Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги № 188 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 705, 2021-жылдын 2-августундагы № 101, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 604 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - "Качкындар жөнүндө" Мыйзам) жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык иштелип чыккан.
2. Кыргыз Республикасынын жараны болбогон, расасына, динине, улутуна, саясий көз карашына, кандайдыр бир социалдык топко тиешелүүлүк белгисине карата куугунтуктоолордун курмандагы болуу коркунучунун негиздүү себебинен, ошондой эле куралдуу жана улуттар аралык кагылышуулардын реалдуу коркунучуна кабылуунун жана ушундай коркунучтардын себебинен өз өлкөсүнүн коргоосунан пайдалана албагандыктан жана аны каалабагандыктан өзүнүн жарандык жактан таандык болгон өлкөсүнөн же өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары жүргөн, Кыргыз Республикасынан өзүн качкын деп таанууну расмий өтүнгөн адам качкын деп таанылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык).
3. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясында каралган жагдайлар боюнча качкын деп таанууну каалагандыгы жөнүндө билдирген, качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүчү белгиленген тартипте катталган адам.
Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдын үй-бүлө мүчөлөрү же качкындын үй-бүлө мүчөлөрү (мындан ары - үй-бүлө мүчөлөрү) Кыргыз Республикасынын аймагында чогуу жашаган шартта жубайы, алардын жашы жете элек балдары жана анын багуусундагы башка туугандары болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул Жобо Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү (мындан ары - өтүнүч) берүүнүн, өтүнүчтү каттоонун, кароонун, качкын деп таануу жөнүндө чечимди кабыл алуунун жана качкын статусун жоготуунун тартибин аныктайт.
5. Кыргыз Республикасында адамды качкын деп таануу жана анын качкын статусун жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу орган болуп, миграция саясатын жүзөгө ашырган жана качкындарга тиешелүү иштерди координациялаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органы жана анын аймактык түзүмдөрү эсептелет.
Адамды качкын деп таануу жөнүндө чечим качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч катталган күндөн тартып алты айдын ичинде кабыл алынат.
Эгерде адамды идентификациялоо же текшерүүнү талап кылуучу же фактыларды тактоо бүтө элек болсо, аларды тактаганга чейин акыркы чечимди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алар боюнча чечимдерди кабыл алган учурларды кошпогондо, бир жылдан ашпаган мөөнөткө токтотулуп турат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындардын иши боюнча жогорку комиссарынын башкармасы (БУУ КЖКБ), БУУнун КЖКБнын атынан чыгуучу, качкындар боюнча иштеген башка уюмдар менен кызматташышат жана качкындарга тиешелүү эл аралык актыларды колдонууда жана кабыл алууда милдеттерин аткаруу үчүн аларга көмөк көрсөтүшөт.
Ыйгарым укуктуу орган саясий, гуманитардык же башка жагдайларга байланыштуу өтүнүч боюнча акыркы чечимди белгиленген мөөнөттөрдө кабыл алуу мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда баш калкалоо издеген адамдарга карата чечим чыгарууну токтотуп туруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү берүүнүн, каттоонун жана каттоодон баш тартуунун тартиби
(Главанын аталышы КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч адам өзү келгенде же анын ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык түзүмүнө же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттарда иммиграциялык контролдоочу органдарга (мындан ары - иммиграциялык контролдоочу органдар) берилет:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык түзүмдөрүнө өтүнүч Кыргыз Республикасынын аймагына келип жаткан адамдар тарабынан берилет;
- иммиграциялык контролдоочу органдарга өтүнүч Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттарга кайрылган адамдар тарабынан берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Өтүнүч арыз берүүчүнүн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ким экенин билдирүүчү документтери болсо берилет. Эгерде өтүнүүчү өзүнүн ким экендигин ырастоочу документтери жок экендиги жөнүндө арыз берсе, анда ал түшүндүрмө берүүгө же документтери эмне үчүн жок экендигинин себебин түшүндүргөн документтерди көрсөтүүгө милдеттүү, жана ал жөнүндө маалыматтар анын айтып берүүсү боюнча жазылат.
Өтүнүчтү берүүчүнүн ким экендигин билдирүүчү документтеринин жоктугу расмий өтүнүчтү каттоодон баш тартуу үчүн себеп болбойт.
8. Адам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктта өтүнүч берүү каалоосун билдирген учурда иммиграциялык контролдоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери:
- купуялуулук шарттарын сактоо менен адамга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө өтүнүч менен кайрылуу тартибин түшүндүрөт;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча толтуруу үчүн өтүнүчтүн бланкын берет;
- өтүнүчтү берүү зарыл болгон ыйгарым укуктуу органдын дарегин жана байланыш маалыматтарын билдирет, же болбосо адамдын каалоосу боюнча "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө андан ары ыйгарым укуктуу органга кайра жиберүү үчүн өтүнүчтү кабыл алат;
- адамдын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө укук берүүчү жарактуу документтери болгон учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрөт.
Адамдын кирүүгө тийиштүү уруксаты же ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи жок болгон, же болбосо жасалма документтерди колдонгон учурда иммиграциялык контролдоочу органдар аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттагы убактылуу кармап турган жерге төмөнкү максатта жайгаштырат:
- ким экендигин аныктоо жана идентификациялоо;
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер жок кылынган же жасалма документтер колдонулган учурларда териштирүүлөрдү жүргүзүү;
- улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо.
Ошол эле учурда иммиграциялык контролдоочу органдар өтүнүч берген адамдын убактылуу кармап турган жерге жайгаштырылганы жөнүндө ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык түзүмдөрүнө убактысын, датасын жана маалыматты кабыл алуучунун маалыматтарын жазуу жүзүндө белгилөө менен маалымдашат.
Ыйгарым укуктуу орган факсимиль же башка байланыш аркылуу алынган маалыматты токтоосуз каттайт жана ырастайт, кызматкерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктка өтүнүчтү каттоо жана өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүктү (мындан ары - күбөлүк) берүү үчүн жиберет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө укук берүүчү документтерисиз, качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктта ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген күбөлүк андан ары качкын статусун аныктоо жол-жоболорун жүргүзүү үчүн адамдын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө негиз болуп саналат.
Иммиграциялык контролдоочу органдар ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын качкындар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аларга жүктөлгөн жол-жоболорго жетүү укугун, ошондой эле адамдын өтүнүчү боюнча БУУнун КЖКБ өкүлчүлүгү, анын өкүлү жана котормочусу менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн беришет.
Убактылуу кармап турган жерде болуу мөөнөтү 48 сааттан ашпоого тийиш.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктта мурда качкын статусун берүүдөн баш тартылган адам же качкын статусун жоготкон адам тарабынан берилген өтүнүчтөр убактылуу кармап турган жерде болуу мөөнөтү аяктаганга чейин каралат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Иммиграциялык контроль органына берилген өтүнүч документтердин көчүрмөсү менен бирге он иш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын жакын арадагы аймактык түзүмүнө жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Берилген өтүнүчтөрдү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык түзүмдөрү ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүүчүлөрдүн эсебин алуучу журналга (мындан ары - эсеп журналы) каттайт.
Качкын статусун берүүнүн кийинки жол-жоболорун жүргүзүү үчүн арыз берүүчү адамдын паспортунун же ким экендигин билдирүүчү башка документтеринин көчүрмөлөрү жасалат. Башка түп нускасында көрсөтүлгөн документтер жана өтүнүчтүн негиздүүлүгүн далилдөөчү материалдар расмий өтүнүчкө тиркелет.
Өтүнүчтү каттоо өтүнүч берген адамдын жеке катышуусунда жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Өтүнүч менен кайрылган ар бир арыз берүүчүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан бир нускада, ал эми аймактык түзүмдөн эки нускада ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамды эсепке алуунун каттоо карточкасы (мындан ары - эсепке алуу карточкасы) толтурулат. Эсепке алуу карточкасынын бир нускасы аймактык түзүм тарабынан ыйгарым укуктуу органга берилет.
12. Өтүнүчтү эсепке алуу журналына жана эсепке алуу карточкасына каттоодо тийиштүү белгилер коюлат, ал эми арыз берүүчүгө качкын деп таануу жөнүндө өтүнгөн адамдын ким экендигин ырастоочу өтүнүчтүн катталгандыгы жөнүндө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) жазып берилет, анын негизинде ал беш иш күндүн ичинде келген жериндеги Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого турууга тийиш. Күбөлүккө ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же аймактык түзүмдүн начальниги кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Күбөлүк үч айлык мөөнөткө берилет, андан ары даттануу стадиясын кошкондо, акыркы чечим чыгарылганга чейин жарактуулук мөөнөтү узартылып турат.
Өтүнүч берген адам менен бирге келген адамдарга өтүнүчтү кароо мезгилинде 18 жашка толгон учурда күбөлүк берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч менен массалык түрдө адамдар өтө шашылыш келишсе, иммиграциялык контроль органдары ыйгарым укуктуу органга же аймактык түзүмгө токтоосуз түрдө билдиришет. Мындай билдирүүнү алгандан кийин ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмдүн кызматкерлери арыз берүүчүлөр келген жердеги иммиграциялык контроль органына барышат, ал жерден мындай адамдардын өтүнүчтөрүн катташат жана күбөлүк беришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү өтүнүчтү каттагандан жана күбөлүктү бергенден кийин, арыз берүүчүнү анын өтүнүчүн кароонун жалпы тартиби, анын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга милдеттүү.
16. Денесинен майыптыгына, оорусуна же башка себептерге байланыштуу өтүнүчкө өзү кол коё албаган адам өтүнүч берген учурда, анын тапшырмасы боюнча анын жана өтүнүчтү кабыл алган кызмат адамынын катышуусу менен башка адам кол койсо болот. Кызмат адамы арыз берүүчүнүн ордуна анын катышуусунда башка адам кол койгондугу жөнүндө, эмне себептен өзү кол коё албагандыгынын себебин, ошондой эле өтүнүчкө кол койгон адамдын паспорттук маалыматтарын жана жашаган дарегин жазат.
17. Арыздануучу менен кошо келген он сегиз жашка толгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар биринен өзүнчө өтүнүч берилет. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнгөн он сегизге толо элек үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар ата-энесинин бирөөсүнүн өтүнүчүнө жазылат, ал эми ата-энеси жок болсо - алардын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчүнө же он сегиз жашка толгон жана алардын жүрүм-туруму, багуусу жана тарбияланышы үчүн өз эрки менен жоопкерчилик алган адамдын өтүнүчүнө жазылат. Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн өтүнүчтөрү боюнча материалдар бир делого тиркелет.
18. Өтүнүчү катталган же качкын деп таанылган Кыргыз Республикасына өз алдынча келген күйөөсү (аялы), өтүнүч берген адамдын үй-бүлө мүчөсү болгон, никеге тура элек жашы жете элек балдары үй-бүлөсү менен кайта кошулуу максатында өтүнүч беришкенде үй-бүлөлүк байланышын далилдөөчү документтерди же башка далилдерди көрсөтүүгө тийиш. Өтүнүчтө өз өлкөсүн таштоосунун себеби катары "үй-бүлөнүн биригиши" деп көрсөтүлөт.
19. Он сегиз жашка толо элек, бирок никеге турган адамдар, өтүнүчтү жалпы негизде беришет.
20. Ден соолугуна байланыштуу же башка кандайдыр бир жөндүү себеп менен качкын статусун алууга өзү арыздана албаган адам үчүн өтүнүч менен анын ишенимдүү өкүлү кайрылса болот. Мындай учурда өтүнүчкө ал адамдын медициналык же башка актоочу документи жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарын далилдөөчү жана белгиленген тартипте нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним каты тиркелет. Эсеп журналына арыз берүүчүнүн ысымынан кийин эскертүү түрүндө ыйгарым укуктуу өкүл жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт (аты, атасынын аты, жарандыгы, жашаган жери, телефону, анын атынан ким өкүл болот).
201. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
202. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
203. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
III. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү кароо
21. Өтүнүчтү кароо жол-жобосу төмөнкүлөрдү караштырат:
- арыз берүүчү менен маек жүргүзүүнү;
- тапшырылган документтердин чындыгын жана алынган маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү;
- өтүнүчтү кароонун жыйынтыгы боюнча корутунду даярдоону;
- качкын деп таануу жөнүндө чечим кабыл алууну.
22. Коштоочусу жок жалгыз жүргөн жашы жете элек адамдардын өтүнүчү алардын кызыкчылыгын камсыз кылууну эске алуу менен каралат.
Ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык түзүмдөрү БУУнун КЖКБсы менен бирдикте коштоочусу жок жалгыз жүргөн жашы жете элек адамдарды коргоодо көмөктөшөт жана аларды өз үй-бүлөсүнө кошуу максатында алардын ата-энесинин же башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн турган жерлерин тактоого жардам берет.
23. Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамдуу өкүлдөрүсүз (ата-энеси, багып алуучусу, камкорчусу, көзөмөлдүк кылуучусу) жана анын жүрүш-турушу, багылышы жана тарбияланышы үчүн ыктыярдуу жоопкерчиликти алган адамдарсыз өзү жалгыз келген он сегиз жашка толо элек адамды качкын деп таанууга себептер аныкталса ал арыз берүүчүнү камкордук жана көзөмөлдүк кылуучу органдарга өткөрүп берүү боюнча чаралар көрүлөт. Камкордук жана көзөмөлдүк кылуучу органдар жашы жете элек адамдардын ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында болуусун камсыздашат, ошондой эле өтүнүчтүн каралышына тикеден-тике катышат жана арыз берүүчүнүн кызыкчылыгында чечим кабыл алынышына көмөктөшөт.
24. Аракетке жөндөмсүз деп белгиленген тартипте таанылган адамдардын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн алынган өтүнүчтөр ал адамдын психикасынын бузулуусунун баяны жана даражасы жөнүндө маалыматта, психикалык абалына берилген бааны, анын өтүнүчүнө тиешелүү далилдерди түшүнүү жана туура кабыл алуу, маалыматтарды жана фактыларды айтып берүү жөндөмдүүлүгү жөнүндөгү маалыматтарды камтыган психиатриялык текшерүү жөнүндө медициналык корутундуну эске алуу менен каралат.
25. Адистештирилген дарылоочу-профилактикалык мекеменин корутундусу боюнча адамдын бир нерселерден коркуусу психиатриялык оорунун клиникалык көрүнүшү болгон арыз берүүчүнүн качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчүн кароо үчүн башка маалымат булактары: туугандары, достору, тааныштары же эгер дайындалган болсо - мыйзамдуу өкүлү тартылат.
26. Эгерде адистештирилген дарылоочу-профилактикалык мекеме арыз берүүчүнү психиатриялык жактан текшергенде анын психикалык оорусу (психикасынын бузулушу) бар жана ал өзү жасаган ишине, жүрүш-турушуна жооп бере албайт деген корутунду чыгарылса, ошондой эле анын куугунтуктоонун курмандыгы болуу коркунучунун негиздүүлүгүн баалоо үчүн башка маалымат булактарын табууга мүмкүндүк болбосо ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү бул адамдын өтүнүчүн кароону ал оорусунан айыкканга чейин токтото туруу жөнүндө жүйөсү баяндалган чечим кабыл алат. Эгерде мындай адам мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосуз өзү жалгыз келсе, анын расмий өтүнүчүн кароо убактылуу токтотулганы жөнүндө маалымат жана аны психиатриялык текшерүүнүн медициналык корутундусунун көчүрмөсү ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү тарабынан, Кыргыз Республикасынын аймагында бул адамдын укугун мындан ары коргоо максатында камкордук жана көзөмөлдүк кылуучу органдарга жөнөтүлөт.
27. Арыз берүүчү өтүнүчү каралып жаткан мезгилде анын өтүнүчү боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасынын аймаганда болууга укуктуу.
Эгерде арыз берүүчү чет мамлекетке туруктуу жашоо үчүн кетүүнү каалагандыгын билдирсе же өзү жараны болгон мамлекетке өз эрки менен кетмекчи болсо, ал өзүнүн өтүнүчүн андан ары кароону токтотуу жөнүндө арыз берүүсү зарыл.
Арыз берүүчү ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык түзүмдөрүнө тийиштүү арыз менен кайрылып, убактылуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алты айга чейин чыга алат.
Кыргыз Республикасынан сыртта убактылуу жашаган мезгил өтүнүчтү кароонун жалпы мөөнөтүнө кирбейт. Арыз берүүчү убактылуу чыгып кеткенден тартып Кыргыз Республикасына кайра келгенге чейин ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү өтүнүчтү кароону токтотуп турат.
Эгерде арыз берүүчү ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү менен байланышты жоготсо, алты айдын ичинде күбөлүктү өз убагында узартпаса жана анын турган жери аныкталбаса, анын өтүнүчүн кароо токтотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Болгон материалдарды жана документтерди талдоодон кийин ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери себептерин көрсөтүү менен арыз берүүчүнүн өтүнүчүнүн негиздүүлүгү же негизсиздиги жөнүндө корутунду даярдашат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү берилген өтүнүчтүн материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча арыз берүүчүнү качкын деп таануу же аны качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алышат. Чечимге ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмүнүн жетекчиси кол коёт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
30. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
31. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү качкын деп таанылган адамга качкындын күбөлүгүн беришет, ошонун негизинде ал беш иш күндүн ичинде келген жериндеги Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого турууга тийиш. Ошону менен бирге эле качкын өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүгүн анын өздүк делосуна тиркеп коюу үчүн өткөрөт.
Качкындын 18 жашка толгон үй-бүлө мүчөсүнө качкын ырастамасы берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү адамды качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө, ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча тийиштүү чечимдин көчүрмөсүн арыз берүүчүгө жеке кол койдуруу менен тапшырууга же баш тартуунун себебин жана кабыл алынган чечимди даттануу тартибин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кабарлоону жиберүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Кыргыз Республикасында качкын статусун алган адамдардын үй-бүлөсүндөгү балдарга билим берүү
33. Кыргыз Республикасынын аймагындагы качкындардын үй-бүлөсүндөгү балдар "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык билим алышат.
34. Мектептин аймагына таандык участокто жашап жатышкан качкындардын үй-бүлөсүндөгү мектеп жашындагы балдар алардын өздүк делосу бар же жоктугуна карабастан мектепке кабыл алынат.
35. Жалпы билим берүү мектептерде качкындардын үй-бүлөсүндөгү балдарга алардын социалдык жактан ыңгайлашуусу үчүн шарттар түзүлөт.
36. Качкындардын ичинен жетим балдар, көзөмөлсүз жана камкордуксуз калган балдар, ошондой эле өзгөчө муктаждыктары бар балдар белгиленген тартипте балдар үйлөрүнө жана тийиштүү интернат мектептерине орноштурулат.
V. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнгөн адам менен маектешүү
37. Арыз берүүчү менен маектешүү качкын деп таануу жөнүндө арыздын негиздүү экендигин аныктоо, маалымат алуу максатында жүргүзүлөт.
38. Маектешүү өзүнчө бөлүнгөн бөлмөдө, тиешеси жок башка адамдарды кошпостон жүргүзүлөт. Эгерде арыз берүүчү мамлекеттик же расмий тилди билбесе же маектешүүчү адам арыз берүүчү түшүнгөн тилди билбесе, котормочу чакыруу жөнүндө маселе каралат.
39. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү жиберген котормочуга ишеними болбосо, арыз берүүчү өз котормочусун алып келсе болот. Маектешип жаткан кызматкердин жана котормочунун катышуусунда арыз берүүчү ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча котормочуга ишеним көрсөтүү жөнүндө бланкты толтурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Маектешүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарууга жана анын макулдугусуз арыз берүүчүнүн өлкөсүнүн бийликтерине же башка адамдарга берүүгө болбойт.
41. Арыз берүүчү толук жана туура маалымат берүүгө милдеттүү. Ал ошондой эле баш калка издөөгө негиз болгон себептерди толук айтып берүүгө тийиш. Жашаган жери, келген маршруту, башка өлкөлөрдө болгон жерлери жана убактысы жөнүндө маалыматтар милдеттүү деп эсептелет.
42. Ким экендигин билдирүүчү документтери жок арыз берүүчү менен маектешкенде арыз берүүчү анын ким экендигин далилдөөчү маалыматтарды берүүгө тийиш.
43. Маектешүү учурунда алынган маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык түзүмүнүн кызматкери ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча суроо баракчасына жазат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмүнүн кызматкери суроо баракчасын тариздегенден кийин анын мазмунун арыз берүүчүгө жеке өзү же котормочу, көзөмөлдүк жана камкордук кылуучу органдын өкүлү аркылуу тааныштырат. Эгер сүйлөшүү котормочу аркылуу болсо - котормочу, көзөмөлдүк жана камкордук кылуучу органдардын өкүлү катышса, таризделген суроо баракчасына арыз берүүчү жана ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмүнүн кызматкери маектешүү өткөрүлгөн күндү көрсөтүү менен кол коюшат.
45. Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамдуу өкүлдөрүсүз (ата-энеси, багып алуучусу, камкорчусу, көзөмөлдүк кылуучусу) жана анын жүрүш-турушу, багылышы жана тарбияланышы үчүн ыктыярдуу жоопкерчиликти алган адамдарсыз өзү жалгыз келген он сегиз жашка толо элек адам менен маектешүү жүргүзгөн учурда ыйгарым мамлекеттик орган же анын аймактык түзүмдөрү маектешүүгө катышуу үчүн көзөмөлдүк жана камкордук кылуучу органдын өкүлүн чакырышат.
46. Зарыл болсо арыз берүүчү менен кошумча маектешүү жүргүзүлөт. Маектешүү учурунда кошумча аңгемелешүүнүн протоколу толтурулат жана анын ар бир барагына арыз берүүчү, ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмүнүн кызматкери кол коюшат. Кошумча маектешүүнүн протоколу расмий өтүнүчтүн материалдарына тиркелет.
VI. Качкын статусун жоготуу
47. Кыргыз Республикасында качкын статусун жоготуу, Кыргыз Республикасынын качкындар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын сунушу боюнча, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана Кыргыз Республикасында качкындын статусун жоготууга негиз болуучу шарттарды аныкташкан учурларда Кыргыз Республикасында анын качкын статусун жоюу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
Зарыл болсо сунушту жиберген органдан бул сунуштун негиздүүлүгүн далилдөөчү кошумча документтер же маалыматтар суралышы мүмкүн.
49. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү берилген материалдарды карап чыккандан кийин, бирок качкын статусун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуудан бир айдан кем эмес мурда, Кыргыз Республикасында качкын статусун токтотушу мүмкүн болгон себептерди көрсөтүү менен качкынга ага байланыштуу түшкөн сунуш жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлашат. Бул кабарлоодо качкынга анын качкындык статусун жокко чыгаруу жөнүндө сунушту жиберген органдын мыйзамга ылайыксыз иштери жөнүндө ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык түзүмдөрүнө жүйөөлүү себептерин көрсөтүү менен кат жүзүндөгү арыз берүүгө жана өзүнүн ою боюнча, качкын статусун жокко чыгаруу жөнүндө сунуштун материалдарын кароодо эске алынышы керек деп эсептеген документтерди көрсөтүүгө укуктуу экендиги көрсөтүлөт.
50. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү качкын статусун жокко чыгаруу жөнүндө чечимдин долбоорун тийиштүү сунушту жана качкындын арызын эске алуу менен даярдашат жана аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине жана аймактык түзүмдүн башчысына кол коюуга беришет.
Сунушта адамдын Кыргыз Республикасындагы качкын статусун жокко чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мыйзамдык негиздер жок болсо, ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык түзүмдөрү улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын сунушун кабыл албаса болот жана бул органдарга анын себебин көрсөтүү менен билдирилет.
51. Ыйгарым укуктуу орган качкын статусу жокко чыгарылганы жөнүндө кабыл алынган чечим тууралуу чечимди кабыл алууга демилгечи болгон органга билдирет жана чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде качкын статусун жоготкон адамга кабыл алынган чечим жана качкын күбөлүгүн жараксыз деп таанылгандыгы жөнүндө ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык формадагы кабарлоону тапшырат же жиберет. Кабарлоодо качкын статусун жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуунун себептери жана анын үстүнөн даттануу тартиби көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Корутунду жоболор
52. Качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө, качкын статусун жокко чыгаруу жөнүндө чечимдердин үстүнөн сотто даттануу укугун пайдаланып жаткан адам Кыргыз Республикасынын аймагында соттун акыркы чечими чыкканга чейин болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Арызды кароого кабыл алуу жөнүндө соттун аныктамасынын негизинде ички иштер органдары ушул Жобонун 52-пунктунда көрсөтүлгөн адамын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүсүн уюштурууну токтотуп турушат жана анын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтүн арызы сотто каралуучу мезгилге узартышат.
|
| Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Ыйгарым укуктуу орган |
|
|
__________________________________ |
|
|
__________________________________ |
|
|
__________________________________ |
|
|
ӨТҮНҮЧ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
Мени Кыргыз Республикасынын аймагында качкын деп таанууну өтүнөм. Аты-жөнү: ________________________________________________________________________ Жарандыгы таандык мамлекет: ______________________________________________________ Мурда жашаган өлкөсү (жарандыгы жок адамдар үчүн): _________________________________________________________________________________ Туулган жери жана датасы: _________________________________________________________ Кыргыз Республикасында жашаган дареги: ____________________________________________ Ким экендигин аныктаган документ: __________________________________________________ Мени менен төмөнкүлөр кошо жүрөт (үй-бүлө мүчөлөрүн жана туугандык даражасын көрсөтүү): 1. ______________________________________________________________________________ 2. ______________________________________________________________________________ 3. ______________________________________________________________________________ 4. ______________________________________________________________________________ Кайрылуунун себептери/жагдайлары (толук жазуу): ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ (өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу документтер менен материалдар тиркелет жана ага Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 20-пунктунда каралган учурлардан сырткары, арыз берүүчү жеке өзү кол коёт).
"___" ________________ 20___-ж. Арыз берүүчүнүн колу. |
|
2-тиркеме
Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамдардын ЭСЕП ЖУРНАЛЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Ф.А.А. | Катталган күнү | Үй-бүлө мүчөлөрү | Жарандыгы, улуту | Паспорт № | Келүүчү өлкө | Эскертүү |
3-тиркеме
Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамды эсепке алуунун КАТТОО КАРТОЧКАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
Сүрөт |
|
| Делонун номери ___________ | Каттоо күнү _________________________ |
1. Ф.А.А. ____________________________________________________________________
2. Туулган күнү _______________________________________________________________
3. Туулган жери (өлкө, облус, шаар) _____________________________________________
4. Жарандыгы ________________________________________________________________
5. Улуту _____________________________________________________________________
6. Билими ___________________________________________________________________
7. Туулган өлкөдөн чыккан күнү _________________________________________________
8. Кыргыз Республикасына келгенге чейин болгон өлкө (дарегин көрсөтүү менен) ______
____________________________________________________________________________
9. Кыргыз Республикасына келген күнү ___________________________________________
10. Документтин тиби __________________________________________________________
11. Документтин сериясы, номери (ким тарабынан берилген) _________________________
12. Арыз берүүчүнү коштогон үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандык жайы:
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
13. Кыргыз Республикасында жашаган туугандары (Ф.А.А.), дареги көрсөтүлөт: _________
_____________________________________________________________________________
14. Кыргыз Республикасында кепил болгон адамдын аты жана дареги _________________
_____________________________________________________________________________
15. Кыргыз Республикасындагы дареги ____________________________________________
16. Маектешкен күн: ___________________________________________________________
17. Арыз берүүчүнүн колу: ______________________________________________________
18. Кыргыз Республикасында Сизге качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүүгө себеп
болгон негизги жагдайларды жана себептерди көрсөтүңүз:
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
19. Кызматтык белгилер (ыйгарым укуктуу органдын кызматкери толтурат):
20. Кызматкердин кызмат орду, аты, фамилиясы жана колу.
4-тиркеме
Ыйгарым укуктуу органдын аталышы, үч сапта
Ыйгарым укуктуу органдын бурчтуу мөөрү
Ф.А.А. __________________________________
Дареги _________________________________
Делонун № ______________________________
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
Ыйгарым укуктуу орган __________________________________________________________
Кыргыз Республикасына төмөнкүдөй үй-бүлө мүчөлөрү менен келген
____________________________________________ (мамлекеттин аталышы) жаранынын/же
жарандыгы жок адамдын __________________________________________ арыз берүүчүнүн
Ф.А.А. Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч катын карап чыгып:
1. _________________________________________________________________________,
2. _________________________________________________________________________,
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык качкын статусун
берүүдөн баш тартты (эгерде аны качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамда
1-беренеде каралган негиздер жок болсо, ал адам Кыргыз Республикасында качкын деп
таанылышы мүмкүн эмес).
Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө арыз берүүчү тарабынан
сотко даттанылышы мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу ____________________________________
Чечимдин көчүрмөсүн берген дата 20____-жылдын "___" __________________
Арыз берүүчүнүн колу ______________________________________________.
|
| Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Ыйгарым укуктуу органдын аталышы |
|
|
___________________________________ |
|
|
___________________________________ |
|
|
___________________________________ |
|
|
Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч боюнча котормочуга ишеним бланкы
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
20__-жылдын "___" ______________ Делонун №
Мен ___________________________________________________________________________ (арыз берүүчүнүн аты-жөнү) _____________________________________________________________________ жараны же (мамлекеттин аталышы) ______________________________________________________________________ дарегинде жашаган жарандыгы жок адам Мен: (X белгисин коюңуз) - өзүм сунуштаган £ - ыйгарым укуктуу орган сунуштаган £ котормочуга толук ишенем. Котормочунун аты-жөнү ____________________________________________________________, Котормочунун жашаган дареги ______________________________________________________, Котормочунун паспорттук маалыматтары _____________________________________________. 2. Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү каттоодо/Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү боюнча аңгемелешүүдө мен өзүм кол койгон документтин (котормочуга ишеним бланкын) жана башка документтердин мазмуну мага белгилүү экендигин ырастайм 20___-жылдын "____" ____________ _____________________ (арыз берүүчүнүн колу жана дата) 3. Мен, котормочу _________________________________________________________________ (аты-жөнү) ушул котормочуга ишеним бланкына арыз берүүчүнүн ________________________________________________________________________________ (арыз берүүчүнүн аты-жөнү) 20__-жылдын "___" ___________ ____________________ кол койгондугун ырастайм. (котормочунун колу жана дата) 4. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери: _________________________________________________, 20___-жылдын "___" _____________ (кызматкердин аты-жөнү, колу жана дата) (документ арыз берүүчү тарабынан котормочу аркылуу, котормочу же ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан толтурулат). |
|
|
| "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобого 6-тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
Ыйгарым укуктуу органдын аталышы |
|
|
___________________________________ |
|
|
___________________________________ |
|
|
___________________________________ |
|
|
Ыйгарым укуктуу органдын бурчтуу мөөрү |
|
|
|
| Аты-жөнү __________________________ |
|
| Дареги ____________________________ |
|
| Делонун № _________________________ |
Ыйгарым укуктуу орган ________________________________________________________________ 20___-жылдын "___" ________________________ Кыргыз Республикасында качкын деп таанылган ___________________________________________________________________________ жараны (мамлекеттин аталышы) же жарандыгы жок адам _______________________________________________________________ (аты-жөнү) боюнча иштин жагдайын карап чыгып, "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде өзүнүн 20___-жылдын "___" __________ чечими менен төмөнкүдөй себептер боюнча аны качкын статусун жоготту деп эсептейт: ___________________________________________________ ___________________________________________________________________________________.
Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу: Чечимдин көчүрмөсү берилген дата: 20___-жылдын "___" ______________ Колу (качкын статусун жоготкон адамдын) ____________________________. |
| |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Ыйгарым укуктуу орган _________________________________________________
СУРАМЖЫЛОО БАРАКЧАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-августундагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Делонун номери: _______________________ |
|
| Катталган дата: ________________________ |
Кызматкердин аты-жөнү/ээлеген кызматы __________________________________________________
Котормочунун аты-жөнү _________________________________________________________________
1-бөлүк. Арыз берүүчү жөнүндө жеке маалыматтар
1. Фамилиясы _________________________________________________________________________
2. Аты _______________________________________________________________________________
3. Атасынын аты ______________________________________________________________________
4. Туулган датасы (күнү/айы/жылы) _______________________________________________________
5. Туулган жери (айылы, району, шаары, өлкөсү) ____________________________________________
6. Жарандыгы ________________________________________________________________________
7. Улуту (этностук таандыгы) ____________________________________________________________
8. Тутунган дини ______________________________________________________________________
9. Эне тили __________________________________________________________________________
10. Башка кайсы тилдерди билесиз (билүү деңгээли) ________________________________________
11. Жынысы _________________________________________________________________________
12. Ким экендигин аныктаган документтер: ________________________________________________
Кыргыз Республикасына кирүү үчүн колдонулган документтер:
____________________________________________________________________________________
13. Үй-бүлөлүк абалы (бойдок, үйлөнгөн, ажырашкан, жесир/жесил) ____________________________
14. Жарандыгы таандык болгон өлкөдө/туруктуу жашаган жеринде акыркы жашаган жеринин толук дареги (жарандыгы жок адамдар үчүн): ___________________________________________________
15. Билими: Билимиңиз барбы? Ооба/Жок. Бар болсо, төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:
Окуу жайы | Жайгашкан орду | Окуу мезгили | Алган квалификациясы | Билими жөнүндө документ |
|
|
|
|
|
16. Аскер кызматы: Сиз армияда кызмат өтөгөнсүзбү? Ооба/Жок. Өтөгөн болсоңуз төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:
Аскер бөлүгүнүн аталышы | Жайгашкан орду | Кызмат өтөгөн мезгили | Наамы | Функциялык милдеттери |
|
|
|
|
|
17. Жарандыгы таандык болгон өлкөдө/туруктуу жашаган жеринде иштеген ишинин түрү (жарандыгы жок адамдар үчүн): ___________________________________________________________________
1) жарандыгыңыз таандык болгон өлкөдө/туруктуу жашаган жериңизде иштегенсизби? (жарандыгы жок адамдар үчүн). Ооба/Жок
Уюмдун аталышы | Жайгашкан орду | Иштеген мезгили | Кызмат орду |
|
|
|
|
|
|
|
|
18. Саясий, диний же башка коомдук иш: _________________________________________________
___________________________________________________________________________________
1) сиз же сиздин үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү кандайдыр бир саясий, диний же башка коомдук уюмдардын ишине катышканбы? Ооба/Жок.
2) уюмдун аталышы __________________________________________________________________
3) уюмдун ишинин мүнөзү _____________________________________________________________
4) уюмдун ишине сиздин катышууңуз ____________________________________________________
5) уюмда иштеген мезгилиңиз __________________________________________________________
6) сиз азыркы учурда уюмдун ишине катышасызбы _________________________________________
19. Арыз берүүчүнү коштоп жүргөн туугандары - ата-энеси, жубайы, балдары, багып алган балдары, бир тууган жана бир тууган эмес ага-инилери, эже-сиңдилери/карындаштары, чоң атасы, чоң энеси, неберелери:
Аты-жөнү | Туугандык даражасы | Туулган датасы | Жарандыгы | Жашаган жери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1) арыз берүүчүнү коштоп жүрбөгөн жарандыгы таандык өлкөдө/туруктуу жашаган жеринде жашап калган туугандары - ата-энеси, жубайы, балдары, багып алган балдары, бир тууган жана бир тууган эмес ага-инилери, эже-сиңдилери/карындаштары, чоң атасы, чоң энеси, неберелери (жарандыгы жок адамдар үчүн):
Аты-жөнү | Туугандык даражасы | Жынысы | Туулган датасы | Ишинин түрү | Статусу | Жашаган жери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2) арыз берүүчүнү коштоп жүрбөгөн жана азыркы учурда жарандыгы таандык өлкөдөн/туруктуу жашаган жеринен башка жерде, анын ичинде Кыргыз Республикасында жашап жаткан үй-бүлө мүчөлөрү:
Аты-жөнү | Туугандык даражасы | Жынысы | Туулган датасы | Статусу | Жашаган жери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
20. БУУнун Качкындар иштери боюнча Башкы комиссарынын башкармалыгына кайрылдыңыз беле? Ооба/Жок (эгерде кайрылган болсоңуз качан жана кайсы жерде экенин көрсөтүңүз)
_________________________________________________________________________________
1) сиздин кайрылууңуздун натыйжасы _________________________________________________
2) мурда кайсы бир өлкөдө башпаанек алууга арыз бердиңиз беле? (эгерде берген болсоңуз качан жана кайсы жерде көрсөтүңүз) _______________________________________________________
_________________________________________________________________________________
3) сиздин кайрылууңуздун натыйжасы _________________________________________________
4) кайсы бир дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө же эл аралык уюмдарда каттоого алынгансызбы?
_________________________________________________________________________________
21. Туулган өлкөсүнөн чыгуу: ________________________________________________________
1) жарандыгы таандык өлкөнүн/туруктуу жашаган жеринин чек арасын кесип өтүү датасы жана жери (жарандыгы жок адамдар үчүн): __________________________________________________
2) сиз жарандыгыңыз таандык өлкөдөн/туруктуу жашаган жериңизден мыйзамдуу же мыйзамсыз чыгып кеттиңизби? (жарандыгы жок адамдар үчүн): ______________________________________
3) жүрүү маршруту:
Болгон жерлерди көрсөтүү менен жүрүү маршруту | Баштап (күнү/айы/жылы) | Чейин (күнү/айы/жылы) | Болууга уруксат берген документ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
22. Кыргыз Республикасына кирүү: ___________________________________________________
(дата)
1) сиз Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамдуу же мыйзамсыз өттүңүзбү? (кененирээк токтолуңуз): ______________________________________________________________________
2) сиз Кыргыз Республикасында мурда болдуңуз беле? Ооба/Жок (эгерде болсоңуз келген датаны, болгон мезгилди, келүү максатын көрсөтүңүз) ___________________________________________
2-бөлүк. Арыз берүүнүн жүйөлөрү(*)
Сиз эмнеден коркосуз? (болгондорду кенен жана эркин формада жазуу)
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
(*) берилүүчү суроолор жана айтылуучу маалыматтар тараптардын каалоосу боюнча кененирээк болушу мүмкүн;
(*) ар бир суроого кошумча аңгемелешүү протоколунун барактары колдонулушу мүмкүн.
1. Сиздин коркууларыңыз эмнеге негизделет, жеке тажрыйбаңызгабы же башкалардын тажрыйбасынабы? ________________________________________________________________
2. Сиз жарандыгыңыз таандык болгон өлкөдө/туруктуу жашаган жериңизде (жарандыгы жок адамдар үчүн) зомбулукка, кармоого, камоого, түрмөгө отургузууга же коркунуч жараткан башка аракеттерге дуушар болдуңуз беле? Ооба/Жок (эгерде дуушар болсоңуз качан, ким тарабынан, кандай формада жана эмне себептен экенин көрсөтүңүз)
_________________________________________________________________________________
3. Сиз ушуга байланыштуу жарандыгыңыз таандык болгон өлкөдө/туруктуу жашаган жериңизде коргоо жана жардам алуу үчүн мамлекеттик органдарга кайрылдыңызбы (жарандыгы жок адамдар үчүн)? Ооба/Жок (эгерде кайрылган болсоңуз кененирээк көрсөтүңүз).
4. Сиздин кайрылууңуздун натыйжасы ________________________________________________
5. Сиздин жазгандарыңызды ырастоочу кандайдыр бир далилдер барбы?
________________________________________________________________________________
6. Сиздин оюңуз боюнча жарандыгыңыз таандык болгон өлкөгө/туруктуу жашаган жериңизге кайтканда Сизди жана Сиздин үй-бүлө мүчөлөрүн эмнелер күтүшү мүмкүн (жарандыгы жок адамдар үчүн)?
________________________________________________________________________________
Эскертүү: Мен сурамжылоо барагында көрсөтүлгөн маалымат өз сөзүмдөн туура жазылгандыгын, мага окуп берилгендигин, которулгандыгын өз колум менен ырастайм.
Арыз берүүчүнүн колу: ___________________________________ Дата: ____________________
Котормочунун колу: _______________________________________________________________
Кызматкердин аты-жөнү жана колу __________________________________________________