Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №188 токтому менен бекитилген |
2010-2015-жылдарга Кыргыз Республикасында безгекти элиминациалоо боюнча ПРОГРАММАСЫ
Безгек бүгүнкү күнгө чейин дүйнөгө кеңири тараган оорулардын катарында келе жатат. Бүгүнкү күндө безгектин жергиликтүү аймактарда таралышы Европалык Аймактык БДСУга мүчө болгон 52 мамлекеттин ичинен алтоосунда, атап айтканда, Азербайжанда, Грузияда, Кыргызстанда, Тажикстанда, Түркияда жана Өзбекстанда катталууда. 1995-жылдан 2007-жылга чейин Аймактагы безгектин катталуусу 90712ден 1226га чейин кыскарган.
Өткөн кылымдын 50чү жылдардын аягында Кыргызстанда безгек дарты түп тамыры менен жоюлган. 1980-2000 жылдары чет жактардан жугузуп келген ооругандар дарыланып турган. 2002-жылы 2744 адамды камтыган чоң эпидемиянын катталганы Кыргызстанга безгектин кайрылып келгенин айгинелеген.
Кыргыз республикасынын Өкмөтү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана СПИД, кургак учук жана Безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык Фонд ушул программаны каржылоонун негизги булагы болду. Безгекке каршы иш чараларды пландоо, өткөрүү жана баалоодо илимий-техникалык колдоо Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму тарабынан көрсөтүлдү. Мындай ишмердикти улуттук деңгээлде координациялоо үчүн Өлкөлүк ведомство аралык Координациялык Комитет (ӨВКК) түзүлгөн жана ийгиликтүү иш алып барууда.
2005-жылы октябрда Кыргызстан Ташкенттик "Безгек менен күрөшүүдөн жоюуга карай алга" Декларацияны жактырып, кол коюп берген. 2006-жылы 2015-жылга карай безгекти таралышын үзгүлтүккө учуратуу аны жуккан аймактан жоюуга багытталган жаңы аймактык стратегия иштелип чыккан жана азыркы учурда БДСУнун Европалык Аймагында ийгиликтүү ишке ашырылууда.
Кыргызстанда безгектин жергиликтүү аймакка таралуусу бир топ мезгил ичинде катталбай турган, 1996-жылы Панфилов районунда биринчи жолу безгектин жергиликтүү учурлар катталып жана ошол мезгилден баштап өлкөдө безгектин таралышы күч алган. 2001-жылы жергиликтүү калктын арасында безгектин 15 учуру катталган.
2002-жылы бул оорунун тез таралышы өлкөнүн түштүк-чыгыш облустарындагы оорунун жогорку деңгээли менен мүнөздөлгөн жана эпидемиялык кырдаалга алып келген, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында үч күндүк безгектин 2267 учуру жергиликтүү калктын арасында катталган. Безгектин жугуусуна толук шарттуу келген Баткен облусуна Тажикстандан безгек менен ооруп калган адамдардын келүүсү, Кыргызстандагы безгектин таркалышынын кайра жандануусуна алып келген.
2003-05-жж. эпидемияга каршы жүргүзүлгөн иш чаралардын жыйынтыгында безгек ооруларынын санын 226га чейин кыскартууга жетишилген. Бирок, 2005-жылы өлкөнүн түштүк-чыгышында оорулардын саны төмөндөгөнүнө карабастан, безгек оорусунун таралышы өлкөнүн түндүгүндө, Бишкек шаарынын тегерегинде каттала баштаган. 2006-жылы өлкөдө үч күндүк безгектин 319 учуру катталган, анын 133 Бишкектин айланасында болгон. 2007-жылы безгек боюнча эпидемиялык кырдаал өлкөнүн бардык аймагында кыйла жакшырган, баардыгы болуп 96 гана учур катталган. 2008-жылы 18 оорулуу адам катталган, Чүй өрөөнүндө - 4, Бишкек шаарында - 1, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад жана Нарын облустарында - бирден учур.
Безгек боюнча кооптуу деп эсептелген өлкөлөр менен социалдык-экономикалык байланыштардын кеңейиши менен байланыштуу, безгек оорусунун проблемалары Кыргызстан үчүн актуалдуу бойдон калууда.
Кыргызстандын саламаттык сактоо системасында жугуштуу оорулар менен күрөшүү, анын ичинде безгек негизги жана башкы приоритеттердин санында. Мамлекет тарабынан безгек менен күрөшүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүлүүдө. 2000-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан безгек менен күрөшүү боюнча максаттуу комплекстик программа иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылы 30-июнда чыккан N 488 "Кыргыз Республикасындагы безгек менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча иш чаралар боюнча" токтомуна ылайык, кызыкдар болгон министрликтер жана ведомстволордун аракеттери такталып, биргелештирилген. Безгек менен күрөшүү мамлекеттик деңгээлдеги маселе катары карала баштаган. 2002-жылы катталган безгектин эпидемиясы, анын учурунда 2744 адам ооруга чалдыккан, безгектин кайрылып келгендигин айгинелеген. Безгек менен күрөшүүгө жана алдын алууга керектүү атайын каражаттын, даярдалган кадрлардын жетишсиздигин, калктын сабатсыздыгын, миграциялык процесстин күчөшүн жана башка факторлорду эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кечиктирилгис чараларды жүргүзүүгө багытталган чечимдерди кабыл алып, тийиштүү министрликтердин, ведомстволордун иш аракеттерин координациялоосунун жыйынтыгында безгек дартынын кеңири таркап кетишине бөгөт коюлуп, эпидемиялык абалды стабилдештирүүгө жетишилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майында чыккан N 348 токтому менен 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында безгекке каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиялык планы 65398} бекитилген. Бул пландын негизги максаты болуп, улуттук саламаттык сактоо кызматтарынын ишин жакшыртуу жана калктын социалдык мобилизациясы аркылуу, безгектин себебинен өлүмгө учуроонун алдын алуу, оорулардын санын азайтуу, социалдык-экономикалык жоготууларды кескин түрдө азайтуу көрсөтүлгөн.
СКБКГФ 2006-жылы Кыргыз Республикасынын суроо талабын карап чыгып, айтылган стратегиянын ишке ашырууга каралган каржылоону атайын долбоор менен бекитип берген. Улуттук пландын негизги максаттары жана милдеттери ийгиликтүү ишке ашырылып, безгектин себебинен өлүмгө кабылган учурлар болгон эмес, ооруп калган адамдардын саны кескин түрдө азайып, 2009-жылы болгону 4 учур катталган.
Ушул Кыргызстандагы безгекти (2010-2015-жж.) элиминациалоо программасы (мындан ары - Программа) мамлекеттик деңгээлде кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана тездетүүнүн, безгек боюнча тийиштүү чечимдерди чыгарууга улуттук мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү, адамдык өнүгүүгө жана потенциалдын күчөтүшүн инвестициалоо, дарылоо жана лабораториялык тастыктоонун мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу, эпидемиялардын алдын алуу, безгектин митесин алып жүрүүчү чиркейлер менен толук кандуу күрөш жүргүзүү, изилдөөлөрдү алып баруу, безгек менен күрөшүүгө калкты кеңири мобилизациялоо жана секторлор арасындагы макулдашылган иш аракеттер аркылуу безгекти толугу менен жоюуга багытталган.
Айтылган Программанын каржылоосун камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, БДСУ жана СКБГФ тарабынан жүргүзүлүп жатат. Иш аракеттерди туура пландоо боюнча, аткарылган иштерге баа берүү жагынан илимий-техникалык колдоо БДСУ тарабынан көрсөтүлүп жатат.
Кыргыз Республикасы социалдык маанидеги жана жугуштуу дарттарга каршы тийиштүү иш чараларды уюштуруу боюнча сектор аралык координациялык механизмдерин өнүктүрүү боюнча он жылдан ашык тажрыйба топтогонго жетишкен. Улуттук деңгээлде Өкмөттүн алдында Өлкөлүк Көп секторлуу Координациялык Комитет түзүлүп, өзүнүн ишин алып барып жатат. Ар жыл сайын, бул комитеттин отурумдарында мурда көрсөтүлгөн Улуттук стратегиялык пландын аткарылышын, СКБГФнын долбоорлорунун аткарылыштары талкууга алынып турат. Мындан тышкары, СКБГФга берилип жаткан долбоорлордун негиздери каралып, кол коюу процедуралары жүргүзүлөт. 2008-жылы СКБГФга бериле турган Кыргызстандагы 2010-2014-жж. безгекти элиминациялоого багытталган долбоор дагы каралып, макулдук алынган.
Безгекти жоюу боюнча милдеттенмени өзүнө алган Кыргызстандын безгектин таралышынын бир топ кыскартуусунун фонунда безгек боюнча улуттук стратегияны кайра кароо үчүн логикалык негиздеме болуп калды жана ал төмөнкү принциптерге негизделет:
1. Мурун далилденген Кыргызстанда безгектин жугуусун үзгүлтүккө учуратуу жана аны жоюу мүмкүндүгү.
2. Азыркы учурдагы безгек менен күрөшүү ишиндеги айтаарлык ийгиликтер.
3. Безгекти жоюу боюнча кампания өткөрүүгө бекем саясий колдоо көрсөтүү.
4. Кыргызстанды кошо аймактык контекстте безгекти жоюу үчүн натыйжалуу технологиялардын жана каражаттардын болушу.
Программанын максаттары:
1. 2015-жылга карата өлкөдө үч күндүк безгектин жергиликтүү жугуусун үзгүлтүккө учуратуу жана аны андан ары жоюу.
2. Безгек оорусу мурун жоюлган өлкө аймактарында безгектин кайра жугуусу мүмкүн экендигин эскертүү.
3. Тыштан жуккан безгектин айынан болгон өлүмдүн алдын алуу.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттердин алкагында иш чараларды аткаруу талап кылынат:
1. Безгекти жоюунун улуттук стратегиясынын институционалдык мүмкүндүктөрүн жана саламаттык сактоо тармагында жалпы кызматтарды бекемдө.
2. Дартты эрте аныктоого жана безгекти шайкеш дарылоого мүмкүндүктү толук камсыз кылуу.
3. Оорууну алып жүрүүчүлөр менен күрөшүүнүн бириккен системасын жакшыртуу.
4. Жугуштуу ооруларга тез реакция кылуу системасын жакшыртуу.
5. Мониторинг жана программанын аткарылышын баалоо механизмдерин мындан ары күчөтүү.
6. Илимий-практикалык изилдөөлөрдүн потенциялын чыңдоо.
7. Калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу жана алардын безгектин алдын алуусуна катыштыруу.
Программанын максаттары жана милдеттери 2004-жылы БУУ аныктаган жана бекиткен миң жылдык өнүгүү максаттарынын бирине, тактап айтканда, безгекти, ВИЧ/СПИДди жана башка оорулардын таралуусун төмөндөтүү жана токтотууга, ылайыкталган. Алар ошондой эле Бириккен улуттардын жалпы чогулушунун WHА 55/284 (2001 ж.) резолюциясында кабыл алынган жана андан кийин WHА 58.2. резолюциясында бекитилген БДСУнун өлкөлөрүндө өнүгүп жаткан "Обратить малярию вспять" программасына ылайык келет.
Кыргызстанда безгек өзүнүн ар жакта орун алып калган очоктору бардай элестетилет жана безгек боюнча кайра жаралган жана туруктуу кырдаалдардын аралашып кетүүсү менен жана алар менен байланыштуу мүнөздөлөт. Оорунун жугуусун үзгүлтүккө учуратууга багытталган иш чаралар тез жана кубаттуу мүнөзгө ээ болуусу керек. Чиркейлерге каршы иш чаралар турак үйлөрдү жана үй жаныбарлары багылган сарайларды тазалоону камтышы керек, анткени булар безгекти жугузуучу очок болуп калышы да мүмкүн. ОПИОД жана оорууну алып жүрүүчүлөр менен күрөшүү үчүн башка иштер боюнча иш чараларды пландоо жергиликтүү эпидомологиялык кырдаалдарды баалоо жана талдоого негизделиши керек. Бул иш чараларга кошумча примахун менен жалпы химиялык алдын алууну (МХПП) ылаңдаган аймактарды кийинки таралуу сезону башталганча Р. viwax гипнотозоити менен тазалоо сунушталышы керек. Ошондой эле мурун ачыкка чыккан безгек ооруусунун аймактарын улуттук саясатка ылайык тазалоо үчүн бардык иш аракеттерди көрүү талап кылынат.
Безгектин таралуусу токтогон өлкө аймактарында өзгөчө көңүл безгектин жугуу себептерин ачыкка чыгарууга, безгектин белгилери пайда болсо дароо кабарлоого жана кайрадан таралуу коркунучун эскертүү максатында иш чараларды аткарууга бөлүнүшү керек.
Тыштан келген безгек медицина кызматкерлеринин жана коомдук саламаттык сактоонун көкөйдү кескен көйгөйүнө айланды жана бул жогорку өлүм көрсөткүчү менен байланышы мүмкүн. Тыштан жуккан безгекти кыскартуу жана алдын алуу үчүн ооруу жуккан учурлар жана эрте дарт аныктоо тармагында ишенимдүү улуттук саясат жөнүндө маалымдоо системаларына жана тыштан келген безгекти өз убагында дарылоого, ошондой эле оор жана өтүшүп кеткен тропикалык безгекке өзгөчө көңүл бурулуусу керек.
Дартты аныктоо, дарылоо
Безгек пайда болгон учурду билиш үчүн оорулуулардын жана шектүүлөрдүн канына клиникалык картина учурунда паразитологиялык изилдөө жүргүзүш керек. Оору жуккан учурларды пассивдүү ачыкка чыгаруу (ПВС), т.а. безгек жуккан учурларды медициналык мекеме алкагында ачыкка чыгаруу максатында оору жуккан учурларды активдүү ачыкка чыгаруунун (АВС) үстүнөн үстөмдүк кылуусу керек, т.а. безгек оорусу жуккан учурларда шаймашай бригадалар /лабораториялар жана/ же саламаттык сактоонун безгекке каршы же башка кызматтарынын кызматкерлери тарабынан. Ошентсе да жоюу боюнча программалар жугуу сезонунда АВСти толук камтуу принциптерине ылайык колдонууну активдүү колдошу керек. Турак-жайлардын ээлери темир-жол башкармасынын, аскерий базалардын, заводдордун ж.б. медициналык кызматтарында иштесе да алардын бирин калтырбай кыдырып чыгуу керек. Алыскы райондун калкына өзгөчө көңүл буруу керек.
Дарылоого чейин безгек дартын аныктаган паразитологиялык аныктама алуу керек. Кан анализин тапшыруу ар бир шек жараткан учурда тереңирээк клиникалык-эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыктарына негизделиши керек. Чыйрыгуунун бардык учурларына же жакында болуп өткөн анамнез маалыматтарына башка оорулардын белгилери жок болгон учурда өзгөчө көңүл буруу керек. Кандын үлгүлөрү лабораторияга иликтөө үчүн тезинен жөнөтүлүшү керек. Безгекти так аныктоо боюнча кеңири тараган ыкма болуп канды микроскопиялык изилдөө эсептелет. Бул ыкманы колдонуу анын сапатын баалоону талап кылат.
Үч күндүк безгек диагнозу коюлганда хлорохин (ХЛ) жана примахин (ПХ) менен радикалдык терапия өткөрүү сунушталат, анын үстүнө эки дары тең бир эле убакта колдоно берет, мисалы, ХЛ ПХ менен айкалышып дарылануунун биринчи үч күнүндө колдонула берет жана примахин гана калган 11 күндө колдонулат. Оорулууларга шайкеш байкоо жок болсо, алардын баары примахин менен рецидивге каршы дарылоонун толук курсунан өтүүсүнө кепилдик берүү кыйын. Азыркы учурда өтүшө элек жана өтүшүп кеткен тыштан келген тропикалык безгекти дарылоо үчүн артемизинин-аралашма терапия (АКТ) сунушталат. Безгекке кабылган бейтаптар амбулатордук же стационардык шарттарда дарылануудан өтөт.
Безгекти элиминациалоо программасынын алкагында өзгөчө көңүлдү жугуштуу аймактардын баарын эртелеп жоюу үчүн ОИОДго буруу керек. ОИОД безгекти жугузууга каршы натыйжалуу ыкма болгондуктан ылаңдаган аймактарда төмөнкү шарттарды сактоо менен колдонулат:
1. Жугуштуу аймактардагы имараттардын көпчүлүгүнүн тазалоо үчүн үстүңкү катмар аянты бар жана инсектицид менен натыйжалуу тазаланышы мүмкүн:
2. Безгекти алып жүрүүчүлөр колдонуп жаткан инсектицидге сезимтал келишет;
3. Эл тарабынан ОИОДдун жакшы кабылданышы.
ОИОДдун биринчи мезгили жугуштуу сезон башталганча бүтүшү керек. ОИОД өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн энтомологиялык экспертиза керек. ОИОД тажрыйбалуу техникалык жетекчиликти, ишенимдүү жабдыктарды жана мыкты кызматкерлерди талап кылат.
ОИОДго кошумча жугуштуу аймактагы элдин баарына безгекке каршы дары-дармектерди жалпы берүү (МНПП) сунушталуусу мүмкүн. Безгектин жугуу сезону чектелген аймактарда МНПП ОИОДго кошумча катары жана башка иш-чаралар менен төмөнкү учурларда кароого болот: 1) безгектин майда очоктору безгектин жугуусу башка жугуштуу аймактарда жоюлгандан кийин да өз жашоосун уланткан учурда; жана (2) ОИОДду колдонуу жугуу коркунучун жое албаса. Ошентсе да МНППны колдонуу татаал болгондуктан безгек боюнча болуп жаткан кырдаалды жакшылап баалабай туруп пайдаланууга болбойт.
Чиркейдин куртчалары менен так белгиленген жана жеткиликтүү болгон алар ташталган аймакта күрөшүү керек. Куртчаларга каршы балыктарды колдонуу күрүч көп өстүрүлгөн жерде жана чөлмөк болуп токтоп калган жерлерге сунушталат. Инсектицид менен иштетилген материалдар жекече коргонуу үчүн өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди жана эгер коомчулук тарабынан жалпы колдонсо оорууну жугуусун токтотуучу потенциалга ээ.
Безгек менен күрөшүүдө курчаган чөйрөнү башкаруу төмөнкүдөй кеңири иш чараларды өзүнө камтыйт, (1) курчаган чөйрөнү модификациялоо, тактап айтканда адамды курчаган чөйрөгө терс таасирин тийгизбеген жердин, суунун жана өсүмдүктөрдүн ар бир физикалык трансформациясы чиркейдин урук таштоочу орундарын кыскартуу үчүн, жана (2) адам жана безгекти алып жүрүүчүнүн байланышын кыскартуучу ар кандай чаралар (кыштактарды урук ташталган жерден алыс жерге жайгаштыруу, зоопрофилактика).
Безгекти алып жүрүүчүлөр менен күрөшүүнүн ар кандай ыкмаларын айкалыштыруу өзүнчө колдонулган ыкмалардын ордун толтураары анык. Безгекти алып жүрүүчүлөр менен күрөшүүнүн бириккен ыкмасы жергиликтүү шартка туура келиши жана эң жогорку экономикалык натыйжалуулукту жана пайданы кепилдеши мүмкүн.
Эпидемия белгилерин болжолдоо, эрте билүү жана тез каршы аракет кылуу жана безгек менен байланыштуу ар бир кырдаалдарды эскертүү механизмдерин иштеп чыгуу керек. Алдын алуу иш чараларынын натыйжалуулугу көбүнчө эпидемия коркунучу пайда болгон учурдан баштап ага каршы аракеттерди көрүү үчүн керектүү ресурстарды мобилизациялоого улуттук саламаттык сактоо кызматтарынын даярдык деңгээлине жараша болот.
Жогорку тобокелчилик аймактары жана мезгили, тобокелчиликтин мүмкүн болгон факторлору, ошондой эле эл арасындагы тобокелчил топ клиникалык-паразитологиялык, энтомологиялык, экологиялык жана социалдык демографиялык мониторингдин жардамы менен аныкталышы керек. Ар кандай шартта эпидемиянын өнүгүшүн күчөтүүгө карабастан көптөгөн факторлор болушу мүмкүн, бул факторлор бири-бири менен өтө тыгыз байланышта. Курчаган чөйрө тобокелчилиги факторлору жана эпидемиологиялык маалыматтар дайыма саламаттык сактоо кызматкерлери жана энтомологиялык кызматтар тарабынан көзөмөлдө болушу керек, ал эми тиешелүү маалыматтарды чечимдерди кабыл алууга жана эпидемиологияга каршы иш чараларды жүргүзүүгө жооптуу адамдарга өтө тезинен билдирилиши керек.
Безгекке карата эпидемиологиялык көзөмөлдү иштетүү узак мөөнөттү талап кылат жана оору жуккан учурлар, аларды изилдөөнү жарыялоо, ошондой эле тиешелүү маалыматтык системаларды жана отчеттуулук системаларды иштетүү үчүн тиешелүү потенциалды түзүүнү камтыйт. Безгектин жугушун байкоого алган жана маалымдаган дарыгерлер, лабораториялык кызматкерлер жана башка медкызматкерлер эпидкөзөмөлдүн жана анын негизги ыкмаларынын логикалык негиздүүлүгү жөнүндө түшүнүгү болушу керек. Отчеттуулук жана кайра байланыш безгекке каршы иштердин натыйжалуулугун кепилдөө үчүн толук жана өз убагында берилүүсү керек.
Безгек боюнча иштеп жаткан маалымат жана отчеттуулук системалары эпидкөзөмөлдүн түзүүчү элементи катары безгек боюнча маалыматтарды чогултуу, анализдөө жана интерпретациялоо жана кайра байланышты жүргүзүү үчүн практикалык инструмент болуп эсептелет. Безгек боюнча эпидемиологиялык маалыматтарды, ошондой эле тез түшкөн маалыматтарды безгекке каршы кампаниялардын жетишкендиги жана натыйжалуулугунун мониторинги үчүн пайдалануу керек. Безгекке карата эпидкөзөмөл безгекти жоюу маалында оорууну жугузууну улантуучу белгилерин иликтөөгө, жугузууну улантуу себептерин аныктоого, калган безгек очокторун жоюуга жана безгекти жоюуга жетишүү фактысын далилдөөгө багытталат. Эпидемиологиялык изилдөөлөр жана бардык белгиленген окуялар жана алардын очокторун классификациялоо эң кыска мөөнөттө жүргүзүлүшү керек.
Географиялык маалыматтык системанын (ГМС) санарип версиясы бир дагы автоматтык эмес система аткара албай турган маалыматтарды чагылдыруу жана анализдөө боюнча мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Маалыматтардын мүмкүнчүлүгү жаңы болжолдонгон мүмкүнчүлүктөргө жана бул оорууга мониторинг жүргүзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. ГМС жөнөкөй санариптик карттарды түзүүгө караганда өтө эле кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ жана безгекти жоюуга байланыштуу проблемаларды өз убагында чечүүдө күчтүү практикалык инструмент катары кызмат кыла алат. Өзгөчө көңүл белгилүү бир убакта активдүү аракет кылган безгекке каршы эпидкөзөмөлдүн толук мейкиндик-мезгилдик системасын иштеп чыгууга жана жайылтууга бөлүнүшү керек.
Безгекти жоюуга багытталган күч-талаптар, негизинен аны менен күрөшүү үчүн коюлган багыттардан айырмаланат. Бир катар каражаттар жана ыкмалар элиминациалоо программасы үчүн спецификалуу болсо, кээ бирлери безгек менен күрөшүү боюнча программаларда маанилүү роль ойнойт.
Безгекти жоюу бул анын чиркей аркылуу жугуусун жергиликтүү калктын арасында үзгүлтүккө учуратуу. Бул безгекти алып жүрүүчүлөрдү жоюуну же безгекти катталган учурлардын толук жоктугун талап кылбайт: эл аралык саякаттар менен байланышкан тыштан келген учурлар катталып турат жана тыштан келгендерден экинчи ирээттеги жергиликтүү адамдарга жуккан учурларга айланышы дагы мүмкүн.
Безгек менен күрөшүүдөн аны жоюуга өтүү безгекти жана безгек очогун каттаган учурлардын безгекти жоюу шарттарына ылайык жаңы аныктамасын талап кылат.
Безгекти жоюу программасын киргизүү үчүн тандалган аймактарда элиминациянын ишке ашып жатышын баалоо жүргүзүлөт. Тандалган райондордо төмөнкү маселелер камтылат:
1. Шайкеш система жана саламаттык сактоо кызматтары;
2. Натыйжалуу башкаруу;
3. Сапаттуу маалыматтык система;
4. Жетиштүү кадрдык потенциал;
5. Күндөлүк иш чаралардын таасирдүүлүгү.
Жаңы элиминациялык программа өлкөнүн түрдүү аймактарында эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жайылтылат жана төрт фазадан турат:
1 фаза - Безгек менен күрөшүү фазасы. Кыргызстан шартында көйгөйдү жараткан үч күндүк безгекке каршы иш чараларды уланта берүү зарылчылыгы бар. Безгек менен күрөшүү мезгилинде, бир жылдык мөөнөт өлкөдө безгекти жоюу боюнча программаны даярдоо стадиясына өтүүгө багытталат.
2 фаза - Безгекти пре-элиминация фазасы. Бул фаза калктын 100000 адамына эсептегенде, жылына безгектин 1ден 5ке чейинки учурлары катталган аймактарда башталат.
3 фаза - Безгекти элиминациялоо фазасы. Бул фаза калктын 100000 адамына эсептегенде, жылына безгек менен ооругандардын саны 1 учурдан аз катталган аймактарда башталат.
Программанын жоюу фазасынын максаты безгектин жергиликтүү жугуусун токтотуу жана безгек менен ооруугандардын санын нөлгө чейин кыскартуу болуп эсептелинет.
4 фаза - Жетишкен жыйынтыктарды колдоо фазасы. Бул фаза төмөнкү аймактарда башталат:
- безгектин жергиликтүү жугуусу толук токтотулду деген тиешелүү эпидемиологиялык көзөмөлдүн корутундусу болгон жерде;
- акыркы бир нече жылдын ичинде безгектин жергиликтүү жугуу учурлары катталбаган жерде;
- безгектин катталган учурларынын көпчүлүгү тыштан келген деп классификацияланган жерде.
Программаны ишке ашырууда, кызматы боюнча безгекти жоюуга арналган адистерди жана техникалык кызматкерлерди окутууга өзгөчө көңүл буруу керек. Окутуу программасы керектүү колдоого жана макулдашылган мүнөзгө ээ болушу керек. Пландоо процессинде өзгөчө көңүл медкызматкерлердин санын жана категориясын бааланып бөлүнүшү керек жана алар окуудан жана кайра даярдоо курсунан өтүп турушу, кадрларды даярдоо үчүн техникалык колдоо тобун түзүүгө аракет көрүү керек. Окутуу улуттук эксперт-окутуучулардын күчү менен өткөзүлүп, кээ бир медицина кызматкерлерин чет мамлекеттерде дагы окутуу керек. Окутуу программасы жана анын мазмуну ишке ашырылып жаткан Программанын талаптарына туура келүүсүн камсыз кылуу керек. Окутуу үзгүлтүксүз көзөмөл жана квалификацияны жогорулатуу курсу менен толукталышы керек.
Безгекти жоюу боюнча улуттук программанын энтомологиялык компонентин күчөтүү зарыл. Безгек жана аны жоюу боюнча улуттук окуу куралдарын жана көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу жана чыгарылышына өзгөчө көңүл буруу керек. Коңшу өлкөлөрдүн окутуу тармагындагы кызматкерлери менен биргелешкен эл аралык стандарттарга ылайык келген комплекстүү окутууну уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.
Безгекти жоюуга байланыштуу илимий-практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн улуттук мүмкүнчүлүктөрдү күчтөндүрүү керек. Изилдөөлөрдүн максаты бир же бир нече коңшу өлкөлөрдө белгилүү болгон конкреттүү кырдаалдарга жана проблемаларга тыгыз байланыштуу болуусу керек. Өзгөчө кызыкчылык безгекти алып жүрүүчү чиркейлердин систематикасы, биологиясы жана экологиясы, алар менен күрөшүү тармагында туулат. Безгекти алып жүрүүчү чиркейлердин таркалышын көрсөтүү менен өлкөнүн ландшафттык-безгектик картасын түзүү үчүн изилдөөлөр өтө зарыл. Өлкөнүн түштүк аймагы үчүн безгекке каршы чиркейлердин куртчаларын жей турган балыктарды өстүрүү да актуалдуу. Р.vivах популяциясынын генетикалык түрдүүлүк тармагындагы билимди өркүндөтүү безгек паразиттеринин географиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды алууга жардам берет.
Кыргызстандагы безгекти жоюу элиминациалоо боюнча иш аракеттер программасынын жетекчилиги Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Өлкөлүк Ведомство аралык Координациялык Комитет (ӨВКК) бул программанын аткарылышынын өлкөдөгү координатору болуп эсептелет. Сектор аралык координацияны кепилдеген механизмдерди түзүп жана ӨВКК активдүү ишмердигин камсыздоо керек. Ошондой эле мамлекеттик жана менчик секторлорду кызматташтыгын жана жүргүзүлүп жаткан иш чараларга коомчулуктун кеңири катышуусун жана калктын колдоосуна ээ болуусун кепилдөө керек. Ведомство аралык жана сектор аралык өз ара кызматташуу тартибин жана кызматташтык интеграциясын иштеп чыгуу керек.
Безгекти жоюу боюнча ишке ашыруу үчүн ылайыктуу каржылоодо жергиликтүү каржылык жана адам ресурстарын кошо мобилизациялоо менен пландоону талап кылат. Коюлган маселелерди аткаруу үчүн саламаттык сактоо системасынын ресурстарын туура пайдаланууну жана өкмөттүк жана коомдук уюмдардын, административдик органдардын, медициналык коомчулуктарды жана массалык маалымат каражаттарынын күчтөрүн бириктирүүнү камсыздоо керек.
Безгекти жоюу боюнча Программанын ийгилиги өткөрүлгөн иш чаралардын санынан жана сапатынан эле эмес, ал ошондой эле калкты социалдык мобилизациялоого да жараша болот. Программанын жарыялуу болушу жана ачык-айкындуулугу да чоң мааниге ээ. Безгекти жоюу боюнча кампанияга калкты тартуу негизги фактор болуп эсептелет. Коомдук уюмдар жана калк жергиликтүү ресурстарды мобилизациялоого жана кээ бир безгекке каршы иш чараларды өткөрүүгө тартылаары каралууда. Санитардык-агартуучу иш чаралар безгекти жоюу боюнча комплекстүү планга кошулушу керек. Санитардык агартуу жана калкты тартуу безгекке каршы кызматтардын иштерин бир топ жеңилдетет, алдын алуу иш чараларынын чыгымын азайтып, ийгилигин камсыздайт.
Бул уюмдар безгекти жоюуга илимий-практикалык жана каржылык жардам көрсөтүү жана жүргүзүлүп жаткан иш чараларды координациялоо аркылуу көптөген жардамдарды көрсөтүүсү керек. БДСУ жүргүзүлүп жаткан иш чараларды пландоо, мониторинг жүргүзүү, алардын жыйынтыгын баалоо маселелеринде илимий-техникалык жардам көрсөтүүсү, ошондой эле илимий-практикалык изилдөөлөрдө жардам көрсөтүүсү керек.
Коңшу өлкөлөр менен безгекти жоюу менен байланыштуу болгон жалпы тиешелүү проблеманы чечүү үчүн координациялоону жакшыртуу жана коңшу өлкөлөр менен өз ара кызматташууну күчөтүү боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды колдонуу керек.
Безгек жана чектеш облустарда безгекке байланыштуу проблемаларды четтетүү боюнча, болуп жаткан кырдаалды анализдөөгө өзгөчө басым жасалуусу керек. Өзгөчө көңүлдү чектешкен аймактарда безгекке каршы иш чараларды синхрондоштуруу максатында бирдиктүү иш планды иштеп чыгуу жана жайылтуу керек.
Безгекти жоюу боюнча кампаниянын ийгилиги талапка ылайык пландоону жана зарыл болгон адам жана каржылык ресурстарды мобилизациялоону талап кылат.
Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму, ЮСАИД, АКТЕД жана СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд берген каражаттар безгекке каршы программаларды ийгиликтүү өткөрүүгө жана Кыргызстандагы безгекти жоюу менен байланышкан маселелерди жакындан изилдеп чыкканга шарт түздү.
Улуттук контексттеги безгекти жоюу демилгесинин ийгилиги көптөгөн факторлорго, аны менен бирге шайкеш улуттук стратегияга, квалификациялуу даярдалган кадрларга, өнүккөн инфраструктурага, БДСУ тараптан стратегиялык жана техникалык жетекчиликке, ошондой эле шайкеш каржылоого жараша болоору дайын. Программаны каржылоо, айтылгандай, СКБГФ жана Кыргызстан Өкмөтү тарабынан, жалпы бюджеттин чегинде, жүргүзүлөт.
Монитроинг жана баалоонун (МжБ) ишенимдүү системасы Кыргызстанда безгекти жоюу боюнча бардык программанын ийгиликтүү ишке ашышы үчүн абдан керек. Безгекке каршы иш чаралардын МжБ коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүүдө безгекти жоюу боюнча программанын ийгиликтүүлүк деңгээлин систематикалык анализин камсыздоого багытталган.
Жоюу фазасында безгектин саны азайганда, безгектин санын көрсөткөн салттуу көрсөткүчтөрдү колдонуу көп учурда маанисин жоготот жана ошондо негизги маселе тазаланган аймакта безгек кайра жугабы же жокпу, ошону ачууда болот. Безгек катталган бардык учурлар безгектин жугуусу үзгүлтүккө учурашы каралган эпидемиологиялык изилдөөгө алынышы керек. Эпидемиологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары ар бир безгек катталган учур боюнча эпидемиологиялык диагнозду, т.а. жуккан жери, убактысы жөнүндө маалыматты өзүнө камтыйт. Безгек очогу деген түшүнүк безгекти үзгүлтүккө учуратуу башкы максаты болгон программалар үчун негизги ролду ойнойт, анткени очок безгекке каршы иштердин минималдык категориясы катары кызмат кылат. Безгек очогунун функционалдык статусун бирдейлештирүү жана ага мониторинг жүргүзүү безгекти жоюуда жана анын кайра жугуусун эскертүүдө ийгиликтүү жол болуп эсептелет. Безгектин очокторун классификациялоо БДСУга ылайык очокторду жылына карата - мурункудан калганбы же жаңыбы, жана безгектин жугушу - активдүү эмес, активдүү жана потенциалдуу деп бөлүштүрөт. Ар бир очоктун статусун мезгил-мезгили менен карап туруу керек жана зарыл учурда башка категорияга алып кетүү керек.
Безгектин жоюулушун сертификациялоо республиканын аймагындагы безгектин жергиликтүү жугуусу токтотулгандыктын фактысын талашсыз констатациясын түшүндүрөт, бул деген айтылган жерде жана айтылган убакта безгектин жергиликтүү жугуусу токтотулган деген сөз.
Безгекти элиминациалоо боюнча программа ийгиликтүү аяктаганда өкмөт өлкөнүн бардык аймагында безгектин жоюлгандыгы жөнүндө расмий жарыялоого ынтызар болот. БДСУнун атынан иш алып барган атайы сертификациялоочу топ тиешелүү текшерүү жүргүзүшөт. Текшерүү аяктаганда бул топ өз отчетун жана сунуштамасын БДСУнун Аймактык жетекчисине жана Башкы жетекчисине берет. Каралгандан кийин, БДСУнун Башкы жетекчисинин акыркы чечими мүчө-өлкөгө берилет.
Безгектен арылган өлкөнү расмий таануу үчүн административдик тартип жана безгекти жоюуну сертификациялоонун критерийлери БДСУ жана мүчө-мамлекеттер тарабынан жактырылышы керек. Сертификаттоону жүргүзүүдө негизги үч принцип эске алынат:
1. Өлкө үчүн сертификаттоо адамдагы безгекти чакырган паразиттин бардык төрт түрү боюнча жүргүзүлөт;
2. Текшерүү жана сертификаттоо БДСУ колдоосу менен эксперттик топ тарабынан жүргүзүлөт;
3. Өлкөдөгү безгекти жоюну сертификаттоо тууралуу билдирүү Weekli Epidmiological Record журналына жарыяланат, ал эми безгекти жоюуга жетишкен өлкө БДСУга мүчө-өлкөлөрдүн тизмесине кошулат.
Кыргызстанда үч күндүк безгектин жергиликтүү жугуусу 2015-жылы толук жоюлаары күтүлүүдө.
Кыскартуулар Кыскартуулардын аталышы
БДСУ Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сак-
тоо уюму
ЮСАИД Эл аралык өнүгүү боюнча америка-
лык агенттик
ИДК Ички дүң киреше
Р. Плазмодиум
Аn. Анофолез
АМСЖ Алгачкы медициналык-санитардык
жардам
ӨККК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу ВИЧ/СПИД, кургак учук
жана безгек менен күрөшүү боюнча
өлкөлүк көп секторлуу координа-
циялык комитет
ПБР Полимераз байланыш реакциясы
ГМС Географиялык маалыматтык система
ДНК Дезоксирибонуклеин ксилотасы
км Километр
МСЭКБ Мамсанэпидкөзөмөл борбору
ӨЭУ Өкмөттүк эмес уюмдар
ДАУ Дарылоо-алдын алуу уюму
СКБГФ СПИД, кургак учук жана безгек
менен күрөшүүнүн Глобалдык Фонду
МХПП Примахин менен массалык химиоп-
рофилактика
ОПИОД Турак-жайды калдыктуу таасир
берүүчү инсектициддер менен иш-
тетүү
An. Pulcherimus
An. Superpictus
An. Messeae
An. hyrcanus
An. claviger Анофелес чиркейинин түрлөрү
Р. vivax Безгек паразитинин түрү
WHA БУУнун саламаттык сактоонун дүй-
нөлүк ассамблеясы
Weekly Epidemiologikal Жума аралык эпидемиологиялык
Rekord билдирүү журналы