Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 31-марты №202
"Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбалык өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2009-жылдын 29-январында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору (N DSF-8021-KG грант) жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбалык өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2009-жылдын 29-январында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору (N DSF-8021-KG грант) жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбалык өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2009-жылдын 29-январында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору (N DSF-8021-KG грант) жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-статья.
Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбалык өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2009-жылдын 29-январында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору (N DSF-8021-KG грант) жөнүндө гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Айыл чарбалык өнүктүрүүнүн эл аралык фондуна Кыргыз Республикасы аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|