Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-апрелиндеги №234 токтому менен бекитилген |
Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №578 токтомунун редакциясына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Чет өлкөгө чыгуу документтерин, Кыргыз
Республикасына кайтуу үчүн кирүү документтерин жана
Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун
тариздөө үчүн жыйымдар
III бөлүм. Чет өлкөлүк жарандарга визаларды берүү жана мөөнөтүн
узартуу үчүн жыйымдар
IV бөлүм. Визалык колдоо көрсөтүү үчүн жыйымдар
V бөлүм. Чет өлкөлөрдө туруктуу жашоо жана консулдук каттоого
туруу жөнүндө документтерди тариздөө үчүн жыйымдар
VI бөлүм. Жарандык маселелер боюнча документтерди тариздөө үчүн
жыйымдар
VII бөлүм. ЖААК маселелери боюнча документтерди тариздөө үчүн
жыйымдар
VIII бөлүм. Документтерди сурап алуу жана легалдаштыруу үчүн
жыйымдар
IX бөлүм. Нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу үчүн жыйымдар
X бөлүм. Чет мамлекеттин сот жана башка администрациялык
органдарынын өкүлчүлүктүү функцияларынын жана соттук
жана башка тапшырмаларынын аткарылышы үчүн жыйымдар
XI бөлүм. Бизнес-байланыштарды түзүү жана чарбалык
талаш-тартыштарды чечүүгө көмөктөшүү боюнча кызмат
көрсөтүү
XII бөлүм. Деңиз жана аба унааларын тейлөө үчүн жыйымдар
1. Консулдук жыйымдар - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы анын өкүлчүлүктөрү (мындан ары - ТИМ), Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан ары - чет өлкөлүк мекемелер) тарабынан ТИМ жана анын чет өлкөлүк мекемелери Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык же жеке жактарынын таламдарын аткарууга багытталган иш-аракеттери үчүн алынуучу төлөмдөр.
2. Консулдук жыйымдар мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык алынат.
3. Иш жүзүндөгү жыйымдар - консулдук жыйымдар менен бирге алынуучу жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдары консулдук иш-аракеттерди аткарууда пайда болгон материалдык чыгымдардын ордун толтурууга багытталган төлөмдөр.
4. Чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери жок болсо, аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн консулдук жыйымдар ошол өлкөдөгү Казакстан Республикасынын же Россия Федерациясынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемелери тарабынан алынат. Бул учурда консулдук жыйымдар ошол мекемелерде колдонулган ставка боюнча алынат.
5. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелердин жетекчилери ошол өлкөлөрдө жана ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин жооптуу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдардын туура алынышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында - ТИМдин тийиштүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ал эми Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде жетекчи жана бухгалтер - консулдук жыйымдардын туура алынышы үчүн контроль жүргүзүшөт, банктын алыш-бериш эсебине консулдук жыйымдардын өз учурунда жана толук келип түшүшү жана алардын смета боюнча пайдалануусу үчүн жоопкерчилик тартышат.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында консулдук иш-аракеттерди аткарууда иш жүзүндөгү жыйымдар акы төлөмө кызмат көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы тийиштүү органы менен макулдашуу боюнча ТИМ тарабынан иштелип чыккан тарифтерге ылайык алынат.
8. Чет мамлекеттерде консулдук иш-аракеттерди аткарууда иш жүзүндөгү жыйымдар турган өлкөсүнө жараша чет өлкөлүк мекемелер тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын ар бир чет өлкөлүк мекемелери үчүн ТИМ тарабынан өзүнчө бекитилген тарифтерге ылайык алынат.
9. Материалдык чыгымдар деп төмөнкүдөй консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы чыгымдар түшүнүлөт:
- почталык, телеграфтык, телефондук, транспорттук, кеңселик жана консулдук иш-аракеттер менен байланышкан башка кошумча чыгымдар;
- консулдук иш-аракеттерге байланыштуу башка чыгымдар, анын ичинде мүлктү сактоо жана издөө, аны сатуу, ошондой эле соода жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
10. ТИМ материалдык чыгымдардын көлөмүнө жараша иш жүзүндөгү жыйымдардын тарифин төмөндөтүү же жогорулатуу жөнүндө сунуштарды акы төлөмө кызматтарды көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы тийиштүү органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсе болот.
11. Бул Жободо каралган консулдук жыйымдардын ставкалары айрым макулдашылган учурларды кошпогондо жеке жана юридикалык жактардын баардыгы үчүн бирдиктүү болот.
12. Кыргыз Республикасынын жарандары - 16 жашка чыга элек адамдар, курагы боюнча пенсияга чыккан жана 60 жаштан улуу адамдар консулдук жыйымдарды төлөөдөн 50 процентке бошотулат.
13. Чет мамлекеттик жарандар - этностук кыргыздар болуп (Эсептелген адамдар тарыхый мекенине туруктуу жашоого кайтууда 1 консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотулат.
14. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракеттерди аткарууга чейин алынат. Консулдук жыйымдар боюнча акы төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу менен байланышкан айрым учурлар ушул Жобонун 20-пунктуна ылайык жөнгө салынат.
15. Консулдук жыйым боюнча төлөөдөн баш тартуу же кечиктирүү учурларында консулдук кызмат адамы консулдук иш-аракеттерди ишке ашыруудан баш тартууга же кечиктирүүгө укуктуу.
16. Консулдук жыйым үчүн акы төлөөнү жүргүзүү боюнча арыз ээсине акы төлөм жүргүзүлгөндүгү жөнүндө ырастоочу чек, киреше ордеринин квитанциясы же башка документтер берилет.
17. Консулдук жыйымдар төмөнкү учурларда арыз ээсине кайра кайтарылып берилбейт:
- эгерде консулдук иш-аракеттер аткарылып, бирок арыз ээси көрсөтүлгөн кызматтардан баш тартса;
- эгерде өтүнүч-кат тууралуу арыз каралып, бирок кабыл алынган чечим арыз ээсин канааттандырбаса;
- эгерде консулдук иш-аракеттерди аткаруунун натыйжасында архивдик мекемелерде документ сакталбаса же суралган маалыматтар ырасталбаса.
18. Чет өлкөлүк жарандардан жана юридикалык жактардан консулдук жыйымдарды алууда өз ара жактыруучулук принцибин сактоо максатында жыйымдардын ставкалары Кыргыз Республикасынын жарандарынан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин ошол сыяктуу консулдук иш-аракеттери үчүн алынган консулдук жыйымдардын ставкаларын эске алуу менен түзөтүлүшү мүмкүн.
19. Консулдук жыйымдардын ставкалары эл аралык практикага жана өз ара жактыруучулук принцибине ылайык чет мамлекеттин Тышкы иштер министрлигине же тиешелүү мекемесине ТИМдин Нотасын жиберүү аркылуу билдирилет.
20. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин жетекчилерине негизделген жазуу жүзүндөгү арыз боюнча консулдук жыйымдардын ставкаларын төмөндөтүүгө же төмөнкүдөй учурларда Кыргыз Республикасынын жарандарын акы төлөөдөн толук бошотууга укук берилет:
- кайра кайтып келүү күбөлүгүн берүүдө;
- каза болгондугу тууралуу күбөлүк берүүдө;
- никени каттоону тариздөөдө жана нотариалдык мүнөздөгү документтерди берүүдө;
- Кыргыз Республикасынын жакыр жарандары үчүн документтерди которууда жана легалдаштырууда;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин жетекчилери тарабынан жүйөлүү деп табылган башка учурларда.
21. Консулдук иш-аракеттер зарылдыгына жараша жана арыз ээсинин өтүнүчү боюнча консулдук мекемеден сырткары аткарылышы мүмкүн, мында консулдук жыйымдардын ставкалары көбөйтүлөт, бирок эки эседен ашык эмес, мындан тышкары арыз ээси консулдук иш-аракеттерди аткаруунун жерине барууга байланыштуу чыгымдарды төлөйт.
22. Консулдук жыйымдардын бул ставкалары 4 жумушчу күндөн ашык мөөнөттө аткарылган консулдук иш-аракеттерге тийиштүү болот.
23. Үч жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле иш мезгилинен сырткары аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн консулдук жыйымдардын ставкасы Кыргыз Республикасынын жарандарынан эсепке албаганда 100 процентке жогорулайт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №578 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Консулдук иш-аракеттерди эс алуу жана майрам күндөрү аткаруу үчүн консулдук жыйымдардын ставкасы Кыргыз Республикасынын жарандарынан эсепке албаганда 200 процентке жогорулайт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 578 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарындагы консулдук пункттарында аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн консулдук жыйымдардын ставкасына тарифтер жогорулатылбайт.
26. Консулдук жыйымдардын ставкалары төмөнкү валюталарда берилет:
а) консулдук иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылган учурда Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында;
б) консулдук иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын эл аралык өткөрүү пункттарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде жана ТИМнин консулдук пункттарында аткарылган учурда АКШ долларында.
27. Кыргыз Республикасынын аймагында консулдук жыйымдарды алуу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт, буга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын эл аралык өткөрүү пункттарында жайгашкан консулдук пункттар кирбейт. АКШ долларын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына айландырып эсептөө төлөм жүргүзүлгөн учурга карата белгиленген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча жүргүзүлөт.
28. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде консулдук жыйымды алуу турган өлкөнүн валютасында жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде турган өлкөнүн валютасын АКШ долларына айландырып эсептөө турган ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы төлөм жүргүзүлгөн учурга карата белгилеген расмий курс боюнча жүргүзүлөт.
29. Консулдук жыйымдар төмөнкү учурларда алынбайт:
а) Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык келишимдери бар болсо;
б) кыргыз жарандарын репатриациялоо иштери боюнча;
в) Кыргыз Республикасынын расмий делегацияларынын чыгууларын тариздөөдө;
г) чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын расмий делегацияларынын Кыргыз Республикасына кирүүлөрүн тариздөөдө;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдан ырастоону берүү боюнча инвестициялык визалар үчүн;
ж) дипломатиялык жана кызматтык визаларды тариздөөдө, буга өз ара жактыруучулук шартында алардан консулдук жыйымдар алынган учурлар кирбейт;
и) мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кызматтык иштер боюнча чет өлкөлөргө чыгууларын тариздөөдө;
к) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик уюмдарынын өтүнүч каты боюнча документтерди легалдаштырууда;
л) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
30. Консулдук каражаттар боюнча отчет берүүнүн тартиби жана формасы тиешелүү нускамаларга жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы N 531 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
31. Консулдук жыйымдарды пайдалануу тартиби "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы N 543 Жарлыгы менен жөнгө салынат, ага ылайык ТИМдин жана анын чет өлкөлүк мекемелеринин консулдук иш-аракеттери үчүн келип түшкөн финансылык каражаттар алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана кеңейтүүгө, материалдык жардам көрсөтүүгө, ТИМдин жана анын чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлерин сыйлоого жана аларга өбөлгө түзүүгө багытталат.
Консулдук каражаттарды бекитилген бюджеттин чегинде бөлүштүрүүчү бюджеттик каражаттарды тескөө укугу берилген бюджеттик мекеменин жетекчиси катары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп эсептелет.
Чет өлкөгө чыгуу документтерин, Кыргыз Республикасына кайтуу үчүн кирүү документтерин жана Кыргыз
Республикасынын жарандарынын паспортторун тариздөө үчүн жыйымдар
№ | Консулдук иш-аракеттердин аталышы | Консулдук жыйымдардын ставкалары | |
|
| Республиканын аймагында (сом менен) | Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде (АКШ доллары менен |
1 | Документтерди алдын ала кароого кабыл алуу жана аларды каттоо | 50 | 5 |
2 | Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун алуу үчүн анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу | - | 50 |
3 | Кыргыз Республикасынын 1994- жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттордо чет өлкөлүк бетти толтуруу | 200 | 20 |
4 | Баланын сүрөтүн чаптоо жана ал тууралуу маалыматтарды ата-энесинин биринин жалпы жарандык паспортуна (1994- жылдын үлгүсүндөгү) киргизүү | 60 | 10 |
5 | Туулгандыгы тууралуу күбөлүккө Кыргыз Республикасынын жаран- дыгын ырастоо тууралуу кошумча баракты тариздөө | - | 10 |
6 | Чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемелерине виза берүү тууралуу ноталарды тариздөө | 50 | 10 |
7 | Мекенине кайтуу күбөлүгүн берүү | - | 20 |
Эскертүү: ТИМдин консулдук кызмат департаментинде жалпы жарандык паспортту тариздөөдө өзгөчө учурларда консулдук жыйымдар Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин тарифтерине ылайык алынат.
Чет өлкөлүк жарандарга визаларды берүү жана мөөнөтүн узартуу үчүн жыйымдар
№ | Консулдук иш-аракеттердин аталышы | Консулдук жыйымдардын ставкалары (АКШ доллары менен) |
1 | Алдын ала кароого документтерди кабыл алуу жана аларды каттоо | 10 |
2 | Бир жолку визаны тариздөө: - 1 айга чейин - 1 айдан 3 айга чейин - 3 айдан 6 айга чейин |
50 60 70 |
3 | Көп жолку визаны тариздөө: - 1 айга чейин - 1 айдан 3 айга чейин - 3 айдан 6 айга чейин - 6 айдан 1 жылга чейин |
60 80 120 180 |
4 | Туристтик визаны тариздөө: - бир жолку 15 күнгө чейин - бир жолку 1 айга чейин - эки жолку 1 айга чейин - топтук виза (бир адам үчүн) | 3 0 40 55 20 |
5 | Транзиттик визаны тариздөө: - беш суткага чейин - эки жолку транзиттик виза |
25 35 |
6 | Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарында жайгашкан ТИМдин консулдук пункттарында визаны тариздөө:
- туристтик визадан башка бир жолку, 1 айга чейин - туристтик визадан башка эки жолку, 1 айга чейин - туристтик 15 күнгө чейин - туристтик 1 айга чейин - эки жолку туристтик 1 айга чейин - транзиттик - транзиттик эки жолку |
70 100 50 60 70 40 50 |
Эскертүү: Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарында жайгашкан ТИМдин консулдук пункттарында визаны тариздөөдө иш жүзүндөгү жыйымдар алынбастан консулдук жыйымдар гана алынат.
Визалык колдоо көрсөтүү үчүн жыйымдар
№ | Консулдук иш-аракеттердин аталышы | КР аймагындагы консулдук жыйымдардын ставкалары (сом менен) |
1 | Алдын ала кароого документтерди кабыл алуу жана аларды каттоо | 100 |
2 | Визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөө (5 адамдан ашык эмес) | 250 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелерине визалык колдоо көрсөтүү үчүн жөнөтүүгө кошумча факс байланыштарынын наркы алынат.
КР Өкмөтүнүн 2011.23.09. № 578 токтомуна ылайык V бөлүм өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)
V бөлүм
Чет өлкөлөрдө туруктуу жашоо жана консулдук каттоого туруу жөнүндө документтерди
тариздөө үчүн жыйымдар
№ | Консулдук иш-аракеттердин аталышы | Консулдук жыйымдардын ставкалары (АКШ доллары менен) | |
|
| КМШ өлкөлөрүндөгү КРнын чет өлкөлүк мекемелеринде | Алыскы чет өлкөлөрдөгү КРнын чет өлкөлүк мекемелеринде |
1 | Жеке иштер боюнча чет өлкөгө чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө туруктуу жашоого калууга уруксат тууралуу өтүнүч катын кабыл алуу жана тариздөө | 10 | 10 |
2 | КРнын жарандарынын төмөнкү максат боюнча консулдук каттоого туруусу: - окуу - убактылуу жашоо - туруктуу жашоо |
1 3 5 |
1 3 5 |
Эскертүү: барган өлкөдө же ага жакын өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери жок болгон өзгөчө учурларда, арыз берүүчүлөр чет өлкөлөрдө туруктуу жашоого калуу жана консулдук каттоого туруу маселелери боюнча ТИМдин консулдук кызмат департаментине кайрылса болот. Ошону менен бирге консулдук жыйымдар тийиштүү түрдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердеги (мындан ары - КМШ) же алыскы чет өлкөлөрдөгү консулдук мекемелер үчүн каралган ставкалар боюнча алынат.
Жарандык маселелер боюнча документтерди тариздөө үчүн жыйымдар
№ | Консулдук иш-аракеттердин аталышы | КРнын чет өлкөлүк мекемелериндеги консулдук жыйымдардын ставкалары (АКШ доллары менен) |
1 | Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуулары жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын өтүнүч каттарын кабыл алуу жана тариздөө: - Кыргыз Республикасынын КМШдагы чет өлкөлүк мекемелеринде - Кыргыз Республикасынын алыскы өлкөлөрдөгү чет мамлекеттик мекемелеринде |
120
350 |
2 | Баласынын жарандыгы тууралуу ата-энелердин биргелешкен арызын кабыл алуу жана тариздөө | 30 |
3 | Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгынын аныктыгы тууралуу фактыны бекемдөө) | 30 |
ЖААК маселелери боюнча документтерди тариздөө үчүн жыйымдар
№ | Консулдук иш-аракеттердин аталышы | Консулдук жыйымдардын ставкалары (АКШ доллары менен) | |
|
| КРнын КМШдагы чет өлкөлүк мекемелеринде | КРнын алыскы чет өлкөлөрдөгү чет өлкөлүк мекемелеринде |
1 | Никеге турууну каттоо жөнүндө арызды кабыл алуу жана кароо | 5 | 10 |
2 | Никеге турууну каттоо жана нике тууралуу күбөлүктү берүү | 30 | 100 |
3 | Соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушу тууралуу арызды кабыл алуу жана кароо | 40 | 60 |
4 | Соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушун каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарапка) | 40 | 110 |
5 | Соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун каттоо жана күбөлүк берүү (ар бир тарапка) | 40 | 90 |
6 | Мыйзамдарда белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон же психикалык оорулардан улам жумушка жарамсыз деп табылган адамдар же кылмышы үчүн үч жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратылган адамдар менен никенин бузуу жана күбөлүк берүү үчүн | 10 | 20 |
7 | Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу материалдарды кабыл алуу, каттоо жана тариздөө | 60 | 200 |
8 | Туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү | 20 | 50 |
9 | Каза болгондугун каттоо жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү | 3 | 5 |
10 | Асырап алууну, аталыкты аныктоону каттоо жана күбөлүк берүү | 20 | 60 |
11 | Жарандык абалдын актыларынын жоголгон жазууларын калыбына келтирүү | 10 | 40 |
12 | Жарандык абалдын актыларынын жазууларына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана оңдоолорду киргизүү | 10 | 20 |
13 | Экинчи жолу күбөлүктөрдү берүү: - жарандык абал жөнүндө актынын жазууларына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн негизинде - алгач берилген күбөлүктү жоготууга же бузууга байланыштуу | 10
30 | 20
50 |
14 | Жарандык абалдын актысынын жазууларын жокко чыгаруу | 5 | 10 |
Документтерди сурап алуу жана легалдаштыруу үчүн жыйымдар
№ | Консулдук иш-аракеттердин аталышы | Консулдук жыйымдардын ставкалары | |
|
| КРнын аймагында (сом менен) | КРнын чет өлкөлүк мекемелеринде (АКШ доллары менен) |
1 | Төмөнкү көлөмдөгү документтерди сурап алуу үчүн: - 5 барактан ашык эмес басылган текст - 5 барактан ашык (ар бир баракка кошумча акы алынат) | - - | 30 5 |
2 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары берген ар бир документти легалдаштыруу үчүн: - жеке жактардан - юридикалык жактардан |
70
25 |
500
75 |
3 | Чет мамлекеттин мамлекеттик органдары берген ар бир документти легалдаштыруу үчүн: - жеке жактардан - юридикалык жактардан |
200 900 |
50 100 |
4 | Билими тууралуу документтерди легалдаштыруу үчүн: Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билими тууралуу диплому, Кыргыз Республикасынын орто билими тууралуу аттестаты, билим берүүчү курстарды бүткөндүгү тууралуу сертификаттар | 1200 | 50 |
Нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу үчүн жыйымдар
№ | Консулдук иш-аракеттердин аталышы | КРнын чет өлкөлүк мекемелеринде консулдук жыйымдардын ставкалары (АКШ доллары менен) |
1 | Ишеним каттарды нотариалдык ырастоо | |
1.1 | Мүлктү (анын ичинде автотранспорт каражаттарын) пайдалануу жана тескөө укугуна жана кредиттик операцияларды аткарууга ишеним кат | 50 |
1.2 | Акча каражаттарды жана башка материалдык баалуулуктарды алууга ишеним кат | 30 |
2 | Келишимдерди нотариалдык ырастоо | |
2.1 | Баалоого тийиш келишимдер | Келишимде көрсөтүлгөн сумманын 5%и, бирок 50 АКШ долларынан кем эмес |
2.2 | Тартуу кылуу келишимдери (анын ичинде автотранспорт каражаттары боюнча): - жакын туугандарына (балдарына, жубайына, ата-энесине) - башка жарандарга | Келишимде көрсөтүлгөн сумманын 3%и Келишимде көрсөтүлгөн сумманын 6%и |
2.3 | Мүлктү бөлүү, ортомчу болуу келишимдери жана баалоого коюлбай турган башка келишимдер: - жеке жактардан - эгерде жок дегенде жактардын бири юридикалык жак болсо | 50 100 |
2.4 | Мүлктү жалдоого алуу келишими | Документте көрсөтүлгөн сумманын 5%и, бирок 40 АКШ долларынан кем эмес |
2.5 | Башка келишимдер | 30 |
3 | Башка документтерди нотариалдык ырастоо | |
3.1 | Колдун аныктыгын күбөлөндүрүү | 10 |
3.2 | Документтердин ар кандай көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү | 10 |
3.3 | Документтердин делолорундагы көчүрмөлөрүн (фото көчүрмөлөрүн) берүү (бир барактан) | 10 |
3.4 | Бир мезгилде аныктыгын нотариалдык ырастоо менен которуу (ар бир бет үчүн) | 35 |
3.5 | Консулдук мекеменин катышуусуз жасалган котормонун аныктыгын ырастоо (ар бир бет үчүн) | 20 |
3.6 | Жарандын тирүү экендигинин фактысын ырастоо | 10 |
3.7 | Жарандын кайсы бир жерде тургандыгынын фактысын ырастоо | 10 |
3.8 | Фото карточкадагы сүрөт менен жарандын өзүнүн окшоштугун ырастоо | 10 |
3.9 | Документтерди берүү мезгилин ырастоо | 10 |
4 | Камкорчулук, мурастык жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү жана алар боюнча нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу: | |
4.1 | Камкорчуну дайындоо жөнүндө акт түзүү | 20 |
4.2 | Камкордукка алынган мүлктү башкаруу боюнча отчетту бекитүү | Мүлктүн наркынын суммасынан 1% |
4.3 | Мурасты ырастоо | 50 |
4.4 | Мурас калтыруучунун өтүнүчү боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 5 |
4.5 | Мурастык мүлктүн тизмесин түзүү жана бул мүлктү сактоо боюнча чараларды керүү | Мүлктүн наркынын суммасынан 1%, бирок 30 АКШ долларынан кем эмес |
4.6 | Кызыкдар адамдардын өтүнүчүнүн негизинде берилген тизмедеги мүлктү текшерүү | Мүлктүн наркынын суммасынан 1%, бирок 30 АКШ долларынан кем эмес |
4.7 | Мураска ээ болуу укугу тууралуу күбөлүк берүү Эскертүү: мыйзам боюнча же мурас боюнча мураска ээ болуу укугу тууралуу күбөлүктү берүү үчүн консулдук жыйым мурас ачылган учурда мураска калган мүлктүн баасынын 1%и өлчөмүндө алынат | Мүлктүн наркынын суммасынан 1% |
4.8 | Жубайлардын жалпы мүлкүнүн үлүшүн менчиктөө укугу тууралуу күбөлүк берүү | Мүлктүн наркынын суммасынан 1% |
4.9 | Ачык тооруктан товарды же башка мүлктү сатуу | Түшкөн суммадан 3%, бирок 25 АКШ долларынан кем эмес |
4.10 | Изделип жаткан же кайра суралып жаткан мүлктү кайтарып берүү | Мүлктүн наркынын суммасынан 1% |
4.11 | Мурастык каттан башка документтер пакетин сактоо Эскертүү: документтер пакетин сактоого алууда бардык болжолдонгон сактала турган убакыт үчүн жыйым алдын ала алынат, эгерде пакет сактоодон көрсөтүлгөн убакыттан мурун алынса. Толук эмес ай ичи сакталган мүлк, толук ай сакталды деп эсептелет | Айына 5 |
4.12 | Мурас катын сактоо | Айына 15 |
4.13 | Акча, баалуу кагаз жана башка баалуу буюмдарды (мураска калтырылган буюмдан башка) сактоо Эскертүү: Акча, баалуу кагаз жана башка баалуу буюмдарды 6 айга чейин сактоодо консулдук жыйым 6 ай үчүн алдын ала алынат | Жалпы суммадан айына 0,1% |
4.14 | Акча каражаттарын же мүлктү таандык адамга берүү үчүн депозитке алуу, анын наркы: - 100 АКШ долларына чейин - 100 АКШ долларынан ашык |
Айына 5 Айына 15 |
4.15 | Аткаруучу жазууну ишке ашыруу | Алынуучу суммадан 1%, бирок 25 АКШ долларынан кем эмес |
Чет мамлекеттин сот жана башка администрациялык органдарынын өкүлчүлүктүү функцияларынын жана
соттук жана башка тапшырмаларынын аткарылышы үчүн жыйымдар
№ | Консулдук иш-аракеттердин аталышы | КРнын чет өлкөлүк мекемелердеги консулдук жыйымдардын ставкалары (АКШ доллары менен) |
1 | Чет мамлекеттин сот жана башка администрациялык органдарынын өкүлчүлүктүү функцияларынын аткарылышы | Тараптардын макулдашуулары боюнча, бирок 50 АКШ долларынан кем эмес |
2 | Сот тапшырмаларын аткаруу | 10 |
XI бөлүм
Бизнес-байланыштарды түзүү жана чарбалык талаш-тартыштарды чечүүгө көмөктөшүү
боюнча кызмат көрсөтүү
№ | Консулдук иш-аракеттердин аталышы | КРнын чет өлкөлүк мекемелердеги консулдук жыйымдардын ставкалары (АКШ доллары менен) |
1 | Бизнес-байланыштарды түзүү боюнча кызмат көрсөтүү | Тараптардын макулдашуулары боюнча, бирок 50 АКШ долларынан кем эмес |
2 | Чарбалык талаш-тартыштарды чечүүгө көмөк көрсөтүү | Талашка коюлган суммадан 10% |
Деңиз жана аба унааларын тейлөө үчүн жыйымдар
№ | Консулдук иш-аракеттердин аталышы | КРнын чет өлкөлүк мекемелердеги консулдук жыйымдардын ставкалары (АКШ доллары менен) |
1 | Деңизде нааразылык жасоо | 50 |
2 | Чет өлкөлүк желектин алдында сүзүп жүргөн кемелерди жүктөө же андан жүк түшүрүү тууралуу күбөлүк берүү жана жүк жөнүндө башка документтерди ырастоо | 100 |
3 | Кыргыз Республикасынын желегинин алдында сүзүү укугуна жана кемеге ээ укугуна убактылуу күбөлүк берүү | 150 |
4 | Кеме документтеринин мөөнөтүн узартуу жана кеме журналдарын тариздөө | 30 |
5 | Ар кандай маалымкаттарды, арыздарды ырастоо, жүк жөнүндө күбөлүк берүү, кеме мүчөлүгүнө киргизүү же андан команда мүчөлөрүн чыгаруу | 30 |
6 | Санитардык күбөлүктөрдү ырастоо | 30 |
7 | Кеме өзгөчө кырдаалга туш болгондугу тууралуу протоколду тариздөө | 25 |
|
|