Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-апрели № 222
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Арабаев, Ж.Жээнбеков, А.Кенжебаев жана И.Масалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №222 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1 жана 2-пункттарында төмөнкүлөр сунуш кылынат:
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи пунктча менен толукталсын:
"8) айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү ишканаларды (спирт кошулган продукцияны, тамекини жана тамеки буюмдарын кошпогондо), 5 жылдык мөөнөткө";
239-берене төмөнкү мазмундагы бешинчи пунктча менен толукталсын:
"5) айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү ишкана тарабынан товарларды жеткирүү (акциздик товарларды кошпогондо), иштер жана кызмат көрсөтүүлөр, 5 жылдык мөөнөткө.".
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 10-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212 жана 239-беренесине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Арабаев, Ж.Жээнбеков, А.Кенжебаев жана И.Масалиев демилге кылган сунуштарга окшош толуктоолор анча олуттуу эмес өзгөртүүлөрдү эске алуу менен киргизилгендигин белгилей кетүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктуна карата 315-берененин 1-пунктун төмөнкү мазмундагы бешинчи пунктча менен толуктоо сунуш кылынат:
"5) айыл чарба чийки затын кайрадан иштетүүчү ишкана, 5 жылдык мөөнөткө.".
Бирок, кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте бекитилген иш-чараларды жана программаларды жабуу үчүн бюджеттик каражаттардын жетишсиздигинин шарттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-январындагы № 23 "Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын (2009-2011-жылдар) долбоору жөнүндө" токтому менен бекитилген Алдыдагы мезгилде өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясында аныкталган экономикалык артыкчылыктарды жана принциптерди сактоо абдан маанилүү болуп эсептелет.
Жалпысынан жогоруда аталган Мыйзам менен киргизилген толуктоолорду эске алганда Кыргыз Республикасынын Салык кодекси айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары үчүн салыктардан бошотуулардын жана жеңилдиктердин жетиштүү көлөмүн камтыйт деп эсептейбиз.
Ошону менен эле айрым чарбакер субъекттерге берилүүчү салык жеңилдиктери салык салуунун негизги принциптеринин бири болгон адилеттүүлүк принцибинин бузулушуна алып келээрин белгилейбиз. Бул принцип бардык чарбакер субъекттер үчүн чарба жүргүзүүнүн бирдиктүү шарттарын жана айрым чарбакер субъекттердин ортосунда адилеттүүлүк жана теңдештирилгендик принциби боюнча салыктарды бөлүштүрүүнүн механизмин түзүүнү билдирет.
Экономикалык ишмердиктин бир түрүнө салык жеңилдиктерин бергенде, мамлекет бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууга жетишүү үчүн ишмердиктин башка түрлөрүнө салык жана бажы төлөмдөрүн көтөрүүгө аргасыз болот.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин киргизүүгө байланыштуу мамлекеттик бюджеттин олуттуу жоготууларын, айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары үчүн Кодексте берилген салык жеңилдиктерин жана бошотууларды эске алып, Мыйзам долбоорунун 3-пунктун кабыл алуу максатка ылайык келбейт деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Арабаев, Ж.Жээнбеков, А.Кенжебаев жана И.Масалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайык келбейт деп эсептейт.