Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 26-марты №195
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2008/2009-жылдын жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, отун-энергетика комплексинин ишканалары жалпысынан канааттандыраарлык өткөндүгүн билдирет.
Токтогул суу сактагычында суу запасынын деңгээли 2008-жылдын 1-октябрына карата 9,6 млрд.куб.м түзгөн, бул 2007-жылдын ушундай мезгилинин деңгээлинен 4,1 млрд.куб.м азыраак. Республиканын энергосистемасынын жылытуу мезгилинен ийгиликтүү жана аварияларсыз өтүшү үчүн 2009-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычында суу запастарын 6,1 млрд.куб.м кем эмес деңгээлде сактоо боюнча милдет коюлган.
Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлорунда жүктөмдү көбөйтүү, электр энергияны экспорттоо көлөмүн кыскартуу, электр энергияны керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоону, электр от казандарын отундун альтернативдүү жана башка түрлөрүнө этабы менен которууну кошкондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чаралар комплекси кабыл алынган.
Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлорунда пландаштырылган жүктөмдү сактоо үчүн көмүргө жана жагуучу мазутка болгон керектөөнү камсыздоо максатында казак өнөктөштөр менен келишим түзүлүп 500 млн.кВтс көлөмүндө 2009-жылы электр энергияны экспорттоо эсебине 25 млн. АКШ доллары өлчөмүндө алдын ала акы төлөө жүргүзүлгөн, энергосекторго шашылыш жардам көрсөтүү долбоору боюнча Дүйнөлүк банк тарабынан 11 млн. АКШ доллары бөлүп берилген. Медицина объекттерин электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн USAID грантынын эсебинен электр генераторлору сатып алынган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында республиканын энергетика секторундагы кырдаалды жылытуу мезгилинде турукташтырууга жана Токтогул суу сактагычынын запастарынын пландаштырылган деңгээлине жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 2009-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6,4 млрд.куб.м деңгээлде топтолуусу күтүлүүдө.
Ушуну менен бирге өткөн жылдын деңгээлинен 150 млн.куб метрге азыраак болуп, жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү мезгилинин башталышына карата суу запастарынын деңгээлинин өзгөчө аздыгынан жана Нарын дарыясында суунун азайып жатышынан улам 2009-жылы Токтогул суу сактагычында суу ресурстарынын тартыштыгы сакталат, бул 2009-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында 10,8 млрд.куб. метрден кем эмес көлөмдө суунун топтолушун камсыздоо боюнча чараларды көрүү талап кылат.
2009/2010-жылдын алдыдагы жылытуу мезгилине министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, администрациялык ведомстволорду жана республиканын региондорун өз учурунда даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министринин 2008/2009-жылдын жылытуу мезгилинен өтүү жөнүндө отчету көңүлгө алынсын.
2. Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн жана Штаб жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна "Токтогул суу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-мартындагы №195 токтомуна тиркеме |
Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, штабдын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын финансы министри, штабдын төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Бишкек шаарынын вице-мэри;
Ош шаарынын мэри;
"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору;
"Көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |