Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-июлундагы №142
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
2009-жылдын 8-апрелиндеги № 224 «Тышкы кыйынчылыктардан арылуу үчүн каржылоо механизмдери менен колдоого алынган 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын (ЕСФ)» ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылга иш-чаралар планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому менен бекитилген «Тышкы кыйынчылыктардан арылуу үчүн каржылоо механизмдери менен колдоого алынган 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын (ЕСФ)»ишке ашыруу боюнча 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-чаралар планынын 30-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 419 «Патенттик негизде милдеттү салык салынууга тийиш болгон экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 29-июнундагы З № 418-II токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 419 токтому менен жактырылган «Патенттик негизде милдеттүү салык салынууга тийиш болгон экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 29-июнундагы З № 418-II токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакыртылып алынсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 419 «2001-жылдын 29-июнундагы З № 1418-II «Патенттик негизде милдеттү салык салынууга тийиш болгон экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 «Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетилүүчү товарларга ташып кетүү (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2008-жылдын 4-июлундагы № 362 «Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетилүүчү товарларга ташып кетүү (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 652 «Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген жазуу жүзүндөгү тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган уруксат болгондо гана Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө башка өлкөлөр тарабынан реэкспорту жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын аймагында чыккан товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 229 «Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетилүүчү товарларга ташып кетүү (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун кабыл алынышы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык Катчылыгына белгиленген тартипте кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |