Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-апрели № 239
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдериндеги карама-каршылыктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Качкындардын ырастамасынын, качкындын статусу жөнүндөгү өтүнүч катты каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкаларынын үлгүсүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 6-ноябрындагы № 740 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмашылсын;
- аталган токтом менен бекитилген качкындын ырастамасынын, өтүнүч катты каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкаларынын үлгүлөрүндө жана бланкаларынын баяндоосунда:
ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти", "Кыргыз Республикасынын ТИМге караштуу Миграциялык кызмат департаменти", "Миграциялык кызмат департаменти" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орнотуу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар түрдүү жөндөмөдөгү "директор" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "төрага" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти (мындан ары - Департамент)" деген сөздөр "миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча:
ар түрдүү жөндөмөдөгү "Департамент" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар түрдүү жөндөмөдөгү "директор" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "жетекчи" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган Жобонун тиркемелериндеги "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти", "Кыргыз Республикасынын ТИМине караштуу миграциялык кызмат департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
аталган Жобонун № 5 тиркемесиндеги "Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти", "Миграциялык кызмат департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орнотуу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. "Тажикстан Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-майындагы № 380 токтому менен бекитилген Тажикстан Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 9-пункттагы "Миграциялык кызмат департаменти" деген сөздөр "миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 26-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти" деген сөздөр "миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |