Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №248 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-августундагы №
341 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Сотунун ишин материалдык-техникалык жана финансылык
жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети белгиленген тартипте:
- Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан имаратты
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун балансына өткөрүп берсин;
- көрсөтүлгөн имаратты кабыл алуу - өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-июлундагы № 429
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администраци-
ялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо реестрин бекитүү жөнүндө"
токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу
органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо ре-
естрине өзгөртүүлөрдү киргизсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №248 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-декабрындагы №
754 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 13-майындагы №
126 буйругун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-
зилсин:
- 1-пункттун он төртүнчү абзацындагы "Орозбеков көч., 37" деген
сөздөр жана цифра алынып салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадр кызматы бөлүмүнө жүк-
төлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов