүндө).
6. 5-пунктта көрсөтүлгөн кредиттин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык Улуттук банктын 2015-жылдын 1-июлундагы расмий алмашуу курсу боюнча улуттук валютага кайра эсептелинген негизги карыз калдыгы.
7. 6-пунктта көрсөтүлгөн кредиттин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык Улуттук банктын 2016-жылдын 1-февралындагы расмий алмашуу курсу боюнча улуттук валютага кайра эсептелинген негизги карыз калдыгы.
8. 6-пунктта көрсөтүлгөн кредиттин негизги карыз калдыгын минуска чыгаруу менен 7-пунктта көрсөтүлгөн кредиттин негизги карыз калдыгы субсидиялоо суммасын түзгөн.
9. Конвертацияланган кредит боюнча пайыздык чен (улуттук валютадагы кредит үчүн).
10. Мындай карызды улуттук валютага конвертациялоо планын кошо алганда, конвертациялоо күнүнө карата кредит боюнча чегерилген, бирок төлөнбөгөн пайыздар суммасы (суммасы АКШ долларында сан менен жана жазуу жүзүндө).
11. Мындай карызды улуттук валютага конвертациялоо планын кошо алганда, конвертациялоо күнүнө карата кредит боюнча чегерилген, бирок төлөнбөгөн айыптык төлөмдөр суммасы (суммасы АКШ долларында сан менен жана жазуу жүзүндө).
12. Улуттук банктын талабы боюнча чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоого байланыштуу башка милдеттенмелер.
Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо критерийлерине жана/же шарттарына ылайык, конвертациялоо планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
|
| "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" убактылуу жобого карата 4-тиркеме |
(коммерциялык банктын фирмалык бланкына чыгарылат)
МИЛДЕТТЕНМЕ (коммерциялык банктын аталышы)
20__-ж. "__" __________
Ушул аркылуу (коммерциялык банктын толук аталышы) атынан _________________________ негизинде иш алып барган ____________________ (кызмат орду, аты-жөнү) 20__-жылдын "__" ________ тартып кредиттерди конвертациялоо карыз алуучунун каалоосу боюнча (коммерциялык банктын толук аталышы) өз ыктыярдыгы менен жүзөгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык ашырыла тургандыгы жөнүндө милдеттенмени өзүнө алат.
М.О.
Аты-жөнү, кызмат орду, кол тамгасы
|
| "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" убактылуу жобого карата 5-тиркеме |
АКШ долларындагы ипотекалык кредиттердин негизги суммасы боюнча карызды улуттук валютага конвертациялоону жүргүзүү үчүн каражаттарды тартуу боюнча КЕЛИШИМ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 29-февралындагы № 11/3 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек ш. |
| 2016-жылдын "___" _________ |
Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ______-жылдын "____" __________ № ______ буйругунун негизинде иш алып барган _____________________________ бир тараптан жана мындан ары "Банк" деп аталуучу ____________________________________ атынан ________________________________________________________________ негизинде иш алып барган ________________________________________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 33 буйругун ишке ашыруу жана АКШ долларында берилген ипотекалык кредиттерди конвертациялоо үчүн Банкты улуттук валютадагы ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу максатында, төмөнкүлөр тууралуу ушул Келишимди түзүштү.
1. Келишим предмети
1.1. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысында аныкталган шарттарда жана тартипте жеке адамдарга чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында Банкка улуттук валютада ____________________ (________________________) сом өлчөмүндө каражат бөлүп берет жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык, карызды конвертациялоону ишке ашыргандыгы үчүн _________ сом өлчөмүндө комиссиялык сый акы алат.
1.2. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык, Банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысында аныкталган шарттарда жана тартипте жеке адамдарга чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында Улуттук банктан 2016-жылдын "____" ___________ 20___-жылдын "____" ____________ чейин ____ (_____) ай пайдалануу мөөнөтүндө (мындан ары тартылган акча каражаттарынын суммасын пайдалануу мөөнөтү) улуттук валютада ____________________ (________________________) сом өлчөмүндө келип түшкөн акча каражаттарынын суммасын (мындан ары текст боюнча "тартылган акча каражаттарынын суммасы") кабыл алат жана тараптардын өз ара макулдугу боюнча аларды пролонгациялоо мүмкүнчүлүгү менен ушул келишим шарттарына ылайык карызды конвертациялоону ишке ашыргандыгы үчүн ______ сом өлчөмүндө комиссиялык сый акы төлөп берет.
1.3. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине тартылган акча каражаттардын суммасы чегерилген күн, акча каражаттардын суммасы сунушталган күн болуп саналат.
1.4. Улуттук банк Банк тарабынан ушул Келишимге ылайык талап кылынган акча каражаттарынын суммасын Келишимге кол коюлгандан кийин жана ал күрөө келишимдерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөндөн кийинки жумуш күнү чегерет.
1.5. Банк конвертациялоону ишке ашыргандыгы үчүн ____ сом өлчөмүндө комисиялык сый акы төлөп берет. Карызды конвертациялоону ишке ашыргандыгы үчүн комиссиялык сый акы төлөө белгиленген графикке ылайык (ушул Келишимге карата 1-тиркеме), Банк тарабынан ай сайын жүргүзүлүп турат, ал ушул Келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
1.6. Тартылган акча каражаттарынын суммасын жана карызды конвертациялоону ишке ашыргандыгы үчүн комиссиялык сый акыны төлөө ушул Келишимге жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган төлөө графигине (ушул Келишимге карата 1-тиркеме) ылайык жүргүзүлөт.
1.7. Эгерде тартылган акча каражаттарынын суммасын жана/же комиссиялык сый акыны төлөө майрам күндөрүнө, иштебеген же дем алуу күндөрүнө туура келип калса, кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.
1.8. Тартылган акча каражаттарынын суммасын жана/же комиссиялык сый акыны төлөө боюнча төлөмдөрдү Банк Улуттук банктагы тиешелүү эсепке (тартылган акча каражаттарынын суммасын № _____________ эсебине, ал эми комиссиялык сый акыны төлөө суммасы № _____________ эсебине) чегерет.
1.9. Банк чет өлкө валютасындагы карызды улуттук валютага конвертациялоону Банктын Буйруусунун шарттарына жана конвертациялоо планына ылайык жүзөгө ашырууга милдеттенет.
1.10. Тараптар ушул Келишимдин бардык талаптарынын аткарылышын гарантиялашат.
1.11. Банк жеке адамдарга чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо үчүн тартылган акча каражаттарынын суммасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысында аныкталган шарттарда жана тартипте жөнөтүүгө милдеттенет.
2. Тартылган каражаттардын суммасын жана комиссиялык сый акыларды төлөө шарттары
2.1. Тартылган акча каражаттарынын суммасын төлөө акча каражаттардын суммасын пайдалануу мөөнөтү бүткөн күнү, операциялык күндүн акырына чейин, Банк тарабынан акча каражаттарын өз корреспонденттик эсебинен Улуттук банктагы тиешелүү эсепке чегерүү аркылуу жүргүзүлөт. Комиссиялык сый акыларды төлөө Банк тарабынан ушул Келишим шарттарына ылайык ар айлык негизде жүзөгө ашырылат.
2.2. Тартылган акча каражаттарынын суммасы жана/же комиссиялык сый акынын суммасы тиешелүү күнү толугу менен төлөнүүгө тийиш, жарым-жартылай төлөөгө жол берилбейт.
2.3. Банк ушул Келишимде каралган тартылган акча каражаттарынын суммасын жана/же комиссиялык сый акынын суммасын төлөө пландаштырылып жаткан күнгө чейинки 3 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө, бул тууралуу Улуттук банкка алдын ала билдирүү менен мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай же толугу менен төлөөгө укуктуу.
2.4. Банк тартылган акча каражаттарынын суммасы жана/же комиссиялык сый акылар боюнча өз милдеттенмелерин өз учурунда жана толугу менен аткарган шартта, Улуттук банк күрөөлүк камсыздоону 5 жумуш күнү ичинде бошотууга тийиш.
2.5. Улуттук банкта пайызсыз депозиттик эсепте турган акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндө нак эмес чет өлкө валютасы формасындагы Банктын күрөөлүк каражаттарын бошотууда, ушул Келишимдин 2.4-пунктун аткаруу үчүн Банк SWIFT эл аралык стандарттарына ылайык, төлөмдүн негизин жана багытын милдеттүү түрдө толук жана так көрсөтүү менен SWIFT системасы боюнча төлөм нускоосун (МТ 202 форматы) Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү. Мында, Улуттук банкка саат 12:00гө чейин келип түшкөн төлөм нускоолору өтүп жаткан валюталоо күнү аткарылат, ал эми саат 12:00ден кийин Улуттук банкка келип түшкөн төлөм нускоолору кийинки валюталоо күнүнөн кечиктирилбестен аткарылат. Мында валюталоо күнү Кыргыз Республикасында же Улуттук банктын корреспондент банкынын өлкөсүндө жумуш күнү эмес болуп саналса, күрөөлүк каражаттарды бошотуу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.
2.6. Банк тарабынан тартылган акча каражаттардын жана/же комиссиялык сый акынын суммасы Келишимде белгиленген мөөнөттө төлөнбөсө, Банк ал тарабынан милдеттенмелер аткарылбаган учурдан тартып, тартылган акча каражаттардын суммасын жана/же комиссиялык сый акыны төлөө үчүн зарыл болгон суммадагы каражаттарды Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте эсептен алып салуу укугун Улуттук банкка берет.
2.7. Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинде каражаттардын жетишсиздигинен улам, тартылган акча каражаттарынын суммасы жана/же комиссиялык сый акы төлөнбөгөн учурда Банк, анын тартылган акча каражаттардын суммасы боюнча аткарылбаган милдеттенмелеринин ордун жабууну, кредитти камсыздоого сунушталган күрөө предметинен соттон тышкары өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу, кийинкиге калтыруусуз жүзөгө ашыруу боюнча Улуттук банктын укугуна макул болот. Мында Улуттук банк Банкка анын тартылган акча каражаттардын суммасын жана/же комиссиялык сый акыны төлөө боюнча өз милдеттенмелерин белгиленген мөөнөттө аткарбагандыгы жана күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы тууралуу кат жүзүндө маалымдайт.
2.8. Күрөө - тартылган акча каражаттарынын аткарылышын менчик укугунун күрөөсү астында камсыз кылуу ыкмасы, ал Банк өз милдеттенмелерин аткарбаган, талапка ылайыксыз аткарган учурда, тартылган акча каражаттарынын суммасы боюнча аткарылбаган милдеттенмелерин төлөө эсебине Улуттук банкка өтөт жана акча каражаттары эсептен алынып салынган/алынган күнгө карата белгиленген расмий курска ылайык Улуттук банктын балансына кабыл алынат.
2.9. Күрөөдөн өндүрүүнүн эсебинен Банктын Улуттук банк алдындагы тартылган акча каражаттардын жана комиссиялык сый акынын суммасы боюнча карызынын орду жабылууга тийиш.
2.10. Улуттук банктын утурлама талаптарын Банкка чегерүү аркылуу алынган сумма жетпей калган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык ал сумманы Банктын кайсы болбосун башка мүлкүнөн өндүрүүгө укуктуу.
2.11. Улуттук банктын бардык талаптарын канааттандыргандан кийин калган сумма, Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебине чегерилет.
3. Милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу
3.1. Банктын Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсебинде турган акча каражаттарына талап кылуу укугун түрүндө Банкка таандык болгон нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары) Банк тарабынан ушул Келишим боюнча алган тартылган акча каражаттардын суммасын кайтарып берүү жана комиссиялык сый акылардын суммасы боюнча милдеттенмелердин аткарылышынын камсыздоосу болуп саналат.
3.2. Банк тарабынан Улуттук банкка ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин камсыздоого өткөрүп бериле турган күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шарттары жана тартиби Банк менен Улуттук банктын ортосунда түзүлө турган күрөө жөнүндө тиешелүү келишимде көрсөтүлөт.
4. Банктын укуктары жана милдеттери
4.1. Банк төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.1.1. Тартылган акча каражаттардын суммасын кабыл алууга.
4.1.2. Тартылган акча каражаттардын суммасын пайдалануунун ушул Келишимдин 1.2-пунктунда белгиленген мөөнөтү аяктаган учурда тартылган акча каражаттардын суммасын Улуттук банкка кайтарып берүүгө.
4.1.3. Ушул Келишимде каралган тартипте жана шарттарда Улуттук банкка карызды конвертациялоону ишке ашыргандыгы үчүн _______ сом комиссиялык сый акы төлөп берүүгө.
4.1.4. Банк Буйруунун жана ушул Келишимдин бардык шарттарын жана талаптарын так сактоого жоопкерчиликтүү болот.
4.2. Банк төмөнкүлөргө укуктуу:
4.2.1. Улуттук банкка Келишим мөөнөтүн алты айга узартууну сунуш кылууга.
4.3. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалымат сунуштоону эске албаганда, Улуттук банкка купуялуулукту сактоону гарантиялайт.
5. Тараптарды жоопкерчилиги
5.1. Банк кредиттерди конвертациялоо боюнча сунушталуучу маалыматтардын аныктыгы үчүн жооп берет. Банк тарабынан конвертациялоо шарттары бузууга жол берилген учурда, Буйрууга ылайык Улуттук банк Банктан акча каражаттардын суммасын кайтарып берүүнү жана/же комиссиялык сый акы төлөөнү талап кылууга укуктуу.
5.2. Улуттук банктын талап кылуусу боюнча Банк тартылган акча каражаттардын суммасын пайдалангандыгы тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттөрдө сунуштайт.
5.3. Улуттук банк Банк тарабынан ушул Келишим шарттарын бузууга жол берүүнүн натыйжасында, анын ичинде Келишим шарттарынын Шариат стандарттарына ылайык келбешинен улам Банк дуушар болгон зыян тартуулар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
6. Форс-мажор
6.1. Ушул Келишим Тараптарынын контролдукка алуусу мүмкүн болбогон жагдайлар, мисалы, жердин силкиниши жана ушундай эле башка табигый кырсыктар, мамлекеттик органдардын иш-аракеттери жана чечимдери, согуштук аракеттер, массалык баш аламандыктын келип чыгышы сыяктуу күтүүсүз жагдайлар (форс-мажор) орун алып, алар Тараптардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдукту жаратса, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү форс-мажордук жагдай орун алган убакытка шайкеш, бирок ушул Келишимдин же көрсөтүлгөн форс-мажордук жагдайлар келип чыккандан кийин аткарылууга тийиш болгон анын бөлүгүн мөөнөтүндө аткарылышына олуттуу таасир тийгизген өлчөмдө гана узартылууга тийиш.
6.2. Ушул Келишим Тараптары тез арада, 2 (эки) жумуш күнү ичинде ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдук жараткан форс-мажордук жагдайлардын орун алышы, ал эми кийинчерээк алардын четтетилгендиги жөнүндө бири-бирине оозеки жана кат жүзүндө маалымдоолору зарыл.
6.3. Тараптардын бири ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин форс-мажордук жагдайлардын орун алышынан улам аткара албай калса, ал Келишим талаптарын бузууга жол бергендик катары каралбайт, бирок мында форс-мажордук жагдайларга дуушар болгон Тарап анын кесепеттерин четтетүү үчүн бардык зарыл чараларды өз убагында көрүүгө жана мамлекеттик органдын тиешелүү актысын сунуштоого тийиш.
7. Жана башка шарттар
7.1. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында, Тараптар тарабынан сүйлөшүүлөр аркылуу, ал эми жөнгө салууга жетишилбеген шартта, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык, соттук тартипте чечилет.
7.2. Ушул Келишимде каралбаган башка учурларда, Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянуу менен иш алып барышат.
7.3. Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча Келишим талаптары мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.
7.4. Ушул Келишимге карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө кошумча келишим түзүү аркылуу киргизилет, ал Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
7.5. Келишим расмий тилде бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) түп нускада, Тараптардын ар бири үчүн 2 (эки) нускада жана күрөөнү каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдар үчүн 2 (эки) нускада түзүлгөн.
8. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары
Улуттук банк: | Банк: | |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы | "Коммерциялык банк" ААК/ЖАК | |
Бишкек ш. __________________ | Бишкек ш., ____________ көч. | |
Улуттук банктагы корр. Эсеби | ||
№ 1010126_________________ | ||
Улуттук банктын БИК № _____ | ||
ИНН № _______________________________ | ||
ОКПО № _____________________________ | ||
МСИ коду: _____________________________ | ||
Кызматы __________________ | Кызматы __________________ | |
(Кол тамгасы) ______________ М.О | (Кол тамгасы) ______________ М.О |
|
| "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" убактылуу жобого карата 6-тиркеме |
20__-ж "___" _________ № ______
КҮРӨӨ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ № ________ 20__-ж "__" _________ № ___________ каражаттарды тартуу боюнча келишимге карата
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 29-февралындагы № 11/3 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек ш. |
| 20__-ж "__" _________ |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мындан ары "Улуттук банк" же "Күрөө кармоочу" деп аталуучунун атынан _________________________ негизинде иш алып барган ________________________ бир тараптан, жана мындан ары "Банк" же "Күрөө коюучу" деп аталуучунун атынан _______________________________ негизинде иш алып барган ________________________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар, банктык аманат келишими боюнча талап кылуу укугу каралган, төмөнкүлөр тууралуу ушул күрөө келишимин (мындан ары -Келишим) түзүштү.
1. Келишим предмети
1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга _________ (суммасы жазуу менен) сом өлчөмүндө акча каражаттарын берди. Акча каражаттардын жана комиссиялык сыйдын ордун жабуунун акыркы мөөнөтү, Улуттук банк Башкармасынын ____-жылдын "___" ________ №______ токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредит сунуштоосу жөнүндө" Убактылуу жобонун алкагында бекитилген, ____-жылдын "___" _________ № ________ АКШ долларындагы ипотекалык кредиттердин негизги суммасы боюнча карызды улуттук валютага конвертациялоону жүргүзүү үчүн каражаттарды тартуу боюнча келишимде (мындан ары - Каражаттарды тартуу боюнча келишим) көрсөтүлгөн мөөнөттө келип жетет.
1.2. Күрөө коюучунун Каражаттарды тартуу боюнча келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоого, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга Күрөө коюучу менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн ____-жылдын "___" _________ № _____ Банктык аманат келишими (мындан ары "күрөө предмети" же "Банктык аманат келишими") боюнча акча каражаттарын талап кылуу укугун толук көлөмдө өткөрүп берет.
1.3. Банктык аманат келишими боюнча акча каражаттары Улуттук банкта Күрөө кармоочунун атына ачылган ___________ эсепте (мындан ары-депозиттик эсеби) жайгаштырылган, анын өлчөмү ____________ (суммасы жазуу жүзүндө) АКШ долларын түзөт. Банктык (депозиттик) аманатты кайтарып берүү мөөнөтү Каражаттарды тартуу боюнча келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин келип жетет.
1.4. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметин Күрөө кармоочунун уруксатысыз аны кийинки күрөөгө коюуну, каражаттарды эсептен алуу/чегерүүнү кошо алганда, аны пайдаланууга укугу жок.
1.5. Күрөө коюучу күрөө предмети мурда эч жерде күрөөгө коюлбагандыгын жана үчүнчү жактардын карызынан жана укуктарынан эркин экендигин гарантиялайт.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Күрөө кармоочунун укуктары жана милдеттери:
2.1.1. Банктык аманат (депозит) жайгаштырылган валютанын расмий курсунун төмөндөөсүнүн натыйжасында күрөө предметинин наркы төмөндөгөн шартта, Күрөө коюучудан аны алмаштырууну же кошумча камсыздоону сунуштоосун талап кылууга.
2.1.2. Күрөө коюучудан Каражаттарды тартуу боюнча келишимде жана ушул Келишимдин 1.1-пунктунда берилген милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, ал эми эгерде анын талабы канааттандырылбаса төмөнкү учурларда күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө:
1) Күрөө коюучу тарабынан Каражаттарды тартуу боюнча келишимдин шарттары, талаптары жана жоболору бузууга жол берилсе;
2) Күрөө коюучу негизги сумма, комиссиялык сый, кошумча айыптар (айыптар жана туумдар) жана башка төлөөлөр боюнча карызын кошо алганда, Каражаттарды тартуу боюнча келишим боюнча карызын төлөбөсө же төлөө мөөнөтүн бузууга жол берсе;
3) Күрөө коюучу тарабынан ушул келишимдин талаптарын же жоболорун бузууга жол берилсе;
4) Күрөө коюучу Убактылуу жобонун талаптарын бузууга жол берсе;
5) ушул келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
2.1.3. Күрөө предметин сатып өткөрүүдөн алынган сумма Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, жетпеген сумманы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Күрөө коюучунун өндүрүүнү жүргүзүүгө боло турган башка мүлкүнөн алууга.
2.1.4. Күрөө коюучу же үчүнчү тарап күрөө предметинин Күрөө кармоочуга берилишине тоскоолдук жаратса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алуу үчүн зарыл болгон мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө.
2.1.5. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жактарга (кайтарымдуу жана кайтарымсыз) өткөрүп берүүгө.
2.1.6. Күрөө кармоочу ушул келишимдин аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырууга жана контролдук функцияларды ишке ашыруу үчүн ага зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга, күрөө предметинин бар экендигин жана абалын текшерүүгө укуктуу.
2.1.7. Ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга да ээ.
2.2. Күрөө коюучунун укуктары жана милдеттери:
2.2.1. Банктык аманат келишими боюнча акча каражаттарын кандай түрдө болбосун Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз өткөрүп бербөөгө, күрөөгө койбоого жана пайдаланбоого.
2.2.2. Күрөө кармоочунун макулдугусуз күрөө предметинин кемишине, түрүнүн өзгөрүшүнө, токтотулушуна, жоголушуна алып келген аракеттердин жасалышына жол бербөө.
2.2.3. Күрөө менен болгон өзгөрүүлөр, үчүнчү жактар тарабынан жол берилиши мүмкүн болгон бузуулар же алардын мындай аракеттерге катыштыгы бар экендиги Күрөө коюучуга маалым болгондон тартып үч күндүк мөөнөт ичинде бул тууралуу Күрөө кармоочуга маалымдоого.
2.2.4. Күрөө кармоочунун талап кылуусу боюнча ага үч күндүк мөөнөт ичинде күрөө предметине тиешелүү кайсы болбосун документти таанышуу үчүн сунуштоого жана күрөө предмети тууралуу Күрөө кармоочуга зарыл болгон кайсы болбосун маалыматты берүүгө.
2.2.5. Банктык аманат келишимине Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугун албай туруп, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбөө.
2.2.6. Ушул Келишимде каралган башка милдеттенмелерди мойнуна алат.
2.2.7. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү соттон тышкаркы тартипте ушул келишим шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Күрөө коюучу күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүү жүргүзүлүшүн жана Каражаттарды тартуу боюнча келишим жана ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаган жана талапка ылайыксыз аткарган шартта, күрөө предметинин мүнөздөмөсүнө жана курамына көз карандысыз, аны соттон тышкаркы тартипте сатып өткөрүүнү гарантиялайт жана буга өзүнүн толук макулдугун берет.
2.2.8. Күрөө коюучу күрөө предмети ушул келишимге ылайык сатып өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун мезгилде, ушул күрөө менен камсыздалган милдеттенмесин же анын мөөнөтүндө аткарылбаган бөлүгүн аткарууга укуктуу.
3. Күрөө шарттары
3.1. Тараптар, Күрөө коюучунун Банктык аманат (депозит) келишими боюнча Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде кайра баалоо күнүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча АКШ долларына эквиваленттүү сом түрүндө (сом түрүндө эсептелген) жайгаштырылган учурдагы акча каражаттарынын калдыгы, Күрөө кармоочунун тиешелүү ордун жабуу коэффициентин (күрөө коэффициенти) эске алуу менен Каражаттарды тартуу боюнча келишимдин негизинде алынган акча каражаттары боюнча Күрөө коюучунун Күрөө кармоочу алдындагы учурдагы карыз калдыгынан төмөн болбоого тийиш экендигин макулдашышты.
Күрөө кармоочу Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын калдыктарына алардын ушул пункттун биринчи абзацында каралган жоболорго ылайык келүүсүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча АКШ доллары боюнча кайра баалоону мезгил-мезгили менен жүргүзүп турат жана Күрөө коюучуга кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарылчылыгы же болбосо, Каражаттарды тартуу боюнча келишим боюнча алынган акча каражаттары боюнча карыздын тиешелүү бөлүгүн төлөө зарылчылыгы тууралуу талап-билдирүүнү жөнөтөт.
Ушул Келишимдин колдонуудагы мөөнөтү бүткөнгө чейин Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде жайгаштырылган сомго эквиваленттүү акча каражаттарынын күндөлүк калдыгы ушул пункттун биринчи абзацына ылайык эсептелген суммага караганда 5 (беш) пайыздан көбүрөөккө азайган шартта, Күрөө коюучу ага Күрөө кармоочунун тиешелүү талап-билдирүүсү келип түшкөн күндөн кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде жайгаштырылган АКШ долларындагы акча каражаттарынын суммасын Күрөө кармоочунун талап-билдирүүсүндө көрсөтүлгөн суммага чейин жеткирүүгө, же болбосо Күрөө коюучунун Күрөө кармоочудан Каражаттарды тартуу боюнча келишимге ылайык алган акча каражаттардын тиешелүү бөлүгүн кайра баалоо күнүнө карата АКШ долларынын Улуттук банктын расмий курсу боюнча сомго эквиваленттүү күрөөнүн суммасы Күрөө коюучунун Күрөө кармоочу алдындагы Каражаттарды тартуу боюнча келишим боюнча карызынын күндөлүк калдыгын жапкыдай тартипте тиешелүү күрөөлүк коэффициентти эске алуу менен жабууга милдеттенет.
Мында АКШ долларынын Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курсу жогорулаган шартта, күрөөнүн кандайдыр бир бөлүгү бошотулбайт жана Күрөө коюучуга кайтарылбайт.
3.2. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 3.1-пунктунда каралган шарттар сакталган учурда, Каражаттарды тартуу боюнча келишимге ылайык Күрөө коюучудан алган акча каражаттары боюнча өз милдеттенмелерин толугу менен же жарым-жартылай аткарган шартта, Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугу менен анын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебине жайгаштырылган акча каражаттарын толугу менен же бөлүп-бөлүп алууга укуктуу.
4. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жана аны сатуу өткөрүү тартиби
4.1. Каражаттарды тартуу боюнча келишимге ылайык күрөө менен камсыздалган милдеттенме аткарылбай калган учур орун алган, ошондой эле ушул келишимдин 2.1.2-пунктунда каралган шарттар келип жеткен жана күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталган учурда, Күрөө коюучу анын банктык аманат (депозит) келишими боюнча Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинен акча каражаттарын акцепциз (талашсыз) тартипте алып салууга жана аларды Күрөө кармоочунун эсебине которуу укугун Улуттук банкка берет.
4.2. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары акцептциз (талашсыз) тартипте чегерилген/алынып салынган учурда, алынып салынган/чегерилген акча каражаттарын Күрөө кармоочу тарабынан Күрөө коюучуга берилген валютага конвертациялоо (которуу) акча каражаттарын чегерилген/алып салынган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык жүргүзүлөт.
4.3. Күрөө предметинен өнүдүрүүнү жүргүзүүдө Күрөө коюучу да ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн жана күрөө предмети болуп саналган, Банктык аманат (депозит) келишими боюнча талап кылуу укугун ыйгарып өткөрүп берүүгө милдеттенет.
4.4. Күрөө предмети болуп саналган, Банктык аманат келишими боюнча талап кылуу укугун ыйгарып өткөрүп берүү боюнча, ушул Келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 18-главасынын 173-беренесине ылайык кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн. Көрсөтүлгөн Банктык аманат келишими боюнча талап кылуу укугу, ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталган күндөн кийинки күнү Күрөө кармоочуга өтөт.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талапка ылайыксыз аткарылган шартта, Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык келтирилген чыгымдарды бири-бирине төлөп беришет.
5.2. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 3.1-пунктунда каралган милдеттенмелерин аткарбаган шартта, ушул келишимдин 1.3-пунктуна ылайык күрөө предметинин жалпы наркынан 0,05 пайыз өлчөмдө, милдеттенмелер аткарылбаган ар бир күн үчүн Күрөө кармоочуга туум төлөп берет.
5.3. Келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана туумдарды төлөө күнөөкөр тарапты ушул Келишимде жана Каражаттарды тартуу боюнча келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.
6. Башка шарттар
6.1. Күрөө кармоочунун ушул Келишим боюнча укуктарын ыйгарып өткөрүп берүү Күрөө коюучунун макулдугусуз эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6.2. Күрөө коюучу ушул Келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттенмелерин Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга ыйгарып өткөрүп берүүгө укугу жок.
6.3. Ушул Келишим талаптарын аткарууга байланыштуу келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилүүгө тийиш.
6.4. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
6.5. Ушул Келишимди тариздөөгө жана каттоого кеткен сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
6.6. Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын күрөөлүк каттоо конторасынан катталууга тийиш.
6.7. Ушул Келишим анын 6.6-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарында катталгандан тартып күчүнө кирет.
6.8. Келишим Күрөө коюучу Каражаттарды тартуу боюнча келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук аткарганга чейин күчүндө болот.
6.9. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ официалдык тилинде 3 (үч) түп нускада түзүлүп, анын 1 (бир) нускасы - Күрөө коюучуга, 1 (бир) нускасы тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга каттоо үчүн берүүгө, 1 (бир) нускасы - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында сактоо үчүн түзүлгөн.
7. Юридикалык даректер, тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
КҮРӨӨ КАРМООЧУ: | КҮРӨӨ КОЮУЧУ: | |
Улуттук банк: | Банк: | |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы | "Коммерциялык банк" ААК/ЖАК | |
Бишкек ш. __________________ | Бишкек ш., ____________ көч. | |
Улуттук банктагы корр. Эсеби | ||
№ 1010126_________________ | ||
Улуттук банктын БИК № _____ | ||
ИНН № _______________________________ | ||
ОКПО № _____________________________ | ||
МСИ коду: _____________________________ | ||
Кызматы __________________ | Кызматы __________________ | |
(Кол тамгасы) ______________ М.О | (Кол тамгасы) ______________ М.О.". |