Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-декабры № 76/8
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/6, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-14/58-8-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын:
- 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7 "Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/11 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/19 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө".
3. Коммерциялык банктар:
- бюджеттик уюмдардын эмгек акы долбоорлорун, бюджетке/бюджеттен төлөмдөрдү 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө улуттук "Элкарт" системасына которуу планын иштеп чыгып, 2016-жылдын 1-мартына чейин Улуттук банктын кароосуна сунушташсын;
- Кыргыз Республикасынын экономикасын доллардан арылтуу боюнча иш-чаралардын алкагында жана республиканын мыйзам талаптарына ылайык соода-тейлөө ишканаларында орнотулган бардык терминалдарды улуттук валютадагы төлөмдөрдү гана кабыл алууга ыңгайлаштырууну камсыздашсын.
4. Бул токтом, "Кыргыз Республикасындагы банктык карттар жөнүндө" жобонун 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүгө тийиш болгон 74-пунктун эске албаганда, расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/6, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-14/58-8-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
6. Документ менен иштөө жана коммуникация башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКты жана эл аралык төлөм системаларын тааныштырсын.
8. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы коммерциялык банктарды лицензиялоо процессин ушул токтомго ылайык ишке ашырсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т. Абдыгулов |