Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры №578
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-апрелиндеги № 234 "Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдарды бир түргө келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-апрелиндеги №234 "Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө жободо:
- 23-пункттагы "100 процентке" деген сөз жана сандан мурун "Кыргыз Республикасынын жарандарынан эсепке албаганда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 24-пункттагы "200 процентке" деген сөз жана сандан мурун "Кыргыз Республикасынын жарандарынан эсепке албаганда" деген сөздөр менен толукталсын;
- V бөлүмдө:
1-пункттагы "40" жана "250" сандары "10" саны менен алмаштырылсын;
2-пунктта:
- "КМШ өлкөлөрүндөгү КРнын чет өлкөлүк мекемелеринде" графасындагы "10" саны "5" саны менен алмаштырылсын;
- "Алыскы чет өлкөлөрдөгү КРнын чет өлкөлүк мекемелеринде" графасындагы "5", "10" жана "20" сандары тиешелүү "1", "3" жана "5" сандары менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |