Загрузка документа…
Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 19-декабрындагы №2018-П-12/55-6-(НПА) токтомунун редакциясынан ылайык
КҮЧҮҢ ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 17/3
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин:
- 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9 "Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) кароого алуу жөнүндө" нускоо тууралуу";
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, алмашуу бюролорун, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесин, Кредиттик союздар ассоциациясын, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т. Абдыгулов |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/3 токтомуна карата тиркеме |
Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна ТОЛУКТООЛОР ЖАНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9 "Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) кароого алуу жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) кароого алуу жөнүндө" нускоонун:
- 1-пунктундагы "363" деген сандар ", 505-17, 505-18, 505-19, 505-20" сандары менен толукталсын;
- 2-пунктунун:
1-пунктчасындагы "357-362" деген сандар ", 505-17 - 505-20" сандар менен толукталсын;
4-пунктчадагы "357-363" деген сандар ", 505-17 - 505-20" сандар менен толукталсын.
2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)