Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-августу № 2019-П-33/43-8-(НФКУ)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ), 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө" токтому;
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- (абзац Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 "Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 "Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ), 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен адистештирилген финансы-кредит уюму "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААК, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, кредит бюролорун, алмашуу бюролорун, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
Н.Жениш |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ), 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 "Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
- 1.3-2-пунктундагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын.
2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө" жобонун:
Жобого карата 1-тиркеменин 15-пунктунда "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын.
4. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобонун:
- 9-пунктунун "л"-пунктчасындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын;
- 9-1.пунктунун 7-пунктчасындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге" "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын;
- 44-пунктунун:
10-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"10) эгерде өтүнүч ээси же өтүнүч ээсинин катышуучулары акчалардын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык жок кылуу куралдарын жайылтууну каржылоого каршы күрөшүү (ФАТФ) боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюмдун (топтун) сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн аймагында каттоодон өтсө же жашаса жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаса, ошондой эле түзүүгө жана жаңыртып турууга жооптуу болуп эсептелген финансылык чалгындоо органы түзгөн адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмелеринде, Санкциялык тизмектерде өтүнүч ээсинин же болбосо өтүнүч ээсинин катышуучуларынын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкан деген маалымат бар болсо;
Эскертүү: колдонулган терминдер Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түшүндүрүлөт.";
- 12-пунктчасындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын;
- 49-пунктунун 1-пунктчасындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын.
5. Улуттук банк Башкармасынын "2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобонун:
- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"8. ФКУ ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамынын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө багытталган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого тийиш.".
6. Улуттук банк Башкармасынын "2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
Жобого карата 1-тиркеменин 11-пунктунда "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын.
7. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Улуттук банк Башкармасынын "2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 "Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун:
23-пунктунун:
6 жана 7-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
"6 катышуучу катары акчанын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык жок кылуучу курал-жарактарды таркатууну каржылоого каршы аракеттенүү жагында эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү боюнча эл аралык уюмдардын сунуштарын колдонбогон жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө катталган адамдарга жана/же аффилирленген жактарга же болбосо ошол мамлекеттердин аймагында жашаган адамдарга ээ юридикалык жактар же ошол мамлекеттерде катталган юридикалык жактар, ошондой эле түзүүгө жана жаңыртып турууга жооптуу болуп эсептелген финансылык чалгындоо органы түзгөн адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмелеринде, Санкциялык тизмектерде кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкан деген маалыматы бар юридикалык жактар;
7) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык жок кылуучу курал-жарактарды таркатууну каржылоого каршы аракеттенүү жагында эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү боюнча эл аралык уюмдардын сунуштарын колдонбогон жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн аймагында жашаган жана/же резиденттери болуп саналган жеке адамдар, ошондой эле түзүүгө жана жаңыртып турууга жооптуу болуп эсептелген финансылык чалгындоо органы түзгөн адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмелеринде, Санкциялык тизмектерде кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкан деген маалыматы бар жеке адамдар";
- 25-пунктундагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын;
- 35-пунктундагы "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын;
- Жобого карата 6-тиркеменин 5-пунктунун 2-пунктчасында "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын".
9. Улуттук банк Башкармасынын "2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 "Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун:
- 13-пунктунун:
2-пунктчасындагы "терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын;
6-пунктчасындагы "терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын;
8-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:
"8) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча болжолдонгон операциялар боюнча ишти жөнгө салган адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ички контролдоо программасын".
- 25-пунктунун:
биринчи абзацындагы "терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын;
2-пунктчасынын бешинчи абзацындагы "терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын;
- 26-пунктунун:
биринчи абзацындагы "терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" дегенге алмаштырылсын;
3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"3) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө жана тиешелүү сертификаттарга ээ болууга тийиш.".
10. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)