Загрузка документа…
КР Убактылуу Ѳкмѳтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №142 токтому менен КУЧУН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-апрели № 229
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылчу товарларга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылчу товарларга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 12-мартындагы № 1036-IV токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылчу товарларга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтомдун тиркемесинин "5101", "5102", "5103", "5104", "5105" жана "5106" позициялары алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин секретариатына ушул токтомдун кабыл алынгандыгы тууралуу белгиленген тартипте билдирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |