Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 656 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-марты №199
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы үчүн материалдык-техникалык база түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасын кызматтык жайлар менен камсыз кылуу, ошондой эле объекттерди мамлекеттик менчикте сактоо жана аларды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы №518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин.
- аталган токтом менен бекитилген, 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына № 4 тиркеменин "Башка объекттер" бөлүгүнүн 92-пункту алынып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Бишкек шаардык мэриянын 2006-жылдын 26-июлундагы № 527 токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Курулуш департаментине берилген, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 11 дареги боюнча жайгашкан жер участогун, ошондой эле бул участокто тургузулуп жаткан объекттерди Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн объектти кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн объектке жумушчу долбоорду калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүү үчүн объектти бүтүрүүгө долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасына объекттердин курулушун бүтүрүү үчүн зарыл каражаттарды берилген сметаларга ылайык бөлүп берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 25 дареги боюнча жайгашкан имаратта ээлеген жайларын берилип жаткан объекттин курулушу аяктаганга жана аны пайдаланууга киргизгенге чейин сактап турсун.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июнундагы № 297-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-ноябрындагы № 497-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-апрелиндеги № 165-б буйругу.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |