Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-мартындагы №192 токтому менен бекитилген |
Уурдалган мобилдик түзүлүштөрдү издөө боюнча оперативдүү-издөө ишин жүргүзүүчү
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен мобилдик уюлдук байланыш операторлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Аныктамалар
II. Уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн реестри, аны түзүүнүн тартиби
III. Байланыш операторлорунун ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүкчөлөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби
Бул оперативдүү-издөө ишин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүкчөлөрү менен мобилдик уюлдук байланыш операторлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары текст боюнча - Жобо) Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 152 "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
Бул Жобо маалыматтарды жыйноодо, уурдалган мобилдик түзүлүштөрдү каттоону жүргүзүүдө жана анын андан аркы колдонулушун териштирүүдө оперативдүү-издөө ишин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүкчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын мобилдик уюлдук байланыш операторлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин аныктайт.
1.1. Абонент - электр байланыш кызматын көрсөтүүчү жак электр байланыш кызматын көрсөтүү үчүн келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.
1.2. Мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык индентификатору (мындан ары - IMEI-код) - мобилдик телефондун же коммуникатордун мобилдик түзүлүштү өндүрүүчү тарабынан белгиленген 15 маанилүү (4 блоктон турган) бөтөнчө номери, ал уюлдук байланышка берилген ар бир суроо-талапта жана кайрылууда түзүлүштү ишенимдүү түрдө таанып-билүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
1.3. Базалык станциялардын картасы - базалык станцияларды орнотуу схемасы.
1.4. Мобилдик уюлдук байланыштын операторлору - электр байланыш тармагын пайдаланган жана көчмө радиотелефондук байланыш кызматын көрсөткөн каалагандай юридикалык же жеке жак.
1.5. Ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүкчөлөрү - Кыргыз Республикасынын "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Мыйзамына ылайык оперативдүү-издөө ишин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын оперативдүү бөлүкчөлөрү.
2.1. Уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн реестри (мындан ары - Реестр) уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн кагаз жүзүндөгү жана электрондук форматтагы тизмеси болуп эсептелет жана ушул Жобонун N 1 тиркемесинде аталган маалыматтарды камтыйт.
2.2. Реестрдин маалыматтарынын жыйнагы үчүнчү жактар үчүн жашырын болуп эсептелет. Реестрде камтылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого же башка түрдө ачыкка чыгарууга жол берилбейт.
2.3. Реестр Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан (мындан ары - ИИМ) түзүлөт жана жүргүзүлөт. Мобилдик уюлдук байланыштын операторлору Реестрге киргизилген маалыматтар менен тааныша алышат.
2.4. Мобилдик түзүлүштүн уурдалгандыгы жөнүндө арыздын негизинде кабыл алынган ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүкчөсүнүн чечими Реестрге маалыматты киргизүү үчүн негиз болуп эсептелет.
2.5. Реестр катталган күнү жана каттоо номеринин ыйгарылгандыгы боюнча хронологиялык тартипте түзүлөт.
2.6. Уурдалган мобилдик түзүлүш жөнүндө маалыматты же кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү Реестрге киргизүү ИИМге ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүкчөсүнөн тиешелүү чечим келип түшкөн күндөн баштап 48 сааттын ичинде жүргүзүлүүгө тийиш.
2.7. Реестрге маалыматтардын өз убагында киргизилиши, декларация кылынган маалыматтардын дал келиши, ошондой эле маалыматтардын Реестрге туура киргизилиши үчүн жоопкерчилик ИИМге жүктөлөт.
2.8. Реестрге маалыматтарды киргизүүгө, абоненттерге байланыш кызматын көрсөтүүнү токтотууга же кайрадан улантууга негиз болгон документтер ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүкчөлөрүнүн делолорунда беш жыл сакталат. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин документтер белгиленген тартипте ИИМдин архивине өткөрүп берилет.
2.9. Мобилдик уюлдук байланыштын операторлору өндүрүүчү тарабынан белгиленген жана мобилдик түзүлүштүн байланыш кызматын керектөөчү тарабынан колдонулган эл аралык идентификаторду аныктоону өз алдынча жүргүзүүгө милдеттүү. Бул учурда Реестр менен салыштырып текшерүү автоматтык түрдө жүргүзүлүүгө тийиш.
3.1. Уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн реестри менен салыштырып текшерүүнү жүргүзүү үчүн Реестрге маалыматтар же өзгөртүүлөр киргизилген учурдан баштап 24 саатын ичинде ИИМ киргизилген маалыматтарды жана/же өзгөртүүлөрдү мобилдик түзүлүштөрдө колдонулган стандарттарды эске алуу менен мобилдик уюлдук байланыштын операторлоруна жиберет.
3.2. Мобилдик уюлдук байланыштын операторлору мобилдик түзүлүштүн уурдалгандыгы жөнүндө ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүкчөсүнүн билдирүүсү келип түшкөн күндөн баштап Реестрге маалымат катары киргизилген мобилдик түзүлүштү колдонгон абонентке байланыш кызматын көрсөтүүнү токтотууга милдеттүү.
3.3. Уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн абоненттеринин телефондук байланыштары жөнүндө маалыматтарды мобилдик уюлдук байланыштын операторлору 24 саатын ичинде ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүкчөсүнө ушул Жобонун N 2 тиркемесинде белгиленген форма боюнча берүүгө милдеттүү.
3.4. Мобилдик түзүлүштөрдү уурдоо менен байланышкан кылмыштарды ачуунун оперативдүүлүгүн жогорулатуу максатында байланыш операторлору ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүкчөлөрүнө базалык станциялардын картасын жаңыланган сайын берип турууга милдеттүү.
3.5. Мобилдик түзүлүштүн уурдалгандыгы жөнүндө абоненттин тиешелүү арызы келип түшкөндө мобилдик уюлдук байланыштын оператору абоненттин номерин, абоненттин кайрылуусунун күнүн жана убактысын, IMEI-кодду көрсөтүү менен маалыматтарды ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүкчөсүнө берүүгө жана мобилдик түзүлүштүн белгиленген акыркы байланышынын ордун көрсөтүүгө милдеттүү.
3.6. Байланыш операторунун тармагында мобилдик түзүлүштүн Реестрге киргизилген эл аралык идентификаторуна дал келген эки же андан көп эл аралык идентификатор бар болсо, аталган мобилдик түзүлүштөрдүн абоненттерине кызмат көрсөтүү токтотулбайт.
3.7. Мобилдик түзүлүш мыйзамдуу ээсине расмий түрдө кайтарылып берилген күндөн баштап 3 жумушчу күндүн ичинде ИИМ уурдалган мобилдик түзүлүш жөнүндө маалыматты Реестрден чыгаруу тууралуу мобилдик уюлдук байланыштын операторлоруна кабарлоого милдеттүү.
| Уурдалган мобилдик түзүлүштөрдү издөө боюнча оперативдүү-издөө ишин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен мобилдик уюлдук байланыш операторлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жобого №1 тиркеме |
Каттоо № | Каттоо күнү | Мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификатору | Мобилдик түзүлүштүн модели (өндүрүүчү) | Мобилдик түзүлүштө колдонулган стандарттар | Ээсинин абоненттик номери | Уурдалган мобилдик түзүлүштүн ээсинин аты- жөнү/ уюмдун аталышы: (- юридикалык жактар үчүн уюштуруу-укуктук формасын көрсөтүү менен толук расмий аталышы; - жеке жактар үчүн аты- жөнү, паспорт маалыматтары) | Ээсинин мобилдик түзүлүштү сатып алган күнү | Мобилдик түзүлүштүн уурдалган күнү, убактысы жана орду | Уурдалгандыгы жөнүндө арызды кабыл алган КР ички иштер органдарынын бөлүкчөсү (аталышы, телефону, дареги) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Уурдалган мобилдик түзүлүштөрдү издөө боюнча оперативдүү-издөө ишин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен мобилдик уюлдук байланыш операторлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жобого № 2 тиркеме |
Чыккан абоненттин номери | Кирген абоненттин номери | Телефондук байланыштын күнү | Сүйлөшүүнүн башталган убактысы | Телефондук байланыштын узактыгы | Чыккан абоненттин IМЕI- коду | Кирген абоненттин IМЕI- коду | Чыккан абоненттин базалык станциясы | Кирген абоненттин базалык станциясы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|