Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 2018-П-12/55-6-(НПА)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө" Нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9 "Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) карап чыгуу жөнүндө" нускоо тууралуу" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/3 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/2 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9 "Банк мыйзамдары чөйрөсүндө административдик укук бузууларга тиешелүү иштерди кароого алуу жөнүндө" нускоого толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун тогузунчу абзацы жана аталган токтомго карата тиркеменин 8-пункту.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Кыргыз банктар бирлиги" ЮЖБ, коммерциялык банктарды, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" ЮЖБ, микрофинансы уюмдарын, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ачык акционердик коомун, кредиттик союздарды, кредиттик бюролорду, "Альянс" алмашуу бюролордун ассоциациясын", алмашуу бюролорду, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын төрагасы |
Т. Абдыгулов |