Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-марты № 192
Уурдалган мобилдик түзүлүштөрдү издөө боюнча оперативдүү-издөө ишин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен мобилдик уюлдук байланыш операторлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 152 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" жана "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамын аткаруу үчүн жана уурдалган мобилдик түзүлүштөрдү издөө боюнча оперативдүү-издөө ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уурдалган мобилдик түзүлүштөрдү издөө боюнча оперативдүү-издөө ишин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен мобилдик уюлдук байланыш операторлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобонун нормаларын ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |