Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-мартындагы №195 токтому менен бекитилген |
Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Штабдын милдеттери жана функциялары
III. Штабдын укуктары
IV. Штабдын ишин уюштуруу
1. Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб (мындан ары - Штаб) коңшулаш өлкөлөр менен суу-энергетикалык мамилелердин маселелери боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну ишке ашыруу, Токтогул суу сактагычында суунун зарыл запастарын түзүү жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо, ошондой эле электр жана жылуулук менен жабдуудагы тартип бузууларды болтурбоо үчүн түзүлгөн коллегиалдуу координациялык орган болуп саналат.
2. Штаб өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Штабдын ишин төрага, ал жок учурда - төраганын орун басары жетектейт.
4. Штабдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- республиканын суу-энергетика комплексин өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу;
- Токтогул суу сактагычында суунун зарыл көлөмүн топтоо боюнча өз убагында чараларды көрүү;
- Кыргыз Республикасынын суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселелерин сапаттуу жана өз убагында чечүүнү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине өз учурунда жана сапаттуу даярдоону камсыз кылуу.
5. Штаб өзүнө жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- ай сайын өзүнүн отурумдарында токтомдун аткарылышынын жүрүшүн карайт;
- суу-энергетика ресурстарын башкаруу, кышкы шарттарда иштөөгө өз убагында жана сапаттуу даярдоо, отун менен камсыздоо, электр-жылуулук менен жабдуулардагы бузулууларга жол бербөө жана (же) алардын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын жана отун-энергетика комплексинин ишканаларынын иштерин координациялайт;
- электр- жана жылуулук энергиясын берүүдө чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- региондор боюнча электр-жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөө лимиттерин белгилейт жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Токтогул ГЭСинин каскадында суу-энергетика абалына мониторинг жана болжолдоо жүргүзөт;
- суу-энергетика балансынын бузулууларын жоюу боюнча зарыл чараларды көрөт;
- электр энергиясы менен иштөөчү от казандарын органикалык отун менен иштөөгө өткөрүү жана отундун зарыл запасын камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүнү контролдойт.
6. Штаб төмөнкүлөргө укуктуу:
- Штабдын максаттары менен милдеттеринин чектеринде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдар менен мекемелердин жетекчилеринин маалыматын угууга жана алардын иштерине баа берүүгө;
- министрликтерден, ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден өз ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Штабдын чечимдерин аткарбоого жана кышкы шарттарда иштөөгө даярдык көрүү боюнча милдеттерди аткарууну үзгүлтүккө учуратууга жол беришкен министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизүүгө;
- республикадагы суу-энергетика жагдайынын маселелери жана экономика тармактары менен калкты 2009/2010-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоодогу абал боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берүүгө;
- өзүнүн компетенциясына ылайык Штабдын чечимдерин сөзсүз аткарууну мамлекеттик органдардан жана отун-энергетика комплексинин ишканаларынан талап кылууга;
- республиканын аймагында пайдалануучуларга электр- жана жылуулук энергиясын, жаратылыш газын керектөөгө чектөө киргизүүгө жана региондор боюнча энергия булактарын керектөө лимиттерин белгилөөгө;
- республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча башка уюштуруу жана координациялык чараларды көрүүгө.
7. Берилген ыйгарым укуктардын чектеринде кабыл алынган Штабдын чечимдери министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, республиканын отун-энергетика комплексинин ишканаларынын аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат.
8. Штабдын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Штабдын төрагасы кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри болуп саналат, ал Штабдын ишин жетектейт. Штабдын мүчөлөрү Штабдын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу боюнча негизделген сунуштарды Штабдын талкуусуна киргизүүгө укуктуу.
9. Штабдын иш формасы отурум же селектордук кеңешме болуп саналат, ал анын жетекчисинин чечими боюнча зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Штабдын мүчөлөрү отурумдарга жана селектордук кеңешмелерге жеке өздөрү катышат. Штабдын отурумунда Штабдын мүчөсү себепсиз келбей калган учурда ага карата тартиптик жаза көрүү чаралары белгиленген тартипте колдонулат.
10. Штабдын отурумунун жыйынтыгы боюнча протокол түзүлүп, ага төрага кол коет.
11. Штабдын чечими добуш берүү аркылуу добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат жана аларды ишке ашырууга жооптуу бардык адамдарга жеткирилет.
12. Штаб кабыл алган чечимдер зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана республиканын мамлекеттик органдарынын кароосуна жиберилиши мүмкүн.
|
|