Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-апрели № 247
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ю.А.Данилов жана К.Д.Карабеков демилге кылган "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 247 токтому менен жактырылган
|
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ю.А.Данилов жана К.Д.Карабеков демилге кылган "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды билдирет.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 64 жана 65-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 32-главасына ылайык жаранды ишке жөндөмдүүлүгү чектелген же жөндөмсүз деп табуу сотто тиешелүү далилдер, анын ичинде сот-психиатриялык экспертизанын корутундусу болгон учурда сот тартибинде гана жүргүзүлөт. Эгерде жаран психикалык оорулуу болсо да ишке жөндөмдүүлүгү чектелген же жөндөмсүз деп табылгандыгы жөнүндө соттун чечими жок болсо, ал ишке жөндөмдүү деп эсептелет.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мүлктү ээликтен ажыратууда же күрөөгө коюуда бүтүмдөрдү аткаруу учурунда жарандардын кошумча физикалык жана материалдык чыгымдарын пайда кылуучу кыйынчылыктардын түзүлүшүнө алып келет. Мындан тышкары адистештирилген медицина мекемелериндеги жүктөм көбөйөт. Ушуну менен бирге саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдары республиканын айрым калктуу конуштарында жок экендигин белгилей кетүү зарыл.
Нотариалдык ишти Кыргыз Республикасында нотариустар "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аткарышат. Калктуу конушта нотариус жок болгон учурда нотариалдык иштерди аткарууга ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөтүнүн) кызмат адамдары ал иштерди аткарышат. Жарандардын ишке жөндөмдүүлүгү жөнүндө адистештирилген медицина уюмунан маалымкат сурап алуу республиканын айылдык жана алыскы райондорунун тургундары үчүн нотариалдык иштердин жол-жобосун татаалдаштырат.
2009-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын № 104 Мыйзамы кабыл алынган. Аталган Мыйзам бүтүм түзүүчү тараптарга келишимдерди нотариалдык күбөлөндүрүү же сатуу-сатып алуу келишимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик органдарында нотариалдык күбөлөндүрүүсүз каттоо маселелери боюнча каалаганын тандап алуу максатында кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу келишимин ыктыярдуу нотариалдык күбөлөндүрүүнү ишке киргизүүнү карайт.
Сунушталган толуктоолорду "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизүү Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген жарандардын жеке мүлктүк эмес укуктарынын бузулушуна алып келерин эске алып, аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
|
|